Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 12-майы ПЖ № 122
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90, 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 , 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 Жарлыктарынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасында "Санариптик Кыргызстан 2019-2023" санариптик трансформациялоо концепциясын жана Концепцияны ишке ашыруу боюнча "Жол картасын" жүзөгө ашыруунун алкагында санариптик трансформациялоо жана санариптик экономиканы активдүү өнүктүрүү, ошондой эле бардык тармактарга жана чөйрөлөргө, биринчи кезекте мамлекеттик башкарууга заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды кеңири киргизүү боюнча комплекстүү чаралар жүргүзүлүүдө.
Ошол эле учурда санариптик трансформациялоонун учурдагы абалынын проблемалары болуп реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү, башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтардын жетишсиздиги жана мамлекеттик башкарууну жана социалдык-экономикалык чөйрөнү санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу координациялоонун жоктугу саналат.
Санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдү чогултуунун, эсепке алуунун жана талдоонун бирдиктүү системасын түзүү, бизнести текшерүүлөрдү аралыктан форматка өткөрүү, бюджеттик процессти жана эсепке алууну автоматташтыруу, санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, республикада санариптик индустрияны тезинен өнүктүрүү, улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Президентинин 2024-жылдын 18-сентябрындагы ПЖ № 265 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. 2023-жылдын 1-июнунан тартып министрликтердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана шаарлардын мэрлеринин иштеп жаткан орун басарларынын бирине негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналган санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчинин орун басарынын ыйгарым укуктары жүктөлсүн:
- маалыматтык системаларды жана ресурстарды, анын ичинде санариптик экономиканын алкагында маалыматтык системаларды иштеп чыгуу боюнча документтерди, техникалык тапшырмаларды жана деталдуу финансылык эсептерди даярдоо бөлүгүндө кеңири киргизүүнү караган санариптик трансформациялоонун ведомстволук программаларын иштеп чыгуу жана өз убагында ишке ашыруу;
- ведомстволордун ишинин ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылуу, ачык маалыматтарды жана башка маалыматтарды Интернет тармагында, анын ичинде ачык маалыматтар порталында жайгаштыруу боюнча чараларды көрүү;
- ведомстволук санариптик инфраструктуранын маалыматтык коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле электрондук маалыматтарды жана документтерди коргоо.
4. (КР Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 91 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыкты ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн жана өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн;
- 2024-жылдын 1-апрелине чейин бизнес-коомчулуктун жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле чет өлкөлүк эксперттердин катышуусунда 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин.
(КР Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ № 90 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |