Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 23-майындагы ПЖ № 124 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 19-апрели ПЖ № 108
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 3-декабрындагы № 543 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жарандык маселелери боюнча комиссиянын курамында:
Мадмаров Азизбек Маматович, Мамбеткадыров Айдарбек Абдыраевич, Эркебаев Абдыганы Эркебаевич, Бараканова Салтанат Нурудиновна курамдан чыгарылсын;
Толонов Данияр Эрмекович - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Имангазиев Алмаз Кулубекович - Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары, Базарбаев Нурдоолот Сатыбекович - Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары, Кийизбаева Жазгуль Ильичевна - Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары курамга киргизилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |