Загрузка документа…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 17 Жарлыгына) |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик СТРАТЕГИЯСЫ
1-глава. Киришүү
1. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы (мындан ары - Стратегия) коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын сапаттуу аткарууга багытталган, кесипкөй мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу кадрдык аппаратын түзүү максатында иштелип чыккан, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрдык потенциалын жогорулатуу боюнча чараларды, кадрларды тандоонун жана карьералык илгерилетүүнүн бирдиктүү жол-жоболору аркылуу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына дайындоодо жарандардын бирдей укуктарынын кепилдиктерин аныктайт.
2-глава. Кырдаалды талдоо
2. 2004-жылдан тартып Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкаруу органдарында кадрларды тандоо жана жайгаштыруу системасын мыйзамдык негизде өркүндөтүү, анын ичинде конкурстук тандоо аркылуу компетенцияларга ылайык мамлекеттик кызматка кирүү жана өтөө маселелери боюнча иштер башталган.
3. 2004-жылы мамлекеттик кызмат маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мыйзамдуу түрдө аныкталган, анын функцияларына мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө саясатты түзүү жана бул чөйрөдөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү кирген. 2012-жылы муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү функциялары ушул органдын карамагына өткөрүп берилген.
4. 2016-жылдан тартып мыйзамдык базаны иштеп чыгуу аркылуу жарандык, аскердик, укук коргоо, дипломатиялык кызматты жана муниципалдык кызматты камтыган мамлекеттик кызматтын бирдиктүүлүгү камсыз кылынган. Муниципалдык кызматтын статусу мамлекеттик кызмат менен теңдештирилген. Бул мамлекеттик жана муниципалдык органдардын ортосунда кызматчыларды ротациялоого, кызматчыларга бирдиктүү социалдык кепилдиктерди камсыз кылууга, ошондой эле кызмат өтөөнүн башка механизмдерин жөнгө салууга мүмкүндүк берди.
5. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүчү талапкерлер үчүн мыйзамдык базаны билүү деңгээлин аныктоо максатында 2010-жылдан бери компьютердик тестирлөө системасы киргизилген, ал бүгүнкү күнгө чейин колдонулууда. Өлкөнүн бардык облустук борборлорунда тестирлөө пункттары уюштурулган. Тестирлөө системасы тынымсыз модернизацияланып турган, натыйжада акыркы жылдары адам факторунун таасирин минималдаштырууга жана талапкерлердин жөндөмдөрүн, анын ичинде кесиптик компетенцияларын жана логикасын аныктоого мүмкүндүк берүүчү жаңы технологияларды киргизүүгө өбөлгө түзүлгөн.
6. 2021-жылга чейин мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруунун төмөнкү институттарды камтыган системалары мыйзамдык деңгээлде иштеп келген: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңеш, мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, статс-катчылар жана мамлекеттик органдардын, шаарлардын мэрияларынын аппарат жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн жооптуу катчылары, адам ресурстарын башкаруу кызматтары (адистери).
7. Кадрлардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу жагынан 2013-жылдан бери ар жылдык мамлекеттик заказдын (мындан ары - Мамзаказ) алкагында аларды кайра даярдоо системасы киргизилген, ага ылайык Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана башка билим берүү мекемелеринин базасында 3000ге жакын кызматчыларды окутуу пландалган.
8. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу практикасына санариптештирүү процесстери активдүү киргизилүүдө. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадрдык процесстерди оптималдаштырууга багытталган "e-Kyzmat" автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыккан жана 2016-жылдан бери иштеп жатат. Кызмат орундарга талапкерлерди компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүгө өтүнмө берүү, иштеген жеринен, соттуулугунун бар же жоктугу жөнүндө, билими тууралуу дипломду ырастоо, эмгек стажы тууралуу маалымкаттарды суроо жол-жоболору автоматташтырылган. Системага муктаждыктарга жана алдынкы тажрыйбага негизделген жаңы модулдар киргизилүүдө. Бул санариптик платформанын базасында Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы сыяктуу башка системалар иштейт.
9. Акыркы бир жылда кадрларды тандоо системасы өзгөрдү. Жаңы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине кадрлардын резервдерин түзүү, ачык конкурс өткөрүү жана мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында түзүлгөн кадрлар резервинен бош кызмат орундарына дайындоо жолу менен аппаратты түзүүдө маанилүү роль берилген.
