Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 23-марты ПЖ № 64
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-февралындагы № 21 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоого байланышкан иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин курамында:
- курамдан Мамбетакунов Уланбек Эсенбекович, Иманалиев Кайрат Олжобаевич чыгарылсын;
- курамга Иманалиев Каныбек Капашович - Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри, Тиллебаев Болотбек Кочкорович - Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча) киргизилсин.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |