Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 21-декабры ПЖ № 401
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пунктта:
6-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 7-пунктча менен толукталсын:
"7) календардык жылдын аягында орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы.".
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төрт айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө сый акыларды төлөөнү жөнгө салуучу ченемдерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына эмгек акы төлөөнүн колдонуудагы шарттарынан алып салуу боюнча ишти жүргүзүү сунушталсын.
3. Бул Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген 1-пункттун төртүнчү, бешинчи абзацтарын кошпогондо, кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |