Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 10-февралы ПЖ № 23
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы жөнүндө
Азыркы жана келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын туруктуу башкаруу, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүүнүн максаттарына жетүү максатында 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы иштелип чыкты.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16-беренесине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 18-статьясына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 1 чечиминин негизинде токтом кылам:
1. 2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы (мындан ары - Улуттук суу стратегиясы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгы:
- Улуттук суу стратегиясын мамлекеттик башкаруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана жарандык коомго жеткирсин;
- жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Улуттук суу стратегиясын ишке ашырууга туруктуу негизде мониторинг жана баалоо жүргүзсүн;
- артыкчылыктарды кайра кароо, оңдоо жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин кароосуна киргизүү максатында Улуттук суу стратегиясын ишке ашырууга ар жылдык негизде талдоо жүргүзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө Улуттук суу стратегиясын ишке ашыруу боюнча 2023-2025-жылдарга иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |