Загрузка документа…
КР Президентинин
2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ N 193 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 26-октябры ПЖ № 496 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палатаны түзүү жөнүндө Экономиканын тармактарын жана региондорду туруктуу өнүктүрүү үчүнжагымдуу шарттарды түзүүдө мамлекеттик башкаруу органдары менен эконо-микалык иштин субъекттеринин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жигер-дештирүү, атаандаштыкка кудуреттүү продукцияны өндүрүү үчүн атамекендиктовар өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында, ошондойэле ишкерлердин атамекендик бирикмелеринин сунуштарын эске алып, токтомкылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жанаишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата түзүлсүн. 2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жанаишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата жөнүндө жобо (1-тиркеме) жа-на анын персоналдык курамы (2-тиркеме) бекитилсин. 3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар аталган Коомдук пала-танын ишине көмөк көрсөтсүн. 4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Ишкерликтиөнүктүрүү боюнча кењеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин2002-жылдын 25-ноябрындагы № 339 Указы; - "Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Ишкерликтиөнүктүрүү боюнча кењештин курамын өзгөртүү жөнүндө" Кыргыз Республика-сынын Президентинин 2004-жылдын 6-апрелиндеги № 124 Жарлыгы; - "КОРду турмушка ашыруу боюнча Улуттук кењештин алдындагы Эконо-миканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палатаны түзүү жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 9-декабрындагы № 269буйругу. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык саясатбөлүмүнө жүктөлсүн. 6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 26-октябрындагы N 496 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Коомдук палатанын максаттары жана милдеттери III. Коомдук палатанын функциялары IV. Коомдук палатанын укуктары V. Коомдук палатанын ишин уюштуруу VI. Коомдук палатанын ишин токтотуу I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Экономиканы жанаишкерликти өнүктүрүү боюнча коомдук палата (мындан ары - Коомдук пала-та) экономиканы өнүктүрүү жана ишкерликти колдоо чөйрөсүндө мамлекеттиксаясатты турмушка ашырууда мамлекеттик органдардын жана жеке сектордункоомдук структураларынын аракеттерин координациялоо максатында түзүлгөнконсультациялык орган болуп саналат. 2. Коомдук палатанын иши: - экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү проблемаларын жамааттык,эркин жана маалымдуу талкуулоонун; - республикалык, региондук жана тармактык деңгээлдерде кабыл алы-нуучу чечимдерди турмушка ашыруунун мониторингинин негизинде жүзөгөашырылат. 3. Коомдук палата өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынжана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жанабуйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйрук-тарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жанаушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Коомдук палатанын персоналдык жана сандык курамы республиканынишкерлик субъекттеринин (коомдук бирикмелеринин) жана мамлекеттик баш-каруу органдарынын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт жана Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан бекитилет. II. Коомдук палатанын максаттары жана милдеттери 5. Коомдук палатанын максаты региондордун жана эл чарба тармакта-рынын туруктуу экономикалык өсүшү үчүн шарттарды иштеп чыгууда жанатурмушка ашырууда мамлекеттик жана жеке сектордун өнөктөштүгү жана по-тенциалдарын мобилизациялоо аркылуу калктын турмуш деңгээлин жогорула-туу болуп саналат. 6. Коомдук палатанын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - экономиканы өнүктүрүү жана ишкерликти колдоо чөйрөсүндө мамле-кеттик саясатты турмушка ашырууда жеке сектордун потенциалын өнөктөштүкнегизде тартуу жана мобилизациялоо; - экономика чөйрөсүндө акниеттүү башкаруу механизмдерин түзүү жанаөркүндөтүү; - ишкерлик чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан жөнгө салуу саясатынын на-тыйжалуулугун аныктоо; - ишкерликти, анын ичинде региондордогу (чакан шаарлардагы) ишкер-ликти өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо; - артыкчылыктуу тармактарда атаандаштыкка кудуреттүү продукцияныөндүрүү үчүн улуттук товар өндүрүүчүлөргө мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кыл-ган шарттарды аныктоо жана түзүү; - экономика жана ишкерлик жагынан чечимдерди аткаруунун көзкаран-дысыз мониторинги; - региондордун экономикалык потенциалын жана өнүктүрүүнүн артыкчы-лыктуу багыттарын аныктоо максатында аларга комплекстүү баа берүү меха-низмдерин аныктоо; - социалдык багыты бар экономикалык кайра түзүүлөрдүн туруктуулу-гунун шарты катары социалдык өнөктөштүктү калыптандыруу жана андан арыөркүндөтүү. III. Коомдук палатанын функциялары 7. Негизги милдеттерге ылайык Коомдук палатага төмөнкүдөй функция-лар жүктөлөт: - экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү чөйрөсүндө мамлекеттикжөнгө салуу саясатын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - ишкерликти стимулдаштырууга жана өнүктүрүүгө багытталган ченем-дик укуктук актылардын долбоорлорун карап чыгуу, талкуулоо жана макул-дашуу, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - кайчы байланыштарды түзүүнүн жана жеке секторду социалдык моби-лизациялоонун, республиканын областтарында жана райондорунда Коомдукпалатанын структураларын түзүүнүн негизинде экономика чөйрөсүндө башка-рууну ылайыкташтыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу; - Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясына ылайык региондордо(чакан шаарларда) жана тармактарда өзүн-өзү иш менен камсыз кылуунунжана ишкерликтин абалын талдоо жана аларды өнүктүрүү боюнча сунуштардыиштеп чыгуу; - мамлекеттик жөнгө салуу саясатында, калктын жана ишкерлердин иш-кер жигердүүлүгүн колдоодо жана стимулдаштырууда чет өлкөлүк тажрыйбаныүйрөнүү; - социалдык өнөктөр менен башкы макулдашууларды түзүү учурундаэкономиканы артыкчылыктуу өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жанаушунун негизинде калктын турмуш деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттардыкамсыз кылуу; - экономикалык жана ишкерлик саясатты турмушка ашыруунун натыйжа-ларын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо. IV. Коомдук палатанын укуктары 8. Жүктөлгөн милдеттерди турмушка ашыруу жана өз функцияларын ат-каруу үчүн Коомдук палата: - ченемдик укуктук актыларды жана ушундай актылардын тиешелүү мам-лекеттик органдардын жыйналыштарында каралуучу долбоорлорун иштеп чыгатжана аларга киргизет; - зарыл маалыматтык, аналитикалык, маалымат-статистикалык матери-алдарды мамлекеттик бийлик органдарынан белгиленген тартипте суратат; - өзүнүн ишине катышуу үчүн мамлекеттик органдардын жана ишкерликсубъекттеринин өкүлдөрүн белгиленген тартипте тартат; - Коомдук палата өзүнүн компетенциясына ылайык карай турган масе-лелер боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана башка мам-лекеттик бийлик жана башкаруу органдарына киргизет; - мамлекеттик башкаруу органдарынын ишинде ачыктыкты, айкындыктыжана акиниеттүүлүктү камсыз кылуу максатында алардын ишинде жарандыккоомдун потенциалын пайдалануунун мүмкүн болгон жолдорун сунуш кылат; - каралып жаткан маселелер боюнча чечим кабыл алат, алар протоколменен таризделет; - кабыл алынган чечимдерди турмушка ашыруунун мониторингин жүзөгөашырат; - экономиканы жана ишкерликти өнүктүрүү чөйрөсүндө өзгөчө сиңиргенэмгеги үчүн ишкерлерди жана мамлекеттик кызматчыларды кубаттоо жөнүндөсунуштарды киргизет. V. Коомдук палатанын ишин уюштуруу 9. Коомдук палатанын республикалык деңгээлдеши жыйналыштарын анынтөрагасы - Кыргыз Республикасынын Президенти өткөрөт. Коомдук палатанынжумушчу жыйналыштарын жана пландуу ишин Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Администрациясынын экономикалык саясат бөлүмү жана палатанынкатчылыгынын жетекчиси уюштурат жана координациялайт, алар өз ишин ко-омдук башталыштарда жүзөгө ашырат. 10. Коомдук палатанын республикалык деңгээлдеги жыйналыштары за-рылчылыкка жараша, бирок жылына кеминде 2 жолу өткөрүлөт. Коомдук пала-танын жыйналыштарынын күн тартиби күн мурунтан, эреже катары анынмүчөлөрүнүн сунушу боюнча, жыйналышты өткөрүү күнүнө чейин 2 жумаданкечиктирбестен түзүлөт. 11. Коомдук палатанын жыйналыштары экономиканы өнүктүрүүчөйрөсүндө эркин жана иштиктүү пикир алышууну, ылайыктуу рекомендация-ларды жана сунуштарды иштеп чыгууну камсыз кыла турган кырдаалдаөткөрүлөт. 12. Коомдук палата өзүнүн компетенциясынын чектеринде кабыл алганчечимдер протокол менен таризделет, ага төрагалык кылуучу кол коет жанаандан аркы иштеп чыгуу үчүн тиешелүү Кыргыз Республикасынын министрлик-терине, мамлекеттик комитеттерине, администрациялык ведомстволоруна жа-на жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына, жарандык коом институт-тарына жөнөтүлөт. 13. Коомдук палатанын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынкабыл алуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасы-нын Премьер-министринин, Өкмөтүнүн, министрликтеринин, мамлекеттик ко-митеттеринин, администрациялык всдомстволорунун жана Өкмөттүн структу-расына кирген башка аткаруу органдарынын, ошондой эле жергиликтүү өзал-дынча башкаруу органдарынын актыларын чыгаруу аркылуу жүзөгө ашырылышымүмкүн. 14. Коомдук палатанын жана анын жумушчу органынын ишин финансылооэларалык уюмдардан тартылуучу гранттык каражаттардын, жеке каражаттар-дын жана мамлекет ишкерликти өнүктүрүүгө жана колдоого караган каражат-тардын эсебинен жүзөгө ашырылат. 15. Коомдук палатанын документтери Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин Администрациясынын документтери менен иштөө регламентинин та-лаптарына ылайык толтурулат жана сакталат. VI. Коомдук палатанын ишин токтотуу 16. Коомдук палатанын ишин токтотуу Кыргыз Республикасынын колдо-нуп жаткан мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. № 2 тиркемеси Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 26-октябрындагы № 496 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу экономиканы өнүктүрүү жана ишкердүүлүк боюнча Коомдук палатанын КУРАМЫ Бакиев Курманбек - Кыргыз Республикасынын Президенти, Коомдук Салиевич палатанын төрагасы; Салымбеков Аскар - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де- Мааткабылович путаты, Коомдук палатанын төрагасынын орун- басары; Каниметов Кубат - Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми- Абдулдаевич нистрациясынын экономикалык саясат бөлүмүнүн башчысы, Коомдук палатанын төрагасынын орун- басары; Бородавкин Владимир - Кыргызстандын иш берүүчүлөр Конфедерациясы- Алексеевич нын биринчи вице-президенти, төраганын орун- басары - Коомдук палатанын катчылыгынын же- текчиси; Молдобаев Улан - Коомдук палатанын жооптуу катчысы. Сабырбекович Коомдук палатанын мүчөлөрү (макулдашуу боюнча) Абдурасилов Ином - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин де- Эргешович путаты, "Аубакир" айылчарба кооперативинин президенти; Абдылдаев Турар - Талас областтык ишкерлер Ассоциациясынын Абдылдаевич төрагасы; Аблямитова Фарида - "Маматкадыр" ЖЧКнын президенти; Сагитовна Аильчиев Айман - "Лина" фирмасынын башкы директору; Алиев Алмазбек - Ош шаарынын ишкерлер союзунун төрагасы, Маматович "Фирма МПА" ЖЧКнын башкы директору; Асанов Болот - Чүй областынын ишкерлер Ассоциациясынын Абдышевич төрагасы, Кыргызстан ветеринарлар Ассоциаци- ясынын төрагасы, "Ветинтерсервис" ЖЧКнын башкы директору; Бажанов Рахман - "Риха" ЖЧКнын башкы директору; Салманович Байбосов Таласбек - Нарын областынын ишкерлер Ассоциациясынын Кабылович төрагасы, "Элнурдан" ЖЧКнын башкы директору; Беков Төрөгул - Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк Ниязович борборунун директору; Болдубаев Юсуфали - Баткен областтык ишкерлер Ассоциациясынын Алтымышевич төрагасы, "Кошбулак" ЖЧКнын башкы директору; Вайнерман Павел - "ЭльВест-Плюс" соода-өнөржай компаниясы Гарикович ЖЧКнын уюштуруучусу жана президенти; Верховская Галина - "Таттуу" акционердик коомунун башкы директо- Георгиевна ру; Горшкова Ирина - "Навигатор" компаниялар тобунун башкы дирек- Николаевна тору; Жусупов Кењеш - "Акжолтой" акционердик коомунун башкы дирек- Жусупович тору; Захарченко Михаил - "Исида" медициналык борборуиун директору; Александрович Ибрагимов Мухамет - "Бакай" ФПГнын башкы директору; Тургунович Исабеков Азим - Кыргыз Республикасынын Президентинин кењеш- Бейшенбаевич чиси; Казаков Данияр - "С.А.Т." корпорациясынын директору Болушевич Катибов Расул - "Кыргызмебель" акционердик коомунун башкы Катибович директору; Кемпл Ирина - Салык консультанттар палатасынын төрагасы; Витальевна Комиссаров Владимир - "Тянь-Шань" Эларалык альпинисттик борборунун Анатольевич директору; Конев Алексей - "Народный" дүкөндөр тармагынын башкы дирек- тору; Ким Эльза - "Союз текстиль" жењил жана текстиль өнөржай Петровна ишкерлер Ассоциациясынын президенти; Кузнецов Ярослав - "Астра КХМЗ" ЖЧКнын башкы директору (Орлов- Евгеньевич ка); Мырзаканов Мирлан - "Универсал-Сервис" ЖЧКнын башкы директору; Нуржанович Осмонов Калил - "Жетиген" акционердик коомунун директору, Көкжањгак шаары, Жалалабат областы; Осмоналиев Айбек - "Доскредобанк" АКБнын башкаруучусу; Шермамбетович Орел Борис - "Ветка" айылчарба кооперативинин жетекчиси, Абрамович Аламүдүн району; Попович Сергей - "Дастан" ПСКнын филиалынын башкы директору; Викторович Румянцева Маргарита - Кыргызстан ишканаларынын директорлор Гильди- Николаевна ясынын төрагасы, "Бишкексүт" акционердик ко- омунун президенти; Рыскулова Бурулсун - "Түштүк Каракол" акционердик коомунун башкы Сатаровна директору, Ысыккөл областы; Тазабеков Марат - "АКИ-Пресс" журналынын башкы редактору; Тентиев Аман - "Делойт" Эларалык аудитордук компаниясынын башкаруучу директору; Токтогазиев Жумабек - "Шатен" курулуш фирмасынын президенти; Тохтаев Талгат Нур - "Керемет-Азия" ЖЧКнын президенти; Мухамедович Турсунбеков Чыныбай - Ишкерлердин Бишкек федерациясынын төрагасы, Акунович "Акун" жабык акционердик коомунун башкы ди- ректору; Үмөталиев Эмиль - "Кыргыз Концепт" туристтик компаниясынын Сатарович президенти; Шерешкова Любовь - "Конфиденс" юридикалык агентствосунун башкы Геннадьевна директору.