Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 13-январы ПЖ № 4
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1..Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:
− II бөлүмдүн 4-главасынын 9-пунктунда:
төмөнкүдөй мазмундагы «Жогорку кызмат орду» тобу менен толукталсын:
«
Жогорку кызмат орду | ||
Ж-Б | Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары рангындагы аппараттын жетекчиси (*) (***) | |
»;
Б-А категориясы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«
Б-А | Аппараттын жетекчиси Башкармалыктын начальниги (*) (***) | Аппараттын жетекчиси |
»;
−.II бөлүмдүн 1–4-главаларына эскертүү төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
«(***).–..административдик мамлекеттик кызмат орду 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгилге пилоттук негизде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында киргизилет.».
2..Бул Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет жана расмий жарыяланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын Президенти | С.Н. Жапаров |