Загрузка документа…
| ||
|
| Тиркеме (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 4-апрелиндеги ПЖ № 87 Жарлыгына) |
Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүлүп жаткан Кыргыз Республикасынын региондорундагы айылдык кеңештердин ишин уюштуруу жөнүндө УБАКТЫЛУУ ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Убактылуу жобо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүүчү административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө айылдык кеңештердин ишин уюштуруу тартибин аныктайт.
2. Бириктирилген айыл аймактарынын курамына кирген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттары ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин депутаттары болуп саналат.
3. Бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештери (мындан ары - айылдык кеңеш) юридикалык жак болуп саналат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, бланкы бар.
4. Айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде жүргүзүлүүчү административдик-аймактык реформанын жүрүшүндө айылдык кеңештин ишин уюштуруу "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын ченемдери менен жөнгө салынат.
2. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясы
5. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы (аким) менен макулдашуу боюнча же акимдин сунушунун негизинде айылдык кеңештин төрагасы тарабынан чакырылат.
6. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан көбү катышса, укуктуу болуп саналат.
7. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясын депутаттардын улуусу ачат жана айылдык кеңештин төрагасы шайланганга чейин ага төрагалык кылат.
8. Айылдык кеңештин уюштуруу сессиясынын күн тартибине төраганы, төраганын орун басарын шайлоо жана айылдык кеңештин ишинин башка уюштуруу маселелери киргизилет.
9. Айылдык кеңештин төрагасы бириктирилген айыл аймактарынын айылдык кеңештеринин төрагаларынын ичинен жашыруун добуш берүү менен шайланат.
10. Айылдык кеңештин төрагасын шайлоо бир тур менен өткөрүлөт.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин шайланган төрагасы болуп саналат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин шайланган төрагасы болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей сандагы добуш алса, айылдык кеңештин төрагасы чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин шайланган төрагасы болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей сандагы добуш алса, айылдык кеңештин төрагасы чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
11. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жергиликтүү кеңештин төрагасынын бир орун басары, ал эми калкынын саны 20001 адамдан көп болсо - эки орун басары болот.
Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна/кызмат орундарына талапкерлер депутат же депутаттар тобу тарабынан көрсөтүлөт. Депутат же депутаттар тобу бир гана талапкерди сунуштоого укуктуу.
12. Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна бир талапкер көрсөтүлсө, анда сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна эки талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча эки талапкер тең бирдей добуш алса, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
Эгерде айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызмат ордуна экиден ашык талапкер көрсөтүлсө, анда добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер айылдык кеңештин төрагасынын шайланган орун басары болуп саналат.
Эгерде добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча бардык талапкерлер бирдей добуш алса, айылдык кеңештин төрагасынын орун басары чүчү кулак өткөрүү жолу менен аныкталат.
3. Айылдык кеңештин төрагасы
13. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинин 5, 6-бөлүктөрүнө ылайык калкынын саны 20001 адамдан кем эмес айылдык кеңештин төрагасы илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.
Калкынын саны 20001 адамдан аз айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок айылдык кеңештин сессиясы иштеген мезгилде 20001 адамдан ашык калкы бар айылдык кеңештин төрагасы үчүн белгиленген эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.
14. Айылдык кеңештин төрагасы:
1) айылдык кеңештин сессияларын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айылдык кеңештин чечимдерине кол коёт;
4) депутаттардын шайлоочуларынын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт;
5) мыйзамдарда белгиленген тартипте айылдык кеңештин жооптуу катчысын кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
6) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан мекемелер, уюмдар менен жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыгында өз ара аракеттенет;
7) ага айылдык кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
15. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, төрага жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда аны алмаштырат.
4. Айылдык кеңештин негизги милдеттери
16. Айылдык кеңештердин негизги милдеттерине "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинде жана башка мыйзам актыларында аныкталган маселелерден тышкары, айыл аймактарын бириктирүүгө байланышкан төмөнкү маселелер кирет:
1) айылдык кеңештин регламентин иштеп чыгуу жана сессияда бекитүү;
2) айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларын кайра түзүү жана алардын ишин уюштуруу;
3) айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштугунун уставын кабыл алуу;
4) жергиликтүү коомдук өз алдынча башкарууларды (үй, көчө, кварталдык комитеттер), коомдоштуктарды (жамааттарды) эсептик каттоо жана ишин уюштуруу;
5) жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдарын (аксакалдар кеңеши, аксакалдар соттору, аялдар кеңеши, жаштар уюму ж.б.у.с.) кайра уюштуруу боюнча ишти координациялоо.
5. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
17. "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык калкынын саны 6000 адамга чейин болгон айыл аймагындагы айылдык кеңештин ишин айыл өкмөтүнүн аппараты, калкынын саны 6001 адамдан ашык болгон айыл аймагында - айылдык кеңештин жооптуу катчысы камсыз кылат.
18. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы:
- сессиялардын материалдарын жана айылдык кеңештин жана айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш планынын долбоорун иштеп чыгат, бекитилгенден кийин алардын аткарылышын контролдойт;
- айылдык кеңештин жыйналыштарын чакыруу жөнүндө депутаттарга кабарлайт;
- айылдык кеңештин сессияларынын, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзөт, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишти камсыз кылат;
- айылдык кеңештин документтерин, анын ичинен туруктуу жана убактылуу депутаттык комиссиялардын документтерин сактоону, системалаштырууну жана тиешелүү абалын камсыз кылууну уюштурат;
- убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтөт;
- айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзөт, жарандардын келип түшкөн даттануулары жана кайрылуулары менен ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин кабыл алынган чечимдерин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, аларды жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо боюнча ишти жүргүзөт;
- жергиликтүү коомдоштуктардын уставына жана айылдык кеңештин регламентине ылайык башка функцияларды ишке ашырат.
6. Корутунду жобо
19. Депутаттын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын мандаты "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 52-беренесинде аныкталган тартипте тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде депутат шайланган айыл аймагында добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын добуштарынын көбүн алган кийинки катталган талапкерге өткөрүлүп берилет.