Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 2-февралы ПЖ № 17
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, кесипкөй мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын туруктуулугун жана натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 2 "Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө" Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана толук аткарылышына туруктуу негизде координациялоо жана мониторинг жүргүзсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
2023-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында кадрларды өнүктүрүүнүн жана түзүүнүн мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/иш-аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Продукт | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
I. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты башкаруу системасынын натыйжалуулугун камсыз кылуу | ||||||
1 | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу | "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү кеңейтилген компетенцияларды жана саясатты түзүү, мыйзамдарды ишке ашыруу, аткарылышына мониторинг жүргүзүү боюнча функцияларды берүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук абалын өркүндөтүү | КР Президентинин Жарлыгы | 2023-жылдын I жарым жылдыгы | КР ПА, МКЖӨБМА |
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы үчүн мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жетекчилеринин жоопкерчилигин жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун жоопкерчилигин жогорулатуу жана отчет берүү тартибин камсыз кылуу | Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы | 2023-жылдын II кварталы | КР ПА, МКЖӨБМА | ||
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы үчүн мамлекеттик органдардын/ЖӨБОнун (шаарлардын мэрияларынын) аппарат жетекчилерин баалоону киргизүү боюнча чараларды иштеп чыгуу | Аппарат жетекчилеринин ишинин ачык-айкындыгы, отчеттуулугу жана натыйжалуулук системасын калыптандыруу | Аппарат жетекчилеринин ишин баалоо методикасы жөнүндө КР Президентинин Жарлыгы | 2023-жылдын III кварталы | МКЖӨБМА, илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) | ||
2 | Кызматчылардын потенциалын калыптандыруу, кесиптик өнүктүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын ишин кайра форматтоо | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын ишин кадрдык менеджмент режимине өткөрүү | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтары жөнүндө типтүү жобону иштеп чыгуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын ишинин натыйжалуулугуна жана майнаптуулугуна мониторинг жүргүзүү | Кадр саясатын ишке ашыруу маселелеринде мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын жоопкерчилигин жогорулатуу | Мыйзам бузууларды четтетүү боюнча сунуштар менен бул чөйрөдөгү жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө отчет | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
3 | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын ишин активдештирүү | Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарында аппарат жетекчисинин кызмат ордун киргизүү жөнүндө маселени изилдөө | Мамлекеттик органдардын жетекчилеринин ортосундагы, анын ичинде мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышы үчүн жоопкерчиликти так чектөө | КР Президентинин Жарлыгы | 2024-жылдын II кварталы | КР ПА, МКЖӨБМА |
4 | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун маалыматтык ишин активдештирүү | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар жана ЖӨБО тарабынан маалыматтык ишти жүргүзүү механизмдерин иштеп чыгуу | Мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун ишин координациялоо | Тегерек столдор, маалыматтык жарчылар, газеталар, мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун сайттары ж.б. | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
5 | Кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү | Мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОдо кадрларды, анын ичинде уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мамлекеттик ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин тандоону жана жайгаштырууну талапкерлердин кесиптик жана моралдык адеп-ахлактык сапаттарынын, гендердик теңчиликтин жана жынысына, улутуна жана тилине, ошондой эле майыптыгына карабастан басмырлоону жокко чыгаруунун негизинде гана ишке ашыруу | Мамлекеттик башкаруунун кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу, инклюзивдик чөйрөнү түзүү, ошондой эле адам укуктарын сактоо | Ченемдик укуктук актылардын, ведомстволук актылардын долбоорлору | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына аброюна шек келтирилген, мурда коррупциялык кылмыштарга катышкан адамдардын дайындалышына жол бербөө боюнча чараларды көрүү | Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу | Ведомстволук актылар | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
6 | Мамлекеттик кызматтын мыйзамдык негиздерин системалаштыруу | Мамлекеттик кызматтын бардык түрлөрүн камтыган мамлекеттик кызматчылардын, анын ичинде саясий жана атайын кызмат орундарын ээлеген адамдарга карата ишинин тең салмактуу укуктук базасын иштеп чыгуу | Чечимдерди кабыл алуунун бардык деңгээлдеринде кызматчылардын ишин так бөлүштүрүү жана регламенттөө | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2025-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, КР ПА |
II. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | ||||||
7 | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны ушул Стратегияга ылайык келтирүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүнү жана өтөөнү уюштуруу маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун пакетин иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөөнүн жол-жоболорунун бирдейлигин камсыз кылуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА |
8 | Эл аралык мыкты тажрыйбаны эске алуу менен "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын өркүндөтүү | Колдонуудагы Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгуу | Кемчиликтерди жана коллизияларды жоюу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына жаңылыктарды киргизүү | Мыйзамдын долбоору | 2023-жылдын I жарым жылдыгы | МКЖӨБМА |
III. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө жарандардын бирдей укуктарын камсыз кылууну эске алуу менен кызмат орундарына тандоо жол-жоболорун унификациялоо | ||||||
9 | Кадрлар резервдерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу | Кадрлар резервге талапкерлерди сапаттуу тандоо жана аларды мамлекеттик башкаруу системасында пайдалануу боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадрлардан туруктуулугун жана үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын IV кварталы | МКЖӨБМА, илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
10 | Кызмат орундарына карата бекитилген квалификациялык талаптарга ылайык компетенттүү кадрларды тандоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | Квалификациялык талаптарды жана кызматтык нускамаларды бекитүү жол-жоболорун ишке киргизүү | Бош кызмат орундарына тандоонун сапатын жогорулатуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
IV. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын потенциалын арттыруу | ||||||
11 | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишинин натыйжалуулугун баалоо критерийлерин киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин мурда колдонулуп келген баалоо жана аттестациялоо системасынын иштешине салыштырмалуу талдоо жүргүзүү | Мамлекеттик программалардын жана иш-чаралар пландарынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууда кызматчылардын ишине оптималдуу, тең салмактуу баалоону белгилөө | Сунуштар менен аналитикалык отчет | 2023-жылдын ичинде | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), көз карандысыз эксперттер (макулдашуу боюнча) |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин мурда колдонулуп келген баалоону жана аттестациялоону талдоонун жыйынтыктарына жараша зарыл болгон учурда мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү | Ченемдик укуктук актынын долбоору | Талдоо жүргүзүүдөн кийин 6 айдын ичинде | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
12 | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатууда эл аралык тажрыйбаны жана алдынкы практиканы колдонуу | Квалификацияны жогорулатуу боюнча чет өлкөлүк программалардын базасында, анын ичинде ведомстволук багыттар боюнча тажрыйба алмашуу, квалификацияны жогорулатуу боюнча стажировкаларды уюштуруу | Кызматчылардын компетенттүүлүгүн жана квалификациясын жогорулатуу | Квалификацияны жогорулатуу программалары, семинарлар | Үзгүлтүксүз | МКЖӨБМА, КРПМБА, эл аралык донорлор |
13 | Мамлекеттик башкаруу системасына перспективдүү кадрларды тартуу | Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка ийгиликтүү, таланттуу жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк жогорку окуу жайларында окуусун аяктаган жаш адистерди тандоо жол-жоболорун өркүндөтүү | Мамлекеттик башкаруунун сапатын жана мамлекеттик кызматтын кадыр-баркын жогорулатуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2024-жылдын I кварталы | МКЖӨБМА, илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
14 | Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты методикалык жактан коштоону камсыз кылуу | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды натыйжалуу ишке ашыруу маселелери боюнча методикалык материалдарды иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты жөнгө салуунун уюштуруу-практикалык, укуктук жана башка маселелери боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин координациялоо | Окуу-методикалык материалдар | Зарылдыгына жараша | КРПМБА, МКЖӨБМА, эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча), мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
15 | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын кызматкерлери үчүн кадрлар менеджментти, мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта акыркы кадрдык технологияларын киргизүү боюнча окууларды өткөрүү | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун персоналды башкаруу кызматтарынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын потенциалын сарамжалдуу пайдалануу | Окуу программалары, семинарлар | Жыл сайын | МКЖӨБМА, КРПМБА |
Эң мыкты сунуштарды тандоо жолу менен тендердик (конкурстук) тооруктарды өткөрүүсүз түзүлүүчү түз келишимдер боюнча кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле окутуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууга жол берген мыйзамдуу негизди иштеп чыгуу | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун сапатын жакшыртуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, КРПМБА, ФМ, ЮМ, БИМ | ||
Ведомстволук окутуунун алкагында кадрларды квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатууну жана кайра даярдоону жүргүзүү | Иштин адистештирилген багыттары боюнча кызматчылардын кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу | Окуу программалары, семинарлар | Жыл сайын | МКЖӨБМА, КРПМБА | ||
Мамлекеттик кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды жеке маалыматтарды коргоо жана жеке маалыматтар менен иштөө жаатында окутуу | Персоналдык маалыматтар менен иштөөдө жана жеке маалыматтарды коргоодо кызматчылардын кесипкөйлүгүн жана компетенттүүлүгүн жогорулатуу | Окуу программалары, семинарлар | Дайыма | ЖМКМАОБ | ||
16 | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарын канааттандыруу жагына мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү (даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу), ошондой эле башкаруунун жаңы технологияларын киргизүү системасын күчөтүү | Мамлекеттик заказдын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу планын иштеп чыгуу | Мамлекеттик жана муниципалдык кесиптик өнүктүрүүнүн (даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу) үзгүлтүксүз туруктуу системасынын негизинде мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта жогорку квалификациялуу кадрлардын штатын түзүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу планы | Жыл сайын | КРПМБА |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун сапатына мониторинг жүргүзүү | Окутуунун сапатын контролдоону камсыз кылуу | Кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо программаларын жакшыртуу боюнча сунуштамалар менен отчеттор | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кесиптик өнүктүрүү системасын өркүндөтүү боюнча Кеңешти түзүү маселесин жөнгө салуу | КР Президентинин Администрациясынын, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилик курамын, эксперттик жана илимий коомчулукту камтыган уюштуруу түзүмүн түзүү | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, КР ПА, КРПМБА | ||
17 | Персоналды үзгүлтүксүз кесиптик өнүктүрүүнүн тармактык системаларын түзүү | Кызматчылардын стажировкаларынын планын иштеп чыгуу | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу | План | Жыл сайын | Мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
18 | ЖОЖдор менен өз ара аракеттенүү системасын калыптандыруу | Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка перспективдүү жаштардын келишин популярдаштыруу | Окуп жаткан жаштардын өкүлдөрүнө мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары жөнүндө маалымдоо | Окуп жаткан жаштардын өкүлдөрү менен жолугушууларды, ачык эшик күндөрүн өткөрүү | Жыл сайын | МКЖӨБМА |
V. Компетенциясынын жана сиңирген эмгегинин негизинде кызматчылардын карьералык жогорулоосу | ||||||
19 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьералык пландоосунун жана кызматтык жогорулоосунун бирдиктүү системасын киргизүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьералык пландоосунун жана кызматтык жогорулоосунун механизмдерин иштеп чыгуу | Компетенцияларга жана жетишкендиктерге негизделген кесипкөй кадрлардын системасын түзүү | Кызматтык жогорулоо тартиби жөнүндө жобонун долбоору | 2024-жылдын II кварталы | МКЖӨБМА, эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын пландоосунун жана кызматтык жогорулоосунун жаңы механизмдеринин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын пландоосунун жана кызматтык жогорулоосунун системасынын натыйжалуулугунун тенденцияларын аныктоо | Бул багыттагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр тууралуу отчет | Жогорулатуу системасын ишке киргизгенден кийин жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
20 | Жаш адистер үчүн насаатчылык системасын киргизүү | Насаатчылык жана насаатчыларды мотивациялоо механизмдерин иштеп чыгуу | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ишинин туруктуулугун камсыз кылуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II жарым жылдыгы | МКЖӨБМА |
21 | Мамлекеттик кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын жана карьералык өсүшүн максаттуу башкаруу системасын түзүү | Кызматчылардын карьералык пландоосу боюнча типтүү документти иштеп чыгуу | Жарандык кызматчылардын кесиптик жана квалификациялык өнүгүүсүнө жана кызматтык өсүшүнө көмөктөшүү | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын II кварталы | МКЖӨБМА, эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
Кызматчылардын карьерасын пландоо программаларын иштеп чыгуу боюнча мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына көмөк көрсөтүү | Кызматчылардын карьерасын пландоо программалары | Дайыма | МКЖӨБМА, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
VI. Коррупцияга каршы чараларды күчөтүү менен кызматчылардын этикалык стандарттарын бекемдөө | ||||||
22 | Мамлекеттик башкаруу системасында коррупцияга каршы маданиятты, жалпы таанылган адеп-ахлактык принциптерди калыптандыруу | Кызматчылардын этикасы боюнча комиссиялардын ишине мониторинг жүргүзүү жана талдоо | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО кызматчыларынын этикалык ченемдерди сактоосу | Сунуштар менен аналитикалык маалымат | Дайыма | МКЖӨБМА |
23 | Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу механизмин иштеп чыгуу | Кызматчыларды, анын ичинде КР мыйзамдарын бузгандарды полиграфта тестирлөө тартибин системалаштыруу | Коррупциялык тобокелдиктерге ээ кызмат орундарына дайындоо үчүн, ошондой эле кызматтык териштирүүнү жүргүзүүдө полиграфта тестирлөөнү колдонуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2023-жылдын IV кварталы | МКЖӨБМА |
Адамдын психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоонун жаңы алдынкы методдорун киргизүү | Талапкерлерди оптималдуу тандоо жана кызматчылардын алардын психологиялык портретин жана профессионалдуулук деңгээлин эске алуу менен кызмат ордуна дайындоо | Инсанды тестирлөө методикалары | 2025-жылдын I жарым жылдыгы | МКЖӨБМА | ||
24 | Коомдо мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын позитивдүү имиджин калыптандыруу | Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу маселелери боюнча калктын кеңири массасы тарабынан коомдук контролду камсыз кылуу механизмдерин иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта мамлекеттик кадр саясатын ишке ашыруу маселелеринде аталган чөйрөлөрдөгү терс көрүнүштөргө каршы аракеттенүүнүн атрибуту катары жарандык коомдун активдүү позициясы | Мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО ж.б. маалыматтык жарчылары, газеталары, сайттары, роликтери жана баннерлери ж.б. | 2024-жылдын I жарым жылдыгы | МКЖӨБМА, КРПМБА, илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча), медиа, ЖМА |
25 | PR программасын иштеп чыгуу | Медиа-планды иштеп чыгуу | Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу органдын иши жөнүндө маалыматтардын ачык-айкындыгын жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга, Кыргыз Республикасынын жарандарына жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу | Медиа-план | Дайыма | МКЖӨБМА |
VII. Мамлекеттик жарандык кызматта жана муниципалдык кызматта кадр процесстерин санариптештирүү | ||||||
26 | Адам ресурстарын башкаруунун (АРБ) аналитикалык маалыматтык системаларын өркүндөтүү | Отчетторду жана статистикалык көрсөткүчтөрдү генерациялоо менен кызматчылардын маалымат базасын түзүү (кадрлар резерви, бош кызмат орундары, кадрдык резервге жүргүзүлүп жаткан конкурстук тандоолор, кызмат орундарын ээлөө, мамлекеттик органдардын, уюмдардын жана ЖӨБО кызматчыларынын сандык жана сапаттык курамы ж.б.) | Мамлекеттик башкаруу системасында кадрдык процесстер жөнүндө оперативдүү маалыматтын болушу | Техникалык тапшырма, программалык продукттар, статистикалык маалыматтар, отчеттор | Дайыма | МКЖӨБМА, СӨМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) |
Заманбап талаптарды жана технологияларды эске алуу менен, анын ичинде: кызматчылардын жеке маалыматтарынын коопсуздугун камсыз кылуучу; мамлекеттик органдардын жана ЖӨБО интернет-ресурстарына жана ведомстволук сайттарына бардык бош орундар, өткөрүлгөн сынактардын жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды автоматтык түрдө жайгаштыруу мүмкүндүгүн караган иштеп жаткан АРБ автоматташтырылган маалыматтык системаларын толуктап иштеп чыгуу | Маалыматтык коопсуздукту жана кадрдык процесстердин ачык-айкындыгын камсыз кылуу | Техникалык тапшырма, программалык продукттар, аналитикалык отчеттор | Дайыма | МКЖӨБМА СӨМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | ||
Кадрларды башкаруунун автоматташтырылган маалыматтык системаларынын иштешинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү | Бул багыттагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр жөнүндө отчет | Дайыма | МКЖӨБМА, СӨМ, мамлекеттик органдар, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | |||
27 | АРБ автоматташтырылган маалыматтык системаларын эксплуатациялоону жана техникалык коштоону камсыз кылуу | Эксплуатациялоо жана техникалык коштоо жаатында адистерди даярдоо жана окутуу боюнча семинарларды, тренингдерди өткөрүү үчүн методикалык материалдарды даярдоо | АРБ автоматташтырылган маалымат системаларынын үзгүлтүксүз иштөөсү | Методикалык материалдар | Үзгүлтүксүз | МКЖӨБМА, СӨМ, КРПМБА, илимий жана эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
Кызматчыларды техникалык коштоо боюнча окутууну өткөрүү | АРБ автоматташтырылган маалымат системаларынын маалыматтарын жүргүзүүнүн, толтуруунун тууралыгы жана толуктугу | Окутуудан өткөн кызматчылардын саны | Үзгүлтүксүз | КРПМБА | ||
VIII. Кызматчылардын социалдык кепилдиктерин камсыз кылуу жана мотивациялоо | ||||||
28 | Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн эмгек акы төлөөнүн оптималдуу шарттарын киргизүү | Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жеке салымына жана ишинин жыйынтыгына негизделген кызматчылардын эмгек акысын төлөөнүн жаңы шарттарын бекитүү боюнча сунуштарды киргизүү | Кызматчыларды материалдык мотивациялоону жогорулатуу | Ченемдик укуктук актынын долбоору | 2024-жылдын II жарым жылдык | ЭСКММ, ФМ, МКЖӨБМА |
29 | Кызматчылардын социалдык кепилдиктерин жакшыртуу боюнча чараларды иштеп чыгуу | Социалдык кепилдиктердин учурдагы системасына талдоо жүргүзүү | Кызматчыларды социалдык кепилдиктер менен камсыз кылуу | Аналитикалык отчет | 2023-жылдын II кварталы | СИУИ, МКЖӨБМА, ЭСКММ, ФМ, эксперттик коомчулук (макулдашуу боюнча) |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
КРПА | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы; |
МКЖӨБМА | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик; |
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
БИМ | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги; |
ФМ | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги; |
ЭСКММ | - | Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги; |
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
КРПМБА | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы; |
АРБ | - | адам ресурстарын башкаруу; |
ЖӨБО | - | жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары; |
СИУИ | - | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту; |
ММК | - | жалпыга маалымдоо каражаттары; |
ЖМКМАОБ | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин окуу борбору. |