Загрузка документа…
КР Президентинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 30-январындагы ПЖ № 15 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуунун ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Жалпы жоболор
1. Бул Эрежелер "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул Эрежелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Мамлекеттик агенттик) административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кабыл алуу маселелерин жөнгө салат.
2. Кызмат орундарын ээлөөнүн жол-жоболору
3. Мамлекеттик агенттиктин бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөө бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) тандоо жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекеттик агенттиктин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына квалификациялык талаптар төмөнкүлөргө карата талаптарды камтыйт:
- стажга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө;
- тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунда иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына;
- кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жапа англис тилдерин билүүсүнө;
- тиешелүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордунда ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон билгичтикке жана көндүмдөргө.
5. Мамлекеттик агенттиктин ар бир административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна квалификациялык талаптар Мамлекеттик агенттик тарабынан бекитилет.
6. Мамлекеттик агенттиктин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарына (түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине) жалпы квалификациялык талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:
- жогорку билими;
- тиешелүү кесиптик чөйрөдө 4 жылдан кем эмес иш стажы;
- билүүсү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле жарандык авиация тармагындагы мыйзамдарды;
менеджменттин негиздерин;
кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө кыргыз, орус жана англис тилдерин;
башка чет тилин (мүмкүн болушунча);
- билгичтик:
ишти стратегиялык пландоо жана келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүгө жаңы ыкмаларды колдонуу;
тескеген түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин натыйжалуу башкаруу;
кризистик кырдаалдарда чечимдерди кабыл алуу жана кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызматкерлердин алдына так аныкталган милдеттерди коюу жапа алардын ишин объективдүү баалоо;
жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жапа адамдардын ортосундагы баарлашуунун заманбап методдорун колдонуу;
көйгөйлүү кырдаалдарды өз убагында аныктоо жана чечүү;
чыр-чатактык кырдаалдарды жөнгө салуу;
- көндүмдөр:
башкаруу менеджменти;
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
башкаруу иши (пландоо, уюштуруу, координациялоо, мотивациялоо жана контролдоо);
эл алдында сүйлөө, кыргыз, орус жана англис тилдеринде иштиктүү кат алышуу;
белгилүү бир чөйрөдөгү ишти талдоо жана болжолдоо, келип чыккан көйгөйлөрдү чечүүдө жаңы ыкмаларды колдонуу;
башкаруу чечимдерин оперативдүү ишке ашыруу жана стратегиялык чечимдердин сапаттуу аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартуу, кабыл алынуучу чечимдердин кесепеттерине мониторинг жүргүзүү, контролдоо, талдоо жана болжолдоо;
иштиктүү баарлашуунун жана кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү;
компьютерди жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.
7. Төмөнкү адам бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө талапкер боло албайт:
1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;
2) мыйзамда белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу бар.
8. Мыйзамдарга ылайык жумуш орду сакталган, убактылуу жок болгон мамлекеттик кызматчынын милдеттерин убактылуу аткаруу үчүн кабыл алынуучу талапкерлер алмаштыруучу кызмат ордуна коюлуучу бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
9. Талапкерлерди тандоо эки этапты камтыйт: тандоо жана аңгемелешүү.
Тандоодо талапкердин ушул Эрежелердин 4, 5, 6-пункттарында көрсөтүлгөн бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык келүүсү, ошондой эле функциялык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон анын билими, билгичтиги жана көндүмдөрү Мамлекеттик агенттикте эссе жазуу жана тестирлөө жолу менен аныкталат.
Аңгемелешүү талапкердин инсандык жана кесиптик-иштиктүү сапаттарын, келечектеги жумушу жөнүндө көз карашын, күтүүлөрүн, мотивациясын аныктоо үчүн аны менен маектешүү түрүндө жүргүзүлөт.
3. Тандоо жүргүзүүнүн шарттары жана тартиби
10. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат орду пайда болгон учурда, биринчи кезекте Мамлекеттик агенттиктин ички кадрлар резервинде турган, коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык келген адамдардын арасынан тандоо жүргүзүлөт. Мамлекеттик агенттиктин ички кадрлар резервинде турган адамдардын арасынан тандоо үч жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик агенттиктин ички кадрлар резервинде турган адамдар аңгемелешүүдөн гана өтөт.
11. Ички резервде квалификациялык талаптарга ылайык келген талапкерлер жок болгон учурда, Мамлекеттик агенттиктин веб-сайтында бош кызмат орду жөнүндө кулактандыруу жайгаштырылат.
12. Кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Мамлекеттик агенттиктин кадр маселелери боюнча түзүмдүк бөлүмү талапкерлердин документтерин кабыл алат.
13. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөөгө талапкерлерди тандоо үчүн Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен конкурстук комиссия (мындан ары - комиссия) түзүлөт.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөр кирет:
- Мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары;
- Мамлекеттик агенттиктин кадр жана юридикалык маселелер боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери);
- Мамлекеттик агенттиктин башка түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери (адистери);
- Мамлекеттик агенттиктин кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы;
- Мамлекеттик агенттиктин этика боюнча комиссиясынын төрагасы;
- Мамлекеттик агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адамы.
Мамлекеттик агенттиктин административдик мамлекеттик жарандык кызмат орундарын ээлеген кызматкерлери комиссиянын мүчөлөрү болуп саналат. Комиссиянын жок мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
14. Талапкерлердин кесиптик билимин текшерүү үчүн комиссия тиешелүү багыттардагы адистерди тарта алат.
15. Комиссия:
- берилген документтерди карайт жана тиешелүү кызмат ордуна коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечимди кабыл алат;
- талапкердин кесиптик, атайын билимин, билгичтигин жана көндүмдөрүн текшерет жана аңгемелешүү өткөрөт;
- тандоодон өткөн талапкерди бош кызмат ордуна дайындоого сунуштоо же дайындоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Конкурсту өткөрүүнүн мөөнөттөрү Мамлекеттик агенттиктин комиссия түзүү жөнүндө буйругунда көрсөтүлөт.
17. Комиссиянын жыйналышы эгерде ага анын жалпы курамынын үчтөн экисинен кем эмеси катышса, укуктуу деп эсептелет. Комиссиянын чечими эгерде ага анын жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелет. Добуштар тең болгон учурда төрагалык кылуучунун добушу чечүүчү болуп саналат.
4. Тандоо этаптары
18. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордун ээлөө үчүн төмөнкүдөй документтер берилет:
- жеке арызы, кадрларды эсепке алуу баракчасы, фотосүрөт;
- паспорттун же ким экендигин күбөлөндүргөн документтин көчүрмөсү (паспорттун же ким экендигин күбөлөндүргөн документтин түп нускасы маектешүүгө келгенде көрсөтүлөт);
- зарыл болгон кесиптик билимин, иш стажын жана квалификациясын ырастоочу (эмгек китепчесинин көчүрмөсү, билими, квалификациясын жогорулатуу, окумуштуулук даражаны жана окумуштуулук наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү), нотариалдык же иштеген жери боюнча персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн документтердин көчүрмөлөрү;
- берилген датадан тартып 3 айдын ичинде жарактуу мөөнөтү менен соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- мурдагы иштеген жеринен сунуштама каттар.
19. Мамлекеттик агенттик талапкер тарабынан берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгын атайын текшерүүнү, анын ичинде соттуулугунун жоктугун, кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылбаганын, терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринде болбогондугун атайын текшерүүнү уюштурууга укуктуу.
20. Берилген документтерди кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия алардын тийиштүү административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктыгы жана талапкерди аңгемелешүүгө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат.
21. Бош административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна тандоодон ийгиликтүү өткөн адамды дайындоого сунуш Мамлекеттик агенттиктин жетекчисине комиссиянын төрагасы тарабынан киргизилет.
22. Административдик мамлекеттик жарандык кызмат ордуна талапкерди дайындоо жөнүндө чечим Мамлекеттик агенттиктин буйругу менен белгиленген тартипте таризделет.