Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 8-февралы ПЖ № 21
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2023-жылдын 5-майында азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн укуктук негиздерин бекемдеген көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынгандыгына 30 жыл толот. Мамлекеттин жогорку баалуулуктары адам, анын жашоосу, укуктары жана эркиндиги деп жарыяланган. Бул документте эгемендүүлүк, элдик бийлик, өлкөнүн аймактык бүтүндүгү, укук үстөмдүгү жана демократия принциптери бекемделген. Жаңы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын укуктук, саясий жана социалдык-экономикалык өбөлгөлөрү аныкталды.
Ар бир мамлекеттин конституциясынын мазмуну мезгилдин талабына ылайык өркүндөтүлүп жана жаңыланып турат, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондуктан негизги мыйзамга кийинчерээк конституциялык реформалардын жүрүшүндө жаңы реалдуулуктарды чагылдырган кошумча укуктук механизмдер жана ченемдер бир нече жолу киргизилген.
Азыркы мезгилде Конституция элдин биримдигинин, өлкөбүздүн көз карандысыздыгынын жана мамлекеттик бүтүндүгүнүн, коомдук өнүгүүнүн, азыркы Кыргызстандын демократиялык, саясий, укуктук, экономикалык жана идеологиялык негиздеринин калыптанышынын негизи болуп саналат. Конституциянын жаратмандык потенциалы түгөнбөйт жана зарыл социалдык-экономикалык, саясий жана башка өбөлгөлөрдүн пайда болушуна жараша ачылат. Бүгүнкү күндө жалпы таанылган демократиялык принциптерди ырааттуу бекемдөө, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин кепилдиктерин күчөтүү өлкөбүздүн алдында турган негизги милдеттер болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын ар бир жараны өлкөнүн Конституциясынын духун жана маанисин жакшы билүүгө тийиш.
Конституцияны урматтоо, сактоо жана анын маанисин түшүнүү менен гана биз өлкөбүздү, Мекенибизди, Кыргызстан элинин баалуулуктарын сыйлайбыз жана өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдук ынтымакка, тынчтыкка жана бейпилдикке жетише алабыз.
2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоону өткөрүүгө өз убагында даярдык көрүүнү камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы уюштурулсун.
3. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары, аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, эмгектин ардагерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын чыңдоого, анын экономикалык, саясий, социалдык, илимий, руханий потенциалын, коргонуу кубаттуулугун жогорулатууга, Кыргыз Республикасынын чек арасынын кол тийбестигин камсыз кылууга, тынчтыкты жана туруктуулукту сактоого, конфессиялар аралык жана улуттар аралык достукту жана ынтымакты бекемдөөгө, демократиялык реформаларды тереңдетүүгө, адилеттүү жарандык коомду курууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын коомдогу ролун жана маанисин кеңири пропагандалоого, жаш муунду мыйзамды урматтоо, Мекенди сүйүү жана берилгендик рухунда тарбиялоого татыктуу салым кошкон башка адамдар сыйланат деп белгиленсин.
"Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы менен чет мамлекеттердин жарандары сыйланышы мүмкүн.
4. "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалдарын жана алардын күбөлүктөрүн даярдоого байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен жабылат деп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- эки жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитсин, анын ичинде окумуштуу конституционалисттердин, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн конституциялык сотторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен эл аралык илимий-практикалык конференцияларды уюштурууну, Конституциянын жогорку ролу жөнүндө теле, радиоберүүлөрдү жана жалпыга маалымдоо каражаттарында материалдарды жарыялоону уюштурууну, салтанаттуу кабыл алууларды өткөрүүнү, китептерди басып чыгарууну, коллекциялык монеталарды жана почта маркаларын жасоону ж.б. карасын;
- эки жумалык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалы жөнүндө жобону жана анын сыпаттамасын бекитсин;
- 2023-жылдын 1-майына чейин "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалдарынын жана алардын күбөлүктөрүнүн даярдалышын белгиленген тартипте камсыз кылсын;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоону тартылган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (макулдашуу боюнча) каражаттарынын эсебинен, ошондой эле гранттардын жана демөөрчүлүк каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырсын.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрагалары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, администрациялык ведомстволордун жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана шаарлардын мэрлери жер-жерлерде Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган күндүн урматына арналган иш-чараларда салтанаттуу түрдө "Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл" юбилейлик медалдарын тапшырууну уюштурсун.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин КУРАМЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 23-мартындагы ПЖ № 64 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Жапаров Акылбек Усенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, уюштуруу комитетинин төрагасы; |
Осконбаев Эмиль Жолдошевич | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); |
Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович | - | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары. |
Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү: | ||
Базарбеков Замирбек Курамаевич | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы; |
Султанбекова Чолпон Аалыевна | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагасы; |
Кулубаев Жээнбек Молдоканович | - | Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри; |
Ниязбеков Улан Омоканович | - | Кыргыз Республикасынын ички иштер министри; |
Баетов Аяз Батыркулович | - | Кыргыз Республикасынын юстиция министри; |
Бакетаев Алмаз Кушбекович | - | Кыргыз Республикасынын финансы министри; |
Максутов Алтынбек Аскарович | - | Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри; |
Иманалиев Каныбек Капашович | - | Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри; |
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Укушов Мурат Каниметович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Борубашов Бекбосун Ишенбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси; |
Орунбеков Дайырбек Тейишович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси; |
Апсатаров Бекбосун Джакшылыкович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Кожоев Мирбек Кокулбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары - уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; |
Азымбакиев Муратбек Абакирович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; |
Иманбетов Илияз Женишович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү; |
Туманбаев Каныбек Тургунбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкаруучусу; |
Джаманкулов Марат Тургунбаевич | - | Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун аппаратынын жетекчиси; |
Арабаев Чолпонкул Исаевич | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Самидинов Манасбек Самидинович | - | "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомунун башкы директору - башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Тиллебаев Болотбек Кочкорович | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); |
Эрлан Догдурбеков | - | Кыргыз Республикасынын "ЭлТР" мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын башкы директору. |