Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-февралындагы ПЖ № 23 Жарлыгына) |
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы
Киришүү
Суу ресурстары - бул Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык туруктуу өнүгүүсүн, азык-түлүк, энергетикалык коопсуздугун жана экосистемасын сактоону аныктоочу жана камсыз кылуучу стратегиялык жаратылыш ресурсу. Суу ресурстары бүткүл бассейндин калкынын жашоосунун, улуттун саламаттыгынын, экономикалык жана социалдык туруктуулуктун негизи болуп саналат.
Кыргыз Республикасы мөңгүлөрдөгү, анын этегинде жайгашкан бийик тоолордон чыккан көп сандаган дарыялардагы жана көлдөрдөгү таза, тузсуз суунун баа жеткис запастарынын ээси жана сактоочусу болуп саналат.
Жер жана жаратылыш ресурстары Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин негизи катары колдонулат, бирдиктүү экологиялык системаны сактоо жана туруктуу өнүктүрүү үчүн алар мамлекеттин контролунда жана өзгөчө коргоосунда турат.
Кыргыз Республикасынын аянты 199,9 км2 түзөт.
2021-жылдын 1-январына карата маалыматка ылайык Кыргыз Республикасынын калкы 6636803 адамды түзөт1. БУУнун болжолу боюнча 2050-жылга карата Кыргыз Республикасынын калкы 8,1 млн. адамга чейин көбөйөт2.
Суу ресурстарынын чектелгендиги жана аялуулугу, сууну керектөөнүн өсүшү, климаттык өзгөрүүлөр жана өзгөчө кырдаалдардын көбөйүшү, өлкөдөгү сууну эсепке алуу системасынын чачырандылыгы, суу ресурстарына комплекстүү социалдык, экологиялык жана экономикалык баа берүүнүн жоктугу, сууну коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу үчүн экономикалык дем берүүнүн туруктуу механизмдеринин жоктугу, мыйзамдардагы жана суу ресурстарын башкаруунун уюштуруу түзүмүндөгү боштуктар, Кыргыз Республикасында бир катар жаңы стратегиялык документтердин жана эл аралык милдеттенмелердин кабыл алынышы кечиктирилгис чараларды көрүүнүн зарылдыгын шарттайт.
Келечек Кыргыз Республикасын ак мөңгүлүү тоолордун жана берметтей тунук көлдөрдүн өлкөсү катары сактап калуу менен тыгыз байланышкан. Кыргызстандыктар экологияга багытталган ийгиликтүү өлкөлөрдүн катарына кирүүгө умтулуп, биригүүсү керек, бул үчүн баарынан мурда өзүн жана жаратылыштагы өзүнүн ордун өзгөртүү, келечектеги муундардын кызыкчылыктарын эске алуу менен экономиканы өнүктүрүү зарыл3.
2040-жылга чейин Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясы (мындан ары - Стратегия) азыркы жана келечек муундардын жыргалчылыгы үчүн Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү максатында жаратылышты коргоо системасынын бир бөлүгү катары иштелип чыккан.
I. Кырдаалды талдоо
1.1. Кыргыз Республикасынын суу ресурстары
Кыргыз Республикасынын океандардан алыс, континенттин тереңинде жайгашкандыгы климаттын кургакчылыгын аныктайт. Аймактын тоолуу рельефи климаттык өзгөчөлүктөрдүн көп түрдүүлүгүн, республиканын аймагы боюнча жаан-чачындын бирдей эмес бөлүштүрүлүшүн шарттайт.
Кыргыз Республикасынын тоо кыркаларынын жана тоо арасындагы ойдуңдарынын системасы өлкөнүн көп сандаган дарыяларын пайда кылуучу мөңгүлөр, кар бүртүкчөлөрү, көл түрүндөгү атмосфералык нымдын негизги топтоочусу болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын дарыяларынын жылдык орточо агымы 48,7 км3 түзөт. Суу ресурстары толугу менен Кыргыз Республикасынын өз аймагында түзүлөт. Кыргыз Республикасы суу ресурстары менен кыйла камсыз болгон мамлекеттердин катарына кирет, Тарим (жарым-жартылай), Амударыя (3%), Сырдарыя (80% жакын), Чу (78%), Талас (90%) сууларынын агымын түзүүчү зона болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын аймагы материктин тереңинде жайгашкан Борбордук Азиянын туюк агымсыз бассейнинин бөлүгү болуп саналат. Дарыя тармагынын көпчүлүк бөлүгү Арал деңизинин бассейнине кирет жана Борбордук Азиядагы ири дарыялардын: Сырдарыя, Амударыя, Чу жана Таластын гидрографиялык системаларына кирет. Буга шарттуу түрдө Ысык-Көлгө куйган дарыяларды кошууга болот. Республиканын түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү дарыя тармагы Тарим дарыясынын бассейни - Борбордук Азиянын суу артериясына таандык. Республиканын Чыгыш чек арасында Балхаш көлүнүн бассейнине кирген Каркыра дарыясы түзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагы суу агымынын пайда болуусу жана таралуусу боюнча эки гидрологиялык жакка бөлүнүшү мүмкүн. Суу агымынын пайда болушу жаатында нымдын пайда болушу анын жоготууларынан басымдуулук кылат, бул суунун агымынын пайда болушуна жана мөңгүнүн жана дарыя тармагынын кеңири өнүгүшүнө шарт түзөт. Суу агымы таралган жаатта буулануу жана жер үстүндөгү суулардын башка жоготуулары атмосфералык жаан-чачынга караганда басымдуулук кылат, мындан тышкары тоодон агып келген суулар инфильтрацияга кетип, сугат үчүн алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында суу агымынын пайда болушунун тоолуу аянты 171,8 миң км2, б.а. жалпы аянтынын 78%, ал эми суу агымынын таралуу аянты - 26,7 миң км2, б.а. 13%ды түзөт. Бирок ири дарыялардын негизги тараган массивдери республиканын чегинен тышкары жайгашкан4.
Гидрологиялык процесстерге климаттын жалпы кургактыгы жана кескин континенталдуулугу менен катар тоолуу өлкөнүн рельефи чоң таасирин тийгизет. Бийик тоолор (бийиктиктин айырмасы 7439дан 500 м чейин) атмосфералык нымдын табигый аккумуляторлору болуп саналат.
Мамлекеттик суу кадастры
Мамлекеттик суу кадастры - бул суу ресурстары жөнүндө маалыматтардын системалаштырылган жыйындысы. Материалдар сууну мамлекеттик эсепке алуунун маалыматтарынын негизинде системалаштырылган.
Суу ресурстары: жер үстүндөгү жана жер астындагы, саны жана сапаты, аймактык бөлүштүрүү жана убакыттын өзгөрүшү, суунун пайда болушу жана колдонулушу, тарыхый өзгөрүүлөр жана дарыялардын агымынын келечектеги өзгөрүшүн болжолдоо менен өз ара байланышта каралган.
Мамлекеттик суу кадастрынын сериясынан Кыргыз Республикасынын суу ресурстары боюнча акыркы расмий маалыматтар 1987-жылы чыгарылган. Бул 1990-жылдан кийин мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн ведомстволор аралык уюштуруу түзүмүнүн кыйрашына байланыштуу. Башкы илимий-изилдөө бөлүмдөрү: СССРдин Гидрометеорология жана айлана-чөйрөнү контролдоо боюнча мамлекеттик комитети, СССРдин Геология министрлиги жана СССРдин мелиорация жана суу чарба министрлиги Кыргыз Республикасынан тышкары калган. Тиешелүү чөйрөлөрдө ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү өзгөрүүсүз калган, ошол эле учурда ведомстволордун потенциалы Мамлекеттик суу кадастрынын материалдарын жүргүзүү боюнча иштердин толук көлөмүн аткаруу үчүн жетишсиз. Материалдарды жалпылоо үчүн СССРдин Гидрометеорология боюнча мамлекеттик комитетинин Мамлекеттик гидрологиялык институту жооптуу болгон.
Кыргыз Республикасында Гидрометеорологиялык маалыматтардын мамлекеттик фондунун кармоочу болуп Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат (мындан ары - Кыргызгидромет) эсептелет. Мамлекеттик геологиялык фонддун кармоочусу - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги болуп эсептелет.
Мамлекеттик суу кадастрынын материалдары бассейндик принцип боюнча, административдик райондор боюнча түзүлөт.
1-таблица. Дарыялардын саны жана бассейндер боюнча жалпы узундук
№ | Бассейндер | Дарыялардын саны | Дарыялардын суммалык узундугу, км |
1 | Сырдарыя | 29784 | 108634 |
| анын ичинде Нарын дарыясы | 9956 | 34196 |
2 | Чу дарыясы | 5474 | 25383 |
3 | Талас жана Асса дарыясы | 3348 | 13103 |
4 | Ысык-Көл | 1976 | 7139 |
5 | Тарим дарыясы | 4899 | 14726 |
|
| 45481 | 168985 |
Суу агымы пайда болгон тоолуу аймактагы дарыялар чукул эңкейиш, дүркүрөгөн агымы менен мүнөздөлөт жана потенциалдуу жогорку энергияга ээ жана көп сандагы шилендилерди жаратат.
2-таблица. Дарыялардын потенциалдуу орточо жылдык кубаттуулугу5
№ | Бассейндер | Кубаттуулугу, миң кВт |
1 | Нарын дарыясы | 4710 |
2 | Фергана өрөөнү | 279 |
3 | Чу дарыясы | 1186 |
4 | Талас дарыясы | 564 |
5 | Ысык-Көл | 654 |
6 | Тарим дарыясы | 1364 |
| Бардыгы: | 8757 |
Эсепке алынган 236 ири жана орто дарыялардын потенциалдуу нук энергиясы 135 млрд. кВт саатка же 15,5 млн. кВт жылдык орточо кубаттуулукка барабар. Гидроэнергетиканын эсепке алынган потенциалдуу запастары боюнча Кыргыз Республикасы Борбордук Азияда Тажикстан менен Казакстандан кийинки үчүнчү орунда турат. Кыргыз Республикасынын дарыяларынын үчтөн биринен көбүнүн орточо салыштырма кубаттуулугу 1 км узундукка 5 миң кВт сааттан ашат. Эң ири жана топтолгон потенциалдуу гидроэнергетикалык ресурстарга Нарын, Сары-Жаз, Сох, Көкөмерен, Чаткал, Тар, Чу жана Исфайрам-Сай дарыялары ээ. Бул дарыялар республиканын дарыяларынын потенциалдуу энергиясынын жарымына жакынын түзөт жана бул дарыялар чоң жана орто кубаттуулуктагы ГЭСтерди куруу үчүн эң келечектүү. Эң көп суммалык жана орточо салыштырма кубаттуулугу менен Нарын дарыясы өзгөчөлөнөт6.
Республиканын аймагында ар кандай түрдө пайда болгон 1923 көл бар7.
3-таблица. Кыргыз Республикасынын эң чоң көлдөрү
№ | Көлдөрдүн аталыштары | Көлөмү, млн м3 |
1 | Ысык-Көл | 1738*103 |
2 | Соң-Көл | 2640 |
3 | Чатыр-Көл | 610 |
4 | Сары-Челек | 483 |
Борбордук Азия өлкөлөрүндө мөңгүлөрдүн таралышы.
4-таблица. Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча мөңгүлөрдүн таралышы8
Мамлекет | Мөңгүнүн саны | Мөңгүнүн аянты, км2 | Мөңгүнүн көлөмү, км3 | Мөңгүдөгү суунун запасы, км3 |
Кыргызстан | 8284 | 8022,1 | 549,0 | 494,1 |
Тажикстан | 9606 | 8997,6 | 443,0 | 398,7 |
Казакстан | 2097 | 1756,0 | 70,1 | 63,1 |
Өзбекстан | 391 | 155,1 | 3,8 | 3,43 |
1-сүрөт. Кыргыз Республикасынын негизги дарыя бассейндериндеги мөңгү аянттарынын таралышы, "Landsat-8"9 космостон тартылган сүрөттөрдү талдоонун жыйынтыгы боюнча
Жер астындагы тузсуз суулардын потенциалдык запасы - 13,99 км3 10. Табигый факторлор ичүүгө жарактуу сапаттагы жер астындагы тузсуз суулардын пайда болушун шарттайт.
Кыргыз Республикасында минералдык-термалдык суулардын 100дөн ашык кени жана суу чыккан жерлеринин участоктору аныкталган, алардын ичинен: минералдык-термалдык суулардын 40 ири кени, анын ичинде Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссияда бекитилген запастары менен 28 кен; көмүркычкыл сууларды иштетүүчү 30 участок; жылуу жана ысык суулардын 50дөн ашык чыккан жери, радондук, сульфаттык, темирлүү жана башка түрдөгү суулар бар.
1.2. Суу ресурстарын пайдалануу
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын маалыматы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн суу ресурстары 20-25%га пайдаланылат, калган суунун агымы коңшу мамлекеттер: Казакстандын, Кытайдын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактарына кирет.
Чарбалык-ичүүчү суу менен камсыздоо жалпы алынган суунун көлөмүнүн 3%ын түзөт. Суу ресурстарынын негизги көлөмү 93% жакын - айыл чарба өсүмдүктөрүн сугаруу үчүн колдонулат. Сууну өнөр жайлык максатта керектөө 4%дан ашпайт, эң жогорку көрсөткүч Бишкек шаарында белгиленет.
Жер астындагы сууларды пайдалануу. Жер астындагы суулардын запастарын пайдалануу деңгээли 23-43%дан ашпайт. Жер астындагы тузсуз суулардын негизги көлөмү калктын ичүүчү жана чарба-тиричилик муктаждыктарына - 58%, жерди сугарууга - 24%, өнөр жай объекттерин өндүрүштүк-техникалык суу менен камсыздоого - 17% колдонулат. Ичүүчү сууну өнөр жайлык куюп сатуу үчүн алынган суунун жалпы көлөмүнүн 1% ашык эмеси пайдаланылат.
Ичүүчү суу менен камсыздоо. 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин (мындан ары - Улутстатком) маалыматы боюнча Кыргыз Республикасында калктын 94,1% ичүүчү суу менен камсыздоо булактары, калктын 34,4% канализация менен туруктуу камсыздалган.
2020-жылга Улутстаткомдун маалыматтарына ылайык Кыргыз Республикасында үй чарбаларынын 34,3% сууну борборлоштурулган суу түтүк тармактарынан, 55,2% - суу түтүк колонкаларынан, 4,6% - кудуктардан, 1,4% - булактардан, 4,5% - арыктардан алышат. Ошол эле учурда калктын 52,0% үй чарбаларынан 100 метрге жетпеген, 48,0% үй чарбаларынан 100 метрден ашык аралыкта жайгашкан сууну пайдаланышат. Жалпысынан республика боюнча турак жай фондунун жалпы аянтынын 36,3% суу түтүктөрү менен камсыз болгон.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча 2020-жылга карата республикада 1905 калктуу конуш бар, алардын ичинен 32си шаар, 1873 айылдык калктуу конуш, анын ичинен 55 айыл республиканын шаарларына караштуу айыл статусуна ээ.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык калктын 60% айыл жеринде жашайт, 1873 айылдын ичинен 346 айылда ичүүчү суу менен камсыздоо системасы жок, 476 айылда 1950-1990-жылдар аралыгында курулган, алар курулуш жана реабилитациялоону талап кылат.
2017-2019-жылдар аралыгында 822 айылдын ичинен 177 айылда суу менен камсыздоо системасы курулган жана реабилитацияланган, 2020-жылдын 1-январына карата 645 айыл артыкчылыктуу деп аныкталган, аларда биринчи кезектеги тартипте ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын куруу жана реабилитациялоо зарыл.
Жер астындагы горизонттон чарбалык-ичүү керектөөлөрүнө пайдаланылган суунун көлөмү 143-207 млн. м3 түзөт. Иш жүзүндөгү көлөмдөр эксперттер тарабынан эки-үч эсе көп деп бааланат, анткени статистикалык маалыматтар суу түтүктөрү системалары боюнча берилген сууну пайдалануунун көлөмүн камтыйт.
Азыркы учурда бөтөлкөдөгү сууну керектөөнүн өсүшү байкалууда, анын өндүрүшү эң динамикалуу жана тез өнүгүп жаткан өнөр жай чөйрөсүнүн бири болуп саналат.
Айыл чарбасында сууну пайдалануу. Суу алуунун эң жогорку көлөмү Чүй, Ош, Талас, Жалал-Абад облустарында жана эң төмөнкү көлөмү Нарын, Баткен жана Ысык-Көл облустарында байкалат. Негизги дарыя бассейндери боюнча суу алынган эң жогорку көлөм Чу дарыяларынын бассейндеринде байкалат, орто эсеп менен 4,0 км3 жана Сырдарыяда - 3,1 км3. Талас дарыяларынын жана Ысык-Көлдүн бассейндериндеги суу алуунун көлөмү 0,93 жана 0,65 км3 түзөт.
2020-жылы Улутстаткомдун маалыматы боюнча сугат жана айыл чарбалык суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылган суунун көлөмү республика боюнча жалпысынан 4942,0 млн. м3 түздү.
Сууну энергетикалык муктаждыктар үчүн пайдалануу. Суу ресурстары өлкөнүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ, анткени электр энергиясынын 93% жакыны гидроэлектр станцияларында өндүрүлөт, анын 90% ашыгы Нарын дарыясындагы ГЭС каскадында өндүрүлөт, ал жылына 13-15 млрд. кВт.с түзөт.
5-таблица. Кыргыз Республикасынын ири суу чарба объекттери: ГЭС плотинасы жана суу сактагычтар
№ | Суу сактагычтар | Жалпы сыйымдуулугу, км3 |
1 | Токтогул | 19,5 |
2 | Күрпсай | 0,37 |
3 | Ат-Башы | 0,01 |
4 | Киров | 0,55 |
5 | Орто-Токой | 0,47 |
6 | Папан | 0,22 |
№ | Каналдар | м3/с |
7 | Батыш Чоң Чүй | 60,0 |
8 | Чыгыш Чоң Чүй | 50,0 |
9 | Айланма Чүй | 80,0 |
10 | Араван-Ак-Буура | 22,0 |
11 | Найман | 35,0 |
Сууну өнөр жай муктаждыктары үчүн пайдалануу. 1995-жылдан 2020-жылга чейин өндүрүштүк муктаждыктар үчүн сууну керектөө Улутстаткомдун көрсөткүчтөрү боюнча 3 эсеге - 254,0дөн 82,5 млн м3ге чейин төмөндөгөн.
Бул сектордун суу ресурстарын керектөөнүн негизги максаты ченемдик сапаттагы сууну жаратылышка кайтаруу болуп саналат.
Туризм жана рекреация чөйрөлөрүндө сууну пайдалануу. Гидроминералдык ресурстардын минералдык курамы, температуралык режими, пайда болуу шарттары боюнча ар түрдүүлүгү аларды колдонуунун кеңири спектрин шарттайт. Минералдык суулардын, жылуу жана ысык булактардын, радондук, сульфаттык, темирдүү жана башка типтеги суулардын потенциалы курорттор, санаториялык дарылоо жана эс алуу базалары тарабынан пайдаланылат. Уникалдуу суу объекттери жана жаратылыш шарттары курорттук-рекреациялык, тоо туризмин, маданий туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Көлдөрдүн, суу сактагычтардын, көлмөлөрдүн балык уулоо үчүн табигый балык өндүрүмдүүлүгү кыйла жогору бааланат. Акыркы жылдарда балыктын баалуу түрлөрүн климатташтыруу боюнча иштер көлмөлөрдүн балык уулоо потенциалын кыйла жакшыртканына карабастан, акыркы жылдары ири көлдөрдүн жана суу сактагычтардын балык өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кеткен.
1.3. Суу ресурстарынын таасири
Жердин тоолуу рельефи суу ресурстарынын жана жергиликтүү калктын жашаган жерлеринин бөлүнүшүнүн бир тектүү эместигин аныктайт. Жогорку сейсмикалык, геологиялык түзүлүштүн татаалдыгы, тоо кыркаларынын жана ойдуңдардын алмашып турушу менен рельефтин чоң бөлүнүшү өлкөдө кооптуу жаратылыш процесстеринин жана кубулуштарынын кеңири өнүгүшүн жана жайылышын шарттайт, бул көбүнчө өзгөчө кырдаалдарга алып келет.
Талдоо жүргүзүү өзгөчө кырдаалдардын санынын туруктуу өсүп баратканын айгинелейт, алсак 1991-2000-жылдары өзгөчө кырдаалдардын жылдык орточо статистикалык саны 123, 2001-2010-жылдары - 235, 2011-2016-жылдары - 313 болгон. Сууга байланышкан өзгөчө кырдаалдардын катталган түрлөрү боюнча төмөнкүдөй түрдө, азаюу тартибинде бөлүштүрүлгөн: сел агымдары жана суу ташкындары, кар көчкү, жер көчкү, кыртыштык суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү менен байланышкан суу каптоолор жана башка11.
Селдер, суу ташкындары. Өзүнүн таркалышы жана тез-тез кайталанып турушу боюнча зыян келтирүү жагынан Кыргыз Республикасындагы коркунучтуу табигый процесстердин ичинен биринчи орунда турат. Бардыгы болуп өлкөдө болжол менен 3900 сел бассейндери бар, 200 бийик тоо көлү жарылып кетүү жогорку ыктымалына ээ, 300 калктуу конуш катастрофалык суу капташы мүмкүн болгон зонада жайгашкан12.
Нөшөрлүү жаан-чачындар. Локалдуу нөшөрлөгөн жаан-чачындар агым калыптанган зонада сел, кар көчкү жана жер көчкүлөрдү пайда кылат.
Кыргыз Республикасында 92 объект жайгашкан, аларда 250 млн. м3 радионуклиддер жана башка уулуу заттар көмүлгөн, бул радиациялык кооптуу трансчек аралык экологиялык катастрофалардын келип чыгышынын жогорку тобокелдигин жаратат, алардын зонасына 7 миллиондон ашык адам жашаган Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын аймактары кирет13.
Суунун тынымсыз таасири суу объекттеринде жайгашкан инфраструктуранын абдан эскиришине алып келет, суу таасири зонасында жайгашкан жол катмарын, электр берүү линияларынын тирөөчтөрүн жууп кетүүгө жана башкаларга алып келет. Нөшөрлөгөн жаан-чачындын калдык сактоочу жайлардын абалына үзгүлтүксүз тийгизген таасири бүтүндөй регион үчүн экологиялык өзгөчө кырдаалдардын коркунучунун өсүшүнө алып келет.
Суу сактагычтардын жана гидроэлектр станцияларынын плотиналарынын туруктуулугу аларды пайдалануу мөөнөтү эскиргендигине, эндогендик жана экзогендик процесстердин таасирине байланыштуу алардын бекемдигинин начарлоо тенденциясына ээ. Чоң көлөмдөгү сууну дарыялардын нуктары боюнча авариялык же ирригациялык-энергетикалык агызууда калктуу конуштарды жана аймактарды суу каптоо коркунучу менен жээктерди жырып жана жууп кетүү процесстери болушу мүмкүн14.
Кар көчкү адамдарга, курулмаларга, транспорттук коммуникацияларга, энергетикалык көпүрөлөргө жана байланыш линияларына коркунуч туудурган өзгөчө коркунучтуу гидрометеорологиялык жаратылыш кубулуштарынын катарына кирет, малдын кар көчкүсүнөн жапырт өлүп калуу, токойлорду жок кылуу учурлары сейрек эмес. Кыргыз Республикасынын жалпы аймагынын 53%ында кар көчкү жүрүшү ыктымал. Кар көчкү пайда болгон 779 райондун чегинде 30 миңден ашык көчкү очоктору аныкталган.
Жер көчкү. Кыргыз Республикасынын аймагында 5 миңден ашык активдүү жер көчкү бар. Ар кандай деңгээлде 600 калктуу конуш жер көчкү процесстерине дуушар болот. 10 миңге чейин турак жай потенциалдуу кооптуу аймактарда жайгашкан.
Сугат суулары. Алардын таасиринин натыйжасында сугат жерлердин мелиоративдик абалы төмөнкүдөй түрдө мүнөздөлөт: 1,02 млн. гектардан жакшы абалда - 86%, канааттандырарлык абалда - 6%, канааттандырарлык эмес абалда - 8%, анын ичинде жер астындагы суулардын тайыз жайгашуусунун себебинен - 2%, кыртыштын шорлонуусунан - 5%, жер астындагы суулардын жол берилгис деңгээлинде жана шорлонууда турган - 7%.
Жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү/төмөндөшү. Жалпы республика боюнча суу каптоо коркунучу бар жерлер 3200 км2, 344 калктуу конуш суу каптоого кабылышы мүмкүн15.
Жер астындагы суулардын деңгээлинин төмөндөшү скважина насосторунун туруктуу иштешин камсыз кылууда, б.а. ичүүчү суу менен камсыздоодо тобокелдиктерди жогорулатат.
Суунун терс таасири жердин деградацияга учурашына таасирин тийгизет жана экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин жогорулатат. Суунун аздыгы, антропогендик таасир жана чөлгө айлануу процесстери жерлердин биологиялык өндүрүмдүүлүгүнүн азаюусуна жана кооптуу жаратылыш кубулуштарынын көбөйүшүнө реалдуу коркунуч келтирет16.
Жер ресурстарынын булганышы жана саркынды суулардын айлана-чөйрөгө тийгизген таасири дарыялардын экосистемасынын деградацияга учурашына, суу объекттеринин гидробиологиялык ар түрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, адамдардын жашоо чөйрөсүнүн сапатынын төмөндөшүнө алып келет, адамдардын ден соолугуна жана коопсуз өнүгүүсүнө коркунуч туудурат.
1.4. Климаттын өзгөрүшү жана антропогендик басым
Атмосфералык жаан-чачындардын, абанын температурасынын өзгөрүшүн талдоо Кыргыз Республикасынын аймагында буга чейин байкалган климаттык өзгөрүүлөрдүн маанилүүлүгүн көрсөтөт17.
1970-жылдары республиканын аймагында жалпы аянты 7944,2 км2 болгон 8164 мөңгү болгон, анын ичинде: көлөмү 0,1 км2ден чоң 6719 мөңгү, жалпы аянты 7866,6 км2 жана көлөмү 0,1 км2ден кичине 1445, жалпы аянты 77,6 км2 мөңгү18.
Борбордук Азиялык Жерди прикладдык изилдөө институтунун маалыматы боюнча 70 жылдык мезгилдин ичинде мөңгүлөрдүн жалпы аянты 16%га, ири мөңгүлөрдүн аянты 17%га кыскарган, ал эми өтө чоң эмес мөңгүлөрдүн аянты эки жарым эсеге көбөйгөн. Мөңгүлөрдүн жалпы саны 22%га көбөйгөн, бул ири мөңгүлөрдүн санынын азайышына жана алардын өзүнчө бөлүктөргө (0,1 км2ден аз) айланышына алып келген мөңгүлөрдүн жалпы деградациясы менен байланыштуу.
2100-жылга карата мөңгүлөр эң бийик жайгашкан райондордо гана калышы мүмкүн.
Натыйжада 2100-жылга карата дарыянын агымы 2000-жылдагы агындыдан олуттуу азаят - Карадарыя бассейнинде 30-43%га чейин, Фергана өрөөнүнүн түштүк бөлүгүндө - 27-48%га чейин, Амударыя бассейнинде 28-56%га19.
Дарыялардын жылдык ички режиминин күтүлүп жаткан өзгөрүүсү: кыйла эрте мөөнөттө сел ташкынынын өтүшү, кыйла эрте болушу жана суунун азайышынын узакка созулушу.
Кыргыз Республикасынын эң чоң көлү болгон Ысык-Көл жээгинин түздүгүндө 101 дарыя жана суу бар. Көлгө түздөн-түз 56 дарыя жана суу куюлат. Алсак, 1929-жылдан 1998-жылга чейин көлдүн деңгээли 3,6 м төмөндөгөн, андан кийин 2011-жылга чейин 1,1 метрге көбөйгөн. Ысык-Көлдүн деңгээлинин өзгөрүшү бардык дарыялардын агымынын өзгөрүшүнө байланыштуу. 1942-1972-жылдардагы мезгилде бардык дарыялардын агып кириши - 118 м3/с түзгөн, ал эми 1973-2008-жылдары -128 м3/с түздү. Акыркы мезгилде Ысык-Көлгө агып кирүүнүн 8,5%га көбөйүшүн мөңгү агындыларынын көбөйүшү менен түшүндүрүүгө болот. 2011-жылдан 2021-жылга чейин көлдүн деңгээли 0,95 м төмөндөгөн, бул климаттык жана антропогендик факторлордун таасири менен шартталган. Алсак, сугат үчүн суунун алынышына байланыштуу жыл бою 30 гана дарыя көлдү азыктандырат.
Кабыл алынган климаттык сценарийлерге жараша Ысык-Көлдүн аянты 2000-жылга салыштырмалуу 232-1049 км2, ал эми деңгээли 5,1-27,5 метрге азаят, ал эми Чатыр-Көл жыл сайын соолуп бараткан чакан көлмөгө айланат деп болжолдонууда20.
1.5. Суу ресурстарын башкаруу жаатындагы мамлекеттик органдардын функциялары
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин функциялары:
- ирригациялык жана мелиоративдик инфраструктураны кошпогондо, айлана-чөйрөнү коргоо, экология жана климат, геология жана жер казынасын пайдалануу, жаратылыш ресурстарын, анын ичинде суу ресурстарын пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жана координациялоо;
- экологиялык, өнөр жай коопсуздугунун, тоо-кен иштеринин коопсуздугунун, жер казынасын коргоо талаптарынын сакталышына мамлекеттик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
- суу ресурстарынын булганышына мониторинг жүргүзүү;
- жер астындагы суулардын сапатына мониторинг жүргүзүү (гидрогеология);
- жер астындагы суулардын табигый ресурстарынын жана эксплуатациялык запастарынын саны (гидрогеология).
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин функциялары:
- ирригация жана мелиорация чөйрөсүндө суу ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу жаатында саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- суу ресурстарын мамлекеттер аралык бөлүштүрүүнү пландоо жана уюштуруу;
- мамлекеттик суу чарба системаларынан берилүүчү жер үстүндөгү жана жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуу боюнча ишти координациялоо.
Кыргызгидрометтин функциялары:
- гидрологиялык, кар көчкү, гляциологиялык шарттарга, жер үстүндөгү суулардын булганышына системалуу байкоо жүргүзүү;
- болжолдоолорду түзүү: дарыялардагы суунун көлөмүнүн, суу сактагычтардагы суунун агымынын, кар көчкүлөрүнүн абалынын, табигый гидрометеорологиялык кубулуштардын жана айлана-чөйрөнүн булганышынын өтө жогорку деңгээлинин;
- Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн гидрологиялык шарттар, ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышы жөнүндө маалыматтарды системалуу талдоо жана жалпылоо, кар көчкүлөрдүн реестрин даярдоону жана басып чыгарууну жана алардын кадастрын жүргүзүүнү камсыз кылуу;
- калктуу конуштардын жана объекттердин аймактарын селден жана суу ташкындарынан коргоону, селден коргоочу курулмаларды курууну камсыз кылуучу иш-чараларды жүргүзүү, бул инженердик курулмаларды эксплуатациялоону камсыздоо.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин функциялары:
- калктуу конуштарды ичүүчү суу менен камсыздоо булактарынын (жер астындагы жана жер үстүндөгү суулардын) жана рекреациялык минералдык-термалдык суулардын сапатына мониторинг жүргүзүү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин функциялары:
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү жаатындагы ишти жүзөгө ашыруу;
- калктуу конуштарды борборлоштурулган ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча маалыматтар базасын түзүү.
Улутстаткомдун функциялары:
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында кесиптик көз карандысыздык жана өз алдынчалык принциптеринде расмий статистикалык ишти жүзөгө ашыруу жана эсепке алуу жана статистика жаатындагы ишти координациялоо.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлар, тармактык жана тармактар аралык илимий-изилдөө мекемелери башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон илимий негиздерди камсыздоо жана кадрларды даярдоо боюнча иштерди жүргүзүүдө.
Республикада жыйырма жылдан ашык убакыттан бери жергиликтүү деңгээлде суу ресурстарын пайдаланууну башкарууга тартуу жана суу пайдалануучулар ассоциацияларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Суу пайдалануучулар ассоциацияларынын, ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин, муниципалдык уюмдардын жана суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу ишканаларынын иштеши туруксуздугу менен айырмаланат.
II. Жетишкендиктер жана проблемалар
2.1. Суу ресурстарын башкаруу системасы
Суу ресурстарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алуунун вертикалы түзүлгөн. Суу жана жер ресурстары, өлкөнү өнүктүрүү жана суу ресурстарын коргоо маселелери комплекстүү түрдө каралууда.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш)21 түзүлгөн. Төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти, анын орун басарлары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри саналат.
Улуттук кеңештин негизги милдеттери жана функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет: министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын суу жана жер ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча ишин координациялоо.
Улуттук кеңештин катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна ылайык мамлекеттик органдар кайра түзүлдү, айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш өзүнчө багытка бөлүндү, бул чарбалык жөнгө салуудан саясатты бөлүүгө, башкаруу маселелерин функция катары кароого мүмкүндүк берди. Жаратылышты коргоо органынын түзүмүндө суу жана жер маселелери менен иштеген жана Улуттук кеңештин катчылыгынын жумушчу органы болуп саналган бөлүм түзүлдү. Жер-жерлерде суу ресурстарын башкаруу функциялары Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу ишке ашырылат.
Бассейндердин алкагында суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү үчүн региондук, улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде чечимдерди кабыл алууну камсыз кылуу керек.
2.2. Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана программалык документтери
Сууга байланышкан негизги тармактык милдеттер жана индикаторлор Кыргыз Республикасынын стратегиялык жана программалык документтеринде чагылдырылган:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-июлундагы № 440 токтому менен бекитилген 2017-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын ирригациясын өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 330 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы ж.б.
2.3. Инфраструктура жана суу ресурстарын сарамжалсыз пайдалануу
Суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү боюнча потенциалдын жетишсиздиги жана Мамлекеттик суу кадастрынын бузулган системасы. Суулардын мамлекеттик эсебин жүргүзүүнүн жана Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн уюштуруучулук түзүмүнүн бузулушу суу ресурстары жөнүндө маалыматтардын бир жактуу эместигин шарттайт. Ченемдик, укуктук, илимий-методикалык база илимдин, техниканын, технологиялардын өнүгүүсүнүн заманбап деңгээлине ылайык келбейт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын баалоо боюнча ыйгарым укуктуу ведомстволорунун потенциалы жетишсиз. Ошол эле учурда Кыргызстандын илимий институттары жана айрым эксперттери суу ресурстарынын болгон запастарына ар кандай бааларды беришет. Суу ресурстары жөнүндө мониторингдин маалыматтарынын жоктугу байкоо жүргүзүү тармактарынын, жумуштардын түрлөрүнүн жана гидрометеорологиялык мониторинг жүргүзүү боюнча бөлүмдөрдүн кыскарышы менен шартталат. Ведомстволук байкоо жүргүзүү тармагы системасы бузулган.
Сууларды мамлекеттик эсепке алуунун укуктук, ченемдик, техникалык, илимий-методикалык негиздерин өркүндөтүү, метрологиялык камсыз кылуу маселелеринин чечилиши Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүзөгө ашырылган. Мындан тышкары, 1990-жылдары көлдөргө жана мөңгүлөргө байкоо жүргүзүүнүн экспедициялык түрлөрү, өлчөөлөрдү жүргүзүүнүн метрологиялык негиздерин камсыз кылуу ж.б. сыяктуу иштин айрым тар профилдеги түрлөрү боюнча иштер токтоп калган. Мониторинг жүргүзүү тармагынын жана маалымдама жана аналитикалык маалыматтарды чыгаруунун кыскарышы суу ресурстары жана бүтүндөй жаратылыш чөйрөсүнүн абалы жөнүндө маалыматтардын жетишсиздигине алып келди.
Кыргыз Республикасынын суу ресурстары жөнүндө маалыматтардын мамлекеттик фонд тарабынан мамлекеттик деңгээлде ченемдик укуктук актылар менен тартипке келтирүү, жөнгө салуу (азыркы учурда ведомстволук деңгээлде жүргүзүлүүдө, документтердин сакталышы камсыз кылынбайт), мамлекеттик фонддорду (суу ресурстары боюнча архивдик маалыматтар) жүргүзүү үчүн жоопкерчиликти жогорулатуу, санариптик негизге өткөрүү талап кылынат.
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын маалыматы боюнча акыркы отуз жылда республиканын суу алуусунун жалпы көлөмү 11,1-7,5 км3 чегинде өзгөрүүдө, мында ошол эле жылдардагы пайдалануунун жалпы көлөмү 9,00-4,48 км3 же суу алуунун көлөмү 60%га чейин барабар.
Айыл чарба секторунда алынган жана пайдаланылган суунун көлөмүнүн катышы көлөмдүк мааниде жылына 3,50 км3 жеткен жоготуулардын көлөмү чоң экендиги жөнүндө күбөлөндүрөт, бул суу ресурстарын натыйжасыз жана сарамжалсыз пайдаланууну күбөлөндүрөт.
Скважиналар. Республиканын аймагында ар кандай багыттагы 14477 скважина - эксплуатациялык, чалгындоо, байкоо жүргүзүү ж.б. бургуланган, алардын жалпы санынын техникалык жактан эскирген 30-40%дан ашык эмеси эксплуатацияланууда.
Мурда сугат үчүн 1700гө жакын скважина эксплуатацияланса, азыркы учурда алардын 70-80% иштебей турат.
Суу менен камсыздоо системасы өткөн кылымдын 80-жылдарына чейин курулган жана 70%дан ашыгынын эскилиги жеткен, айылдык суу түтүктөрүнүн 40%га чейинкиси начар абалда. Азыркы убакта 226 ичүүчү суу менен камсыздоо системасы (21%) санитардык ченемдердин талаптарына ылайык келбейт; 14 - тазалоочу жана сууну даярдоочу комплекстери жок; алардын 178инде калкка берилүүчү ичүүчү сууну зыянсыздандыруу жүргүзүлбөйт; 4 миңден ашык (13,3%) суу алуу түтүктөрү бузулган.
Ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин туруксуздугунан жана кудуретсиздигинен улам айылдык суу менен камсыздоо системаларын күтүү жылдан жылга кыскарууда. Талдоо көрсөткөндөй, учурдагы 742 айылдык ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн коомдук бирикмелеринин ичинен болгон 68% иштеп, өздөрүн керектүү финансылык каражаттар жана башка ресурстар менен камсыздайт, калгандары оор финансылык абалда турат22.
Бир жагынан каржылоонун жетишсиздиги сугат, ичүүчү суу жана электр энергиясын берүү боюнча кызматтарды көрсөтүүгө тарифтердин адекваттуу эмес деңгээли менен да түшүндүрүлөт. Ичүүчү суу менен камсыздоо секторунда ичүүчү сууну берүүнүн өздүк наркы колдонуудагы тарифтерден 1,5 эсеге жогору. Ирригация секторунда сугат суусун берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн жылдык жыйым республикалык бюджеттен иш жүзүндө бөлүнүүчү каражаттардын 6-10% түзөт.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 800 миңге жакын адам жашаган 475 айылдык калктуу конушка коопсуз ичүүчү суу жеткиликсиз. Республиканын калкынын 88%, анын ичинде айыл жеринен 82% борборлоштурулган 1139 жана 253 жергиликтүү борборлоштурулбаган суу түтүктөрүнөн суу менен камсыздалган. 1139 борборлоштурулган суу түтүктөрү курулмаларынын ичинен 14% сууну ачык булактардан (дарыялар, каналдар, көлмөлөр) алышат.
Ичүүчү суунун жеткиликсиздигине байланыштуу калктын оорушу. Жыл сайын 30 миңден ашуун курч ичеги инфекциясы оорулары катталат. Кыргызстанда таралган, сууга түз же кыйыр түрдө байланышкан ичеги-карын инфекцияларынын ичинен эң көп катталгандары курч ичеги инфекциялары, А вирустук гепатити, ич келте. Ооругандардын жалпы санынын 80% 14 жашка чейинки балдар.
Борборлоштурулган саркынды сууларды чыгаруу. Шаар калкынын 23% саркынды сууларды чыгаруу тармактарына жеткиликсиз, ал эми 5 шаарда саркынды сууларды чыгаруу тармагы такыр жок23.
Тазалоочу курулмалардын ишинин натыйжалуулугу. Шаарлардын муниципалдык тазалоочу курулмалары реабилитациялоого жана реконструкциялоого муктаж. Республиканын кичи шаарларында жана райондордун борборлорунда тазалоочу курулмалар такыр жок. Аларды курууга муктаждык жогору.
Сууну транспорттоодо жоготуулар. Сугат жерлерине сугат суусу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик ирригациялык фондун түзгөн ирригациялык системалар аркылуу камсыздалат. Улутстаткомдун 2020-жылга маалыматы боюнча республиканын аймагы аркылуу сууну транспорттоодо анын жоготуулары 2198,7 млн. м3 же суу алуунун жалпы көлөмүнүн 24,7% - 8017,9 млн. м3 түзөт.
Капиталдык оңдоолорду жүргүзүү, заманбап жабдуулар менен камсыздоо, насостук станциялардын агрегаттарын алмаштыруу, суу алуу, суу берүү процесстерин автоматташтыруу талап кылынат, бул үчүн гидрометрологиялык постторду толук аттестациялоо, андан ары техникалык тейлөө ж.б. зарыл.
Гидрологиялык мониторинг. 1992-жылга чейин Кыргызгидрометтин мониторинг жүргүзүү системасы дарыяларда -148, көлдөрдө жана суу сактагычтарда - 7 гидрологиялык посттордон турган. Азыркы мезгилде дарыяларда - 78; 5 - көл посту; Ысык-Көлдө - 4 жана Киров суу сактагычында - 1 гидрологиялык посттор жарактуу болуп саналат. Дарыялардагы 78 гидрологиялык посттун ичинен - 8 (10%) толук калыбына келтирүүнү талап кылат; 20 гидрометриялык посттун посттук курулмалары жана түзүлүштөрү (26%) авариялык абалда, 30%га жакын кызматтык жайлар толук калыбына келтирүүнү талап кылат.
Жер үстүндөгү суунун сапатына мамлекеттик мониторинг Чу дарыясында гана Кыргызгидромет тарабынан жүргүзүлөт. Ведомствонун лабораториялык базасы аккредитация алуу үчүн заманбап талаптарга ылайык келбейт. Ош шаарындагы жана Чолпон-Ата шаарындагы жана "Мөлтүр" илимий-изилдөө кемесиндеги лабораториялар жараксыз абалга келген. Суу ресурстарынын булганышына мониторинг Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан жүргүзүлөт жана негизинен Чу дарыясынын жана Ысык-Колдүн бассейндерин камтыйт. Бишкек шаарында жана Чолпон-Ата шаарында 2 гана экологиялык лаборатория иштейт. Өлкөнүн түштүгүндө экологиялык лабораторияларды куруу зарылчылыгы бар. Ведомстволук лабораториялар аккредитация алуу үчүн имараттардын техникалык абалына коюлган талаптарга ылайык келбейт, приборлор базасын техникалык жактан кайра жабдуу талап кылынат.
Жер астындагы сууларга мониторинг жүргүзүү. Жер астындагы сууларга мониторинг гидрогеологиялык экспедиция тарабынан жүргүзүлөт. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын түндүк райондорундагы жер астындагы суулардын скважиналарынын паспортторунун электрондук картотекасын түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө, республиканын түндүк региондорунда 10 миңден ашык жер астындагы суулардын скважиналарынын жайгашуу карталары санариптештирүүдө, ошондой эле алардын тиешелүү маалыматтык базалары түзүлүүдө (суу алуулардын маалыматтык базасы, химиялык курамы, суу алуусу). Иштер 2017-жылдан бери аткарылууда жана аларды 2023-жылдын аягына чейин аяктоо пландалууда. Буга окшош иш-чараларды түштүк региондордо да жүргүзүү талап кылынат, 5 миңден кем эмес скважиналардын жайгашуу карталарын санариптештирүү пландалууда.
Жер астындагы суулардын скважиналарынын жайгашуу карталарын санариптештирүү үчүн GIS программалары менен жабдылган заманбап компьютердик техникалар, плоттерлер, жогорку квалификациялуу гидрогеология адистери, IT-адистер жана бул иштерди аткарууга долбоорду иштеп чыгуу зарыл.
Статистикалык отчеттуулукту эсепке алуу системасы. Статистикалык отчеттуулуктун маалыматтары менен ведомстволук маалыматтар макулдашылган эмес. Суу пайдалануу боюнча отчеттуулукту берүү системасы бузулган, бул сууну пайдаланууну фрагментардык эсепке алууга алып келет. Мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү системасын, анын ичинде сууну пайдалануунун жалпы көрсөткүчтөрү боюнча өркүндөтүү талап кылынат.
Суу фондунун жерлери жана сууну коргоо зоналары (тилкелери). Суу фондунун жерлерин берүү жана пайдалануу маселеси жөнгө салынган эмес. Суу фондунун жерлерин инвентаризациялоонун жоктугунан улам сууну коргоо зоналарынын жерлери азыркы учурда башка категориядагы жерлер катары пайдаланылат жана ар кандай менчик ээлеринин башкаруусунда турат, бул мүмкүн болуучу бузуу тобокелдиктери менен контролсуз пайдаланууга, ал тургай шагыл, кум, таш жана башка курулуш материалдарын казып алуу боюнча карьерлерди иштетүүгө жана курууга чейин алып келет. Сууну коргоочу зоналардагы жана тилкелердеги курулуштар суунун булганышына, жээктердин бүтүндүгүнүн бузулушуна, натыйжада дарыялардын гидрологиялык режиминин бузулушуна алып келет.
2.4. Кадрдык потенциал жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү
Кыргыз Республикасынын окуу жайларынын суу сектору үчүн актуалдуу багыттар боюнча бүтүрүүчүлөрүнүн саны жетишсиз жана анын керектөөлөрүн толук камтыбайт.
Мамлекеттик органдардын суу ресурстарын башкаруу боюнча ишинде орто жана жогорку кесиптик билими бар жаш адистердин жетишсиз агымы белгиленүүдө, кесиптик техникалык билими бар инженердик адистиктеги кадрлар жетишсиз, төмөнкү илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен өз ара байланыштар жетишсиз: Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, жогорку окуу жайлары, тармактык жана тармактар аралык илимий-изилдөө уюмдары ж.б.
Мотивациялоо жана социалдык коргоо системасынын төмөндүгү кадрлардын тез алмашуусун шарттайт.
Илимий, практикалык билимдер менен жергиликтүү тургундардын суу режиминин өзгөчөлүктөрү тууралуу билиминин ортосундагы ажырым күчөп баратат. Суу маселелери боюнча тармактык мамилелер артыкчылыкка ээ.
Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алсыздыгы өлкөнүн суу ресурстарын коргоо жана пайдалануу боюнча макулдашылган аракеттердин жоктугуна алып келет. Суу ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик органдардын жана чектеш институттардын: долбоордук, илимий-изилдөө, билим берүү мекемелеринин - жогорку окуу жайларынын, колледждердин потенциалын өстүрүү талап кылынат.
III. Стратегиялык максат жана өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
3.1. Стратегиялык максат
Максат: Азыркы жана келечектеги муундардын бакубат жашоосу үчүн Кыргыз Республикасында суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүү.
Артыкчылыктуу багыттар. Коюлган максатка жетүү үчүн төмөнкү артыкчылыктуу багыттар боюнча чаралар ишке ашырылат:
1) суу ресурстарын азаюудан жана булгануудан коргоо;
2) суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу;
3) суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоо.
Таасир этүү чаралары төмөнкүлөргө багытталат:
- экосистемага антропогендик жүктүн булагы катары адамга;
- жашоону камсыз кылуучу потенциал жана антропогендик таасирдин индикатору катары сууга.
Чаралар төмөнкүлөр аркылуу ишке ашырылат:
- Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн потенциалы катары сууну пайдаланууга суроо-талапты башкаруу;
- суу менен байланышкан тобокелдиктерди башкаруу, т.а. маалыматтын жетишсиздигинин шарттарында чечимдерди кабыл алуу.
Милдеттер, чаралар/иш-аракеттер. Стратегияны ишке ашырууда иштин натыйжаларын баалоо жана аларды финансылык камсыз кылуу үчүн милдеттер, чаралар/иш-аракеттер, индикаторлор алар кабыл алынганда аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландарында аныкталат.
Стратегияны ишке ашыруунун мезгили жана этаптары
Стратегияны ишке ашыруунун этаптарынын мөөнөттөрү кийинки жылдарга кабыл алынган Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программаларынын мөөнөттөрү менен аныкталат.
3.2. Негизги артыкчылыктуу багыттар
3.2.1. Суу ресурстарын азаюудан жана булгануудан коргоо
1-милдет. Суу объекттерин коргоо
Суу объекттерин алардын экологиялык туруктуулугун камсыз кылуучу абалда сактоо жаратылышты коргоо системасын өркүндөтүү аркылуу жетишилет.
Чаралардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана суу ресурстарын башкарууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууга сууну пайдаланууну эсепке алууну жана контролдоону жакшыртуу, суу объекттеринин абалына мониторинг жүргүзүү жана айлана-чөйрөнүн булганышын контролдоо жолу менен жетишилет.
2-милдет. Суунун мамлекеттик эсебин жакшыртуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик суу фондун түзгөн суу объекттерин жана аларда топтолгон суу ресурстарын, ошондой эле курулмалардын жана техникалык түзүлүштөрдүн жардамы менен калктын муктаждыктары жана экономиканы өнүктүрүү үчүн суу объекттеринен алынган жана пайдаланылган, же болбосо суу объекттерине агылган сууларды мамлекеттик эсепке алууну жакшыртуу сууну пайдалануунун жана аны коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуунун негизине кирет.
Сууну пайдаланууну эсепке алуунун жана контролдоонун мамлекеттик системасын өркүндөтүү төмөнкүдөй чараларды карайт:
- суулардын санын жана сапатын мүнөздөөчү параметрлерге системалуу байкоолорду жана өлчөөлөрдү жүргүзүүдө, анын ичинде суу объекттерине мониторинг жүргүзүүдө заманбап технологияларды киргизүү;
- автоматтык приборлорду жана жабдууларды киргизүү, стационардык байкоочу станциялардын жана посттордун тармагын камтыган инфраструктураны модернизациялоо жана кеңейтүү, көчмө (алып жүрүүчү) өлчөөчү приборлор жана орнотмолор менен жабдылган мобилдик лабораторияларды киргизүү, интернет байланышын жана спутник байланышын, маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу, топтоо жана сактоо каражаттарын камсыз кылуу;
- суу мыйзамдарын, суу пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдердин жана эрежелердин сакталышы үчүн мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү;
- Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүүнүн негизинде суу объекттерин эсепке алуу жана каттоо;
- мамлекеттик реестрди жүргүзүүнүн негизинде суу чарба курулуштарын эсепке алуу жана каттоо;
- сууну пайдаланууга уруксаттарды/лицензияларды берүүнүн негизинде суу пайдалануучуларды эсепке алуу жана каттоо;
- сууну пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө мамлекеттик статистикалык отчеттуулук системасын өркүндөтүү;
- суунун санын жана сапатын өлчөө методдорун жана каражаттарын метрологиялык камсыз кылууну өркүндөтүү;
- суунун абалы, пайдалануу жана коргоо жөнүндө маалыматтык камсыз кылуу.
Суу ресурстары жөнүндө маалыматтык камсыз кылуу боюнча суу секторундагы мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын так ажыратуу, коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн финансылык колдоону камсыз кылуу менен суу ресурстарына мониторинг жүргүзүү жана эсепке алуу боюнча өндүрүштүк милдеттерди аткарууга жооптуу институционалдык кемчиликтерди толтуруу чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтык колдоону камсыз кылат.
3-милдет. Экологиялык жагдайды жакшыртуу, сууну сарамжалдуу пайдаланууга социалдык мотивацияны жогорулатуу
Суу пайдалануучулардын жүрүм-турумунун туруктуу өзгөрүүсү социалдык мотивациялоо методдорун өркүндөтүүнү камсыз кылууга багытталган. Иш-чаралар суу пайдалануучулардын жүрүм-турумунун экологиялык маданиятына жана айлана-чөйрөнүн тазалыгын сактоого басым жасоо менен суу объекттерин пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча суу пайдалануучуларды окутууга жана маалымдоого багытталган. Алардын артыкчылыктарына таасир этүү, бюджеттердин кирешелерин жогорулатуу, ошону менен зарыл болгон мамлекеттик иш-чараларды каржылоону камсыз кылуу экономикалык дем берүүнүн инструменттерин өркүндөтүү жолу менен ишке ашырылат.
Социалдык мотивация сууну пайдалануучуларды, анын ичинде калкты суу ресурстарын аярлап жана үнөмдүү пайдалануу, суу менен байланышкан жаратылыш ресурстарынын башка түрлөрүн: өсүмдүктөрдү жана суу объекттерине жакын жайгашкан токойдогу бак-дарактарды коргоо маселелери боюнча агартуу жана маалымдоо үчүн чараларга багытталат.
4-милдет. Коопсуз жана сапаттуу суу менен камсыздоо, саркынды сууларды чыгаруу жана санитария
Суу объекттеринин азайышын алдын алуу үчүн суу объекттеринин экологиялык абалынын максаттуу көрсөткүчтөрүнүн негизинде эсептелүүчү сууларды алуу ченемдери белгиленет. Сууну үнөмдүү пайдалануунун ар кандай методдорун колдонуу колдоого алынат:
- өнөр жайда суу ресурстарын аз керектөөчү технологияларды колдонуу: сууну кайра иштетүүнү жана кайра пайдаланууну киргизүү, аз сууну жана суусуз технологияларды колдонуу;
- турак жай-коммуналдык чарба чөйрөсүндө суу менен камсыздоону ичүүчү жана чарбалык кылып бөлүү;
- айыл чарбада суу ресурстарын пайдаланууну оптималдаштыруу, анын ичинде жаадырып, тамчылатып сугаруу сыяктуу сууну салыштырмалуу аз чыгымдоону камсыз кылган сугаттын прогрессивдүү методдору;
- суу пайдалануучулар тарабынан өндүрүлгөн жер астындагы жана алынган жер үстүндөгү сууларды милдеттүү түрдө прибордук эсепке алууну киргизүү.
3.2.2. Суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу
Суу ресурстарын комплекстүү башкаруу
Региондук өнүктүрүүнү пландоо геомаалыматтык жана демографиялык маалыматтарга таянган бардык табигый, социалдык жана экономикалык факторлорду эске алуу менен комплекстүү мейкиндикте пландоонун заманбап түшүнүгүнө негизделүүгө тийиш. Өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу тобокелдиктерди азайтууну камсыз кылуу, мыкты технологияларды киргизүүнүн жана кен казуучу ишканалардын ишине контролду күчөтүүнүн эсебинен жер жана суу ресурстарынын булганышын кыскартуу зарыл. Натыйжалуу энергетикалык жана ирригациялык тармактарды, жол жана транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, калктуу конуштардын ичүүчү таза суу жана саркынды сууларды агызуу системасы менен камсыз болушу мамлекеттин артыкчылыктуу милдеттери болуп саналат24.
5-милдет. Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо
Суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу үчүн санариптик технологияларга өтүү жүрүп жатат. Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык база ведомстволук маалыматтар базаларын бириктирүүгө, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коммерциялык эмес уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жакшыртууга, суу ресурстарын башкарууда маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн, ыкчамдуулугун жана ачык-айкындуулугун камсыз кылууга үндөлөт.
Өлкөнүн суу ресурстары, суу объекттери, аларды пайдалануу жана айлана-чөйрөгө, өлкөнүн экономикасына жана социалдык чөйрөгө таасири жөнүндө маалымат Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык базаны түзөт.
Өлкөнүн мөңгүлөрүндө, дарыяларында, көлдөрүндө жана суу сактагычтарында турган суу ресурстарына мониторинг жүргүзүүнүн ведомстволук системалары күчөтүлөт.
6-милдет. Сууну сарамжалдуу пайдаланууга түрткү берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдерин түзүү
Сууну пайдалангандыгы үчүн төлөм суу экосистемаларын сактоого жана калыбына келтирүүгө, суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга, кайра өндүрүүгө жана аларды коргоого кеткен чыгымдардын ордун толтурууга, сууну сарамжалдуу пайдаланууга, натыйжалуу башкарууга (изилдөө, баалоо жана коргоо) экономикалык дем берүүнү камсыз кылууга, айлана-чөйрөгө суунун зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.
Суу объекттеринин булганышын азайтуу үчүн саркынды сууларды жана калдыктарды башкаруу, жөнгө салуу саясаты, ошондой эле айлана-чөйрөгө булгоочу заттарды чыгаруу үчүн экономикалык механизмдер өркүндөтүлөт.
Сууну казып чыгарууга/алууга жана пайдаланууга жыйымдын ставкалары суу ресурстарын пайдалануунун максатына жараша: ичүүчү жана чарбалык суу менен камсыз кылуу үчүн, өнөр жай, энергетика, сугат дыйканчылыгы муктаждыктары үчүн, сууну албастан суу объектинин акваториясын пайдалануу үчүн, ошондой эле бассейндин ар бир конкреттүү участогунда жеткиликтүү суу ресурстарынын көлөмүнө жараша айырмаланат. Бассейндин аймагынын чегинде сууну артыкчылыктуу жана коопсуз туруктуу пайдалануунун артыкчылыктарына ылайык төлөмдөрдү айырмалоо суу саясатын ишке ашырууга интеграцияланган мамиле жасоо үчүн негиз түзөт.
Кыргызстандын жаратылыш шарттары экосистемалык кызматтарды көрсөтүү үчүн сууну тазалоого, суу ташкындарын контролдоого жана суу ресурстарынын жаңы булактарын иштетүүгө олуттуу чыгымдарды талап кылган альтернативалык методдорго салыштырмалуу суу ресурстарын башкаруунун бир топ натыйжалуу методдору катары жагымдуу.
Сууну натыйжалуу кайра бөлүштүрүү үчүн суу ресурстарын башкарууда рыноктук механизмдерди киргизүү жана өркүндөтүү боюнча эл аралык тажрыйба адаптацияланат.
Дүйнөлүк практикада жер үстүндөгү суу суроо-талап жана сунуш механизмдери менен аныкталуучу баа боюнча сатып алынышы жана сатылышы мүмкүн болгон ар кандай кырдаалдар бар. Сууга байланыштуу тобокелдиктерди башкаруу системасы өркүндөтүлөт. Суунун терс таасиринин натыйжасында менчик ээсинин мүлкүнө зыян келтирүү тобокелдигин камсыздандыруу залалдын жана зыяндын көлөмүн азайтууга мүмкүндүк берет.
3.2.3. Суу мамилелери системасын реформалоо
7-милдет. Институттук өнүктүрүү
Жарандык секторго жана коомчулукка башкаруунун бардык деңгээлдеринде экология жана айлана-чөйрө, ресурстарды бөлүштүрүү, келечекти калыптандыруу сыяктуу талылуу темалар боюнча стратегиялык маанилүү мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда катышуу боюнча көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүү пландалууда25.
8-милдет. Бассейндик башкаруу органдарын түзүү
Бассейндик кеңештерди түзүү бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде коомдук уюмдардын суу ресурстарын башкаруу боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун жана аймактарды өнүктүрүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүүнү камсыз кылат, чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.
9-милдет. Башкы бассейндердин чегинде суу ресурстарын башкаруу
Суу ресурстарын интеграциялуу башкаруунун принциптеринин бири болуп эсептелген бассейндердин чегинде башкарууну ишке ашыруу суу ресурстарын башкаруунун жергиликтүү деңгээлин өнүктүрүүгө жагымдуу болот.
Суу ресурстарын комплекстүү башкаруунун негизги механизми суу пайдаланууну жана сууга болгон суроо-талапты башкаруу, суу ресурстарын бөлүштүрүүнү башкаруу, айлана-чөйрөнү коргоо, анын ичинде суунун сапатын башкаруу болот.
Башкы бассейндердин суу ресурстарын башкаруу сууну төмөнкүлөр менен өз ара байланышта сууну пайдалануунун негизинде жүзөгө ашырылат: ичүүчү суу менен камсыздоо, айыл чарба, энергетикалык муктаждыктар, өнөр жай, туризм чөйрөсү жана рекреация.
Бассейндерди өнүктүрүү боюнча чечимди кабыл алуу экономикалык инструменттерди административдик чаралар жана социалдык мотивациялоо методдору менен биргеликте пайдаланууну эске алуу менен бассейнди социалдык, экологиялык жана экономикалык баалоого негизделет.
10-милдет. Бассейндик пландоо
Бассейндик пландоо бюджеттик процесс менен байланыштырылат. Суу ресурстарын башкаруу боюнча бардык кызыкдар тараптардын өз ара аракеттенүү механизмдери, өнүктүрүү максаттары боюнча коомдун негизги топторунун пикирлерин эске алуу механизми, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана башкалардын функциялары өркүндөтүлөт, ошондой эле аткарылуучу милдеттерди ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик жогорулайт.
3.3. Эл аралык кызматташтык
2040-жылга чейинки Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын ишке ашырууда маанилүү орунду эл аралык өнөктөштөр жана финансылык институттар, анын ичинде БУУ, ЕБ, ДБ, ЭРӨБ, ЕРӨБ, АӨБ, ЕӨБ, ЭКӨУ, ЖКФ, ГЭФ, ШӨКА жана башкалар менен кызматташуу ээлейт.
Эл аралык өнөктөштөр, инвесторлор, финансылык институттар, климаттык жана экологиялык фонддор, ошондой эле башка уюмдар жана мекемелер менен кызматташуу туруктуу өнүктүрүү максаттарына жана Париж макулдашуусуна жетишүүгө, суу жана суу-энергетикалык ресурстарга байланышкан жана калктын жашоо сапатын жакшыртууга, экологиялык коопсуздукту камсыз кылууга, климаттын туруктуулугун жогорулатууга жана "жашыл" аз көмүртектүү өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдоого жана ишке ашырууга өбөлгө түзөт.
Күтүлгөн натыйжа
Стратегияны ишке ашыруу азыркы жана келечек муундардын пайдасына жаратылыш потенциалын сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын башкаруунун туруктуу системасын түзүүгө мүмкүндүк берет.
Суу ресурстарын башкаруу саясатынын өзгөчөлүгү суу менен камсыз болуунун аймактык өзгөчөлүктөрүн, алардын экономикага, социалдык чөйрөгө жана экосистемага тийгизген таасирин эске алуу менен секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу болуп саналат.
Институттук жана интеллектуалдык потенциалды калыптандырууну эске алуу менен бардык кызыкдар тараптарды -мамлекеттик органдарды, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдү, жеке жана өкмөттүк эмес секторлорду координациялоонун жогору деңгээли натыйжалуу суу саясатынын айырмалануучу белгиси болуп эсептелет.
Чечимдерди кабыл алуу башкы бассейндер боюнча суу ресурстарынын наркын социалдык, экологиялык жана экономикалык баалоо боюнча комплекстүү мамилеге негизделет.
Сууну сарамжалдуу пайдалануу сууну коргоо жана пайдалануу боюнча тармактык өнүктүрүү программаларынын, социалдык саясаттын жана бассейндик пландардын алкагында ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын таасирин эске алуу менен айыл чарба -энергетика - айлана-чөйрөнүн өз ара байланышын эсепке алууга негизделет.
Суу ресурстарын түзүүнүн шарттарын, алардын экономикага, социалдык өнүктүрүүгө жана экосистемага тийгизген таасирин, ошондой эле сууну максаттуу пайдаланууну эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу жагынан сууну коргоо боюнча саясат күчөтүлөт, бул суу ресурстарына жүктүн түшүүсүн азайтууга жардам берет.
Суу мамилелерин каржылоонун туруктуу системасын ишке киргизүү сууну коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат.
Стратегияны ишке ашыруу 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт:
1. Жаратылыш чөйрөсү улуттук мурастын эң баалуу компоненти катары социалдык-экономикалык мамилелердин системасына киргизилет26.
2. Кыргызстан жаратылыш менен гармониялуу жашоого негизделген экономиканын жаңы моделин курат27.
3. Кыргызстанда жаратылыш ресурстары бюджеттин чыгаша бөлүгү болбой, киреше бөлүгүнө өтөт28.
4. Экологиялык туруктуулук өлкөнүн экономикасынын өсүшү менен камсыз кылынат29.
2023-2025-жылдарга негизги милдет болуп суу ресурстарын башкаруу системасын реформалоо саналат.
6-таблица. 2023-2025-жылдары Стратегияны ишке ашыруунун 1-этабынын индикаторлору
№ | Стратегияны ишке ашыруунун индикаторлору | Ишке ашыруу мөөнөттөрү |
1 | Ченемдик жана укуктук базаны шайкеш келтирүү |
|
1.1 | Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде суу ресурстарын коргоо жана сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттик саясаттын функцияларын суу чарбачылыгын жөнгө салуудан бөлүү | 2023 |
1.2 | Суу пайдаланууга уруксат берүү системасын калыбына келтирүү | 2023 |
1.3 | Сууга мониторинг жүргүзүү жана мамлекеттик эсепке алуу системасынын туруктуу иштеши боюнча ЧУАны өркүндөтүү | 2023 |
1.4 | Мамлекеттик суу кадастры системасын киргизүү | 2025 |
1.5 | Суу маселелери боюнча мамлекеттик статистикалык отчеттуулук системасын өркүндөтүү | 2024 |
2 | Бассейндик башкарууну киргизүү |
|
2.1 | Башкы бассейндердин чектерин бекитүү | 2023 |
2.2 | Бардык башкы бассейндерде бассейндик кеңештерди түзүү | 2023 |
2.3 | Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын ведомстволук бөлүмдөрүндө бассейндик администратордун функцияларын киргизүү | 2023 |
2.4 | Мамлекеттик суу кадастрын жүргүзүү боюнча ведомстволук бөлүмдөрдү түзүү | 2023 |
2.5 | Бассейндик пландарды бекитүү | 2024 |
2.6 | Улуттук кеңештин жыйналыштарын өткөрүү | жыл сайын |
3 | Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны санариптик трансформациялоо |
|
3.1 | Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны киргизүү боюнча аналитикалык бөлүмдү түзүү | 2023 |
3.2 | Суу объекттеринин реестрин автоматташтыруу жана санариптештирүү | 2023 |
3.3 | Лицензиялык-уруксат берүү системасын автоматташтыруу жана санариптештирүү | 2025 |
3.4 | Суу пайдалануучулардын реестрин автоматташтыруу жапа санариптештирүү | 2024 |
4 | Сууну сарамжалдуу пайдаланууга түрткү берүүчү суу ресурстарын башкаруунун туруктуу экономикалык механизмдери |
|
4.1 | Жер үстүндөгү суу ресурстарын өнөр жай максаттарында пайдаланууга жыйымды баштоо | 2023 |
4.2 | Кыргыз Республикасында жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдаланууга жыйымды аныктоо жана алуу боюнча ченемдик укуктук актыны өркүндөтүү | 2023 |
4.3 | Жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдаланууга уруксат берүү системасынын иштеп башташы | 2024 |
4.4 | Суу боюнча бирдиктүү маалыматтык системаны республикалык бюджеттен каржылоого этап-этабы менен өтүп баштоо | 2025 |
Тобокелдиктерди жана чакырыктарды баалоо
Дүйнөлүк банк (2009-ж.) тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык Кыргыз Республикасына Европа, Кавказ жана Борбордук Азиядагы 28 өлкөнүн ичинен климаттык өзгөрүүнүн кесепеттерине алсыздыктын жогорку даражаларынын бири ыйгарылды.
Стратегияны ишке ашыруудагы тобокелдиктер климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу белгисиздик менен байланышкан.
Өлкөнүн экономикасы аба ырайынын шарттарына көз каранды, бул чечимдерди кабыл алуу үчүн маалыматтын жетишсиздигин шарттайт жана өнүктүрүүнү узак мөөнөткө пландоого мүмкүндүк бербейт. Суу ресурстарын коргоону жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуучу звенолор болуп эсептелген иш-чараларды туруктуу каржылоонун жоктугу.
Суудагы табигый кырсыктардын санынын өсүшү жана адамдардын өлүмү, алардын инфраструктурага, айыл чарба жерлерине, үй чарбаларына келтирген зыяны көбүнчө тоолуу ландшафт жана климаттык шарттар менен аныкталат, ошондой эле экосистемага антропогендик таасирдин натыйжасы болуп саналат. Суу менен байланышкан өзгөчө кырдаалдардын санынын өсүшү болжолдонууда.
Чакырыктар. Калктын өсүшү, урбанизация, тиричилик шарттарынын жакшырышы, климаттын глобалдык өзгөрүшү сууга болгон суроо-талаптын динамикалык өсүшүн, суу ресурстарынын тартыштыгы жана түгөнүү тобокелдигин, суу ресурстарынын жана объекттеринин булганышын, суунун терс таасирин, суу ресурстары менен байланышкан чакырыктарга жана проблемаларга жооп берүү үчүн трансчек аралык кызматташуунун зарылдыгын шарттайт, суу ресурстарын башкаруунун көп деңгээлдүү системасын түзүүнү талап кылат.
Дарыялардын агымынын болжолдонгон азайышы санитарияга жетүүнү, экономиканы өнүктүрүүнү жана экосистеманы сактоону камсыз кылууга алсыздыкты жогорулатат. Экосистемага зыян келтирбестен суроо-талапты камсыз кылуу үчүн инфраструктураны түзүү жана күтүү убакытты жана олуттуу чыгымдарды талап кылат.
Координациялоо, мониторинг жүргүзүү, маалыматтык камсыз кылуу жана отчеттуулук
Стратегияны ишке ашыруу кызыкдар тараптардын так түзүлгөн өз ара аракеттенүүсүн болжолдойт, ал үчүн жаратылыш ресурстары чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан координациялоо иштери жүзөгө ашырылат.
Коюлган максаттарга жетүү жана коомду гармониялуу, туруктуу өнүктүрүү үчүн милдеттерди чечүү 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, экономика секторлорун өнүктүрүүнүн буга чейин кабыл алынган мамлекеттик программаларын, адаптациялоо чараларын, Кыргыз Республикасынын БУУнун КӨАК Париж макулдашуусуна улуттук деңгээлде аныкталган салымын (УДАС2) жана Стратегиянын максаттарын, ишинин артыкчылыктуу багыттарын жана милдеттерин эске алуу менен иштелип чыга турган программаларды ишке ашыруу аркылуу пландалууда.
Стратегияны ишке ашыруу даражасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорун камтыган чараларды жана аракеттерди бириктирген иш-чаралардын иштелип чыккан планына негизделет, бул Стратегияны ишке ашыруунун ажырагыс бөлүгү болот. Стратегияда каралган иштин системалуу мониторинги индикаторлордун сунушталган атрибуттарына ылайык жыйноону, жалпылоону, талдоону жана баалоону камтыйт.
Стратегияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары андан ары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети зарыл болгон чечимдерди кабыл алуусу үчүн сунуштамалар берилүү менен жана коомчулукка маалымдоо менен Улуттук кеңештин жыйналыштарында дайыма каралат.
Кыскартуулардын тизмеси
АӨБ | Азия өнүктүрүү банкы |
ДБ | Дүйнөлүк банк |
МСК | Мамлекеттик суу кадастры |
ГЭС | гидроэлектр станция |
ГЭФ | Глобалдык экологиялык фонд |
ЕӨБ | Евразия өнүктүрүү банкы |
ЕРӨБ | Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
ЕБ | Европа бирлиги |
ЖКФ | Жашыл климаттык фонд |
ЭРӨБ | Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы |
ЧУА | ченемдик укуктук акт |
Улутстатком | Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети |
УДАС | Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүү жөнүндө алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусуна улуттук башкарылуучу аныкталган салымдар |
БУУ | Бириккен Улуттар Уюму |
ЭКӨУ | Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү уюму |
БУУӨП | Бириккен Улуттар Уюмунун өнүктүрүү программасы |
СССР | Советтик Социалисттик Республикалар Союзу |
БА | Борбордук Азия |
БАЖИИ | Борбордук Азиялык жерди колдонмо изилдөөлөр институту |
ТӨМ | Туруктуу өнүктүрүү максаттары |
ШӨКА | Швейцариялык өнүгүү жана кызматташтык агенттиги |