Мындан тышкары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын (региондук резерв) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (муниципалдык резерв) жетектөөчү кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резерви түзүлгөн.
2021-жылдан баштап кызматчылардын ишмердүүлүгүн баалоо системасынын ордуна кызматчыларды аттестациялоо системасы киргизилген. Кызматчылардын кызмат өтөө жана социалдык кепилдиктеринин айрым ченемдери өзгөртүүлөргө дуушар болду.
3-глава. Стратегиялык максат жана кадрларды өнүктүрүү жана түзүү принциптери
10. 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн стратегиялык максаты - коомго ак ниет кызмат кылууга, мамлекеттин максаттарын, милдеттерин жана функцияларын сапаттуу аткарууга багытталган кесипкөй мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын натыйжалуу кадрдык аппаратын түзүү.
11. Бул Стратегия мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта реформаларды ишке ашырууда негизги стратегиялык документ болууга арналган.
12. Укуктук, уюштуруучулук жана социалдык институт катары мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын системасын калыптандыруу жана натыйжалуу иштетүү төмөнкү принциптерде иштеген мыйзамдуу бекитилген негиздерди кеңейтүүнү талап кылат:
- кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана меритократияны чыңдоо;
- этикалык стандарттарды сактоо, кызматчыларда жогорку руханий-адептик сапаттардын болушу;
- кабыл алынган чечимдер жана иштин натыйжалары үчүн кызматчылардын жоопкерчилиги;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик сиңирген эмгегинин негизинде кызмат орду боюнча илгерилеши;
- кызматчыларга эмгек акы төлөөдө бирдей жана адекваттуу мамиле кылуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсү, алардын иши боюнча маалыматтын ачыктыгы.
4-глава. Стратегиянын милдеттери жана багыттары
13. Бул Стратегиянын максатына жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди жана чараларды ишке ашыруу зарыл:
1) мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасынын натыйжалуулугун камсыз кылуу:
- мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын ишке ашырылышынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызматчылардын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын персоналды башкаруу кызматтарынын ишин кайра форматтоо;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин активдештирүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын маалыматтык ишин активдештирүү;
- кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү;
- мамлекеттик кызматтын мыйзамдык базасын системалаштыруу;
2) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү:
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны ушул Стратегияга ылайык келтирүү;
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын алдынкы эл аралык практиканы эске алуу менен өркүндөтүү;
3) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызматка кабыл алууда жарандарга бирдей укуктарды камсыз кылууну эске алуу менен кызмат орундарына тандоонун жол-жоболорун унификациялоо:
- кадрлар резервдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- кызмат орундарына бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык компетенттүү кадрларды тандоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
4) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын потенциалын арттыруу:
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын максаттарына жана милдеттерине жетишүүдө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин киргизүү;
- кызматчылардын квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбаны жана алдынкы практиканы колдонуу;
- мамлекеттик башкаруу системасына перспективдүү кадрларды тартуу;
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты методикалык коштоону камсыз кылуу;
- кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарын канааттандыруу жагына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү (даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу), ошондой эле башкаруунун жаңы технологияларын киргизүү системасын күчөтүү;
- персоналды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүнүн тармактык системаларын түзүү;
- ЖОЖдор менен өз ара аракеттенүү системасын калыптандыруу;
5) компетенциясынын жана эмгегинин негизинде кызматчылардын карьералык жогорулоосу:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьералык пландоосунун жана кызматтык жогорулоосунун бирдиктүү системасын киргизүү;
- жаш адистер үчүн насаатчылык системасын киргизүү;
- мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын жана карьералык өсүшүн максаттуу башкаруу системасын түзүү;
6) коррупцияга каршы чараларды күчөтүү менен кызматчылардын этикалык стандарттарын бекемдөө:
- мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы маданиятты, жалпы таанылган адеп-ахлактык принциптерди калыптандыруу;
- мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу механизмин иштеп чыгуу;
- коомдо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын позитивдүү имиджин калыптандыруу;
- PR программасын иштеп чыгуу;
7) мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадр процесстерин санариптештирүү:
- адам ресурстарын башкаруунун аналитикалык маалыматтык системаларын өркүндөтүү;
- автоматташтырылган маалыматтык системаларды эксплуатациялоону жана техникалык коштоону камсыз кылуу;
8) кызматчылардын социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу жана мотивациялоо:
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн эмгек акы төлөөнүн оптималдуу шарттарын киргизүү;
- кызматчылардын социалдык кепилдиктерин жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу.
5-глава. Стратегиянын күтүлүүчү натыйжалары
14. Стратегияны ишке ашыруу адам факторунун маанилүүлүгүн таанууга жана натыйжалуу кадр ишин жүргүзүүгө багытталган жогорку кесипкөй мамлекеттик аппаратты калыптандырууга жаңы мамилени түзүүгө мүмкүндүк берет.
Күтүлүүчү жыйынтыктар:
1) мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат үчүн жыйынтыктар:
- бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын жүргүзүү;
- мамлекеттин функцияларын ишке ашыруу үчүн жетиштүү ыйгарым укуктарга жана потенциалга ээ, кесипкөй кадрлар менен толукталган, анын ичинде мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү кадр саясатын жүргүзүү боюнча натыйжалуу иштөөчү мамлекеттик аппаратты түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын иштөөсү боюнча ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарындагы кенемтелерди жана карама-каршылыктарды четтетүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аппарат жетекчилеринин мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруусунун механизмдерин жана инструменттерин иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн ченемдерин жана жол-жоболорун оптималдаштыруу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун туруктуу системасын түзүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды өзүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга мотивациялоонун туруктуу системасын түзүү;
- кадр саясатынын жол-жоболоруна жаңы алдынкы технологияларды киргизүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатуу;
- тандоонун, мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматты өтөөнүн жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды жогорулатуунун ачык-айкын системасын түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруунун натыйжалуу механизмдерин түзүү;
- мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын оң имиджин калыптандыруу;
2) коом үчүн натыйжалар:
- ачыктык принциптеринде иштөөчү мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруунун натыйжалуу системасын түзүү;
- коомдун аткаруу бийлигинин органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ишенимин жогорулатуу;
- мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу боюнча милдеттерди тийиштүү деңгээлде аткаруусун камсыз кылуу.
Жетишилген натыйжалар мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, мунун натыйжасында мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын туруктуу жана натыйжалуу өнүгүүсүн камсыз кылуу милдеттери тийиштүү деңгээлде чечилет.
6-глава. Стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер
15. Стратегияны ишке ашыруудагы негизги тобокелдиктер болуп төмөнкүлөр саналат:
- саясий багыттын өзгөрүшү;
- ыйгарым укуктуу органдын статусунун өзгөрүшү;
- Стратегияны ишке ашыруунун бардык деңгээлдеринде коррупциялашкан чиновниктердин анын ишке ашырылышына каршы аракеттенүүсү;
- Стратегияны ишке ашырууда кызыкчылыктардын кагылышуусунун көйгөйү;
- акыркы жана олуттуу натыйжага жетүүгө багытталбастан, Стратегияда чагылдырылган иш-чаралардын формалдуу, толук эмес, өз убагында же так эмес аткарылышы;
- кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо бөлүгүндө финансылык, кадрдык же башка ресурстардын жетишсиздиги.
7-глава. Стратегияны ишке ашыруу механизми
16. Стратегия бардык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, уюмдар жана мекемелер, мамлекеттин катышуу үлүшүнө ээ компаниялар тарабынан төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
- башкаруу чечимдерин кабыл алууда;
- бардык кадрдык маселелерди чечүүдө;
- бардык деңгээлдердеги бюджеттерди талдоодо, болжолдоодо, түзүүдө жана аткарууда;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана ишке киргизүүдө.
8-глава. Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо
17. Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана баалоо эксперттик, жарандык коомдун катышуусунун алкагында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында белгиленген пландардын аткарылышы жана Стратегияны ишке ашырууга жүргүзүлгөн мониторингдин аралыктык натыйжаларын баалоо боюнча жооптуу адамдардын отчетторун угуу менен жүзөгө ашырылат.
18. Мониторингдин маалымат базасынын негизинде тиешелүү чечимдер, анын ичинде Стратегияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын оңдоп-түзөө боюнча чечимдер кабыл алынат.