Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 31-майындагы ПЖ № 146 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Учурдагы кырдаалга сереп салуу
Бүгүнкү күндө маанилүү демилгелерди иштеп чыгуу жана илгерилетүү жол-жобосу көбүнчө ар кандай жагдайлардан улам шашылыш жана басым менен коштолот. Ченем жаратуу ишин пландоонун бирдиктүү иштиктүү системасы жок, натыйжада жөнөкөй жарандар жөнгө салуудагы сунушталып жаткан өзгөртүүлөргө өз убагында чара көрүү мүмкүндүгүнөн ажырап калууда, ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна ар кандай талаптар коюлууда. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Мыйзам долбоорлоо иштеринин планын бекитүү жөнүндө жыл сайын чечим кабыл алат, бирок бул Планды түзүүдө мамлекеттик органдар көп учурда маселенин проблематикасына алдын ала жана терең талдоо жүргүзбөстөн, аталган Планга киргизүү үчүн мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча сунуштарын капилеттен жөнөтөт, ошол эле учурда долбоорлордун көпчүлүгү Пландан тышкары иштелип чыгууда.
Ушуну менен бирге ченем жаратуу процессинде бардык белгиленген регламенттерди жана жол-жоболорду так сактоонун зарылдыгы маселеси акыркы жылдары, өзгөчө өлкөнүн саясий турмушундагы тынымсыз өзгөрүүлөрдүн, мыйзамдардын бүтүндөй массивин кайра карап чыгуу жана Конституциянын жоболоруна ылайык келтирүүнүн контекстинде барган сайын чоң мааниге ээ болууда.
Ченем жаратуу процесси заманбап укуктук мамлекетти калыптандыруунун маанилүү элементи болуп саналат, ал биринчи кезекте адамдын укуктарын жана эркиндиктерин кимдир бирөөлөр тарабынан кол салуудан коргогон жана "мыйзам үстөмдүгү" принцибин практикада ишке ашырууну камсыз кылган туруктуу мыйзамдарга негизделиши керек. Мында ченемдик укуктук актыны белгиленген тартипте кабыл алуу анын мыйзамдуулугун камсыз кылуу ыкмаларынын бири болуп саналат.
Мыйзам актыларынын долбоорлорун башаламан, капилеттен жана жасалма түрдө демилгелөөгө жол бербөө максатында укуктук мониторингди жана иш жүзүндөгү жөнгө салуучу таасирге баалоо жүргүзүүнү өркүндөтүү максатка ылайыктуу көрүнөт. Келечекте мыйзам долбоорлоо ишин пландоо практикасын өзгөртүүгө жана укук колдонуу жаатында укуктук мониторинг түшүнүгүн киргизүүгө болот. Бул чечим кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатына оң таасирин тийгизет, анткени укуктук мониторинг, өз кезегинде, өтө зарыл көйгөйлөрдү аныктоого жана аларды чечүү жолдорун табууга багытталат.
Жыйынтыгы жыл сайын кабыл алынган натыйжасыз мыйзамдардын санын кескин кыскартуу, ошондой эле Укуктун үстөмдүгү боюнча дүйнөлүк индекстеги рейтингдин жогорулашы болууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук базасынын сапатын жогорулатуу максатында ченемдик укуктук актылардын (ЧУА) долбоорлорун даярдоодо бардык кызыкдар тараптардын, анын ичинде жарандык коомдун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрдүн, көз карандысыз эксперттердин катышуусун камсыздоо үчүн ЧУА долбоорлорун демилгелөө жана иштеп чыгуу процессинин принциптерин кайра карап чыгуу максатка ылайыктуу көрүнөт.
Мындай алгоритм ЧУАнын долбоору менен кызыкчылыктары козголушу мүмкүн болгон коомдун бардык кызыкдар өкүлдөрүнүн позицияларын эске алууну камсыздайт.
Ошону менен бирге, ЧУА долбоорунун текстин макулдашуу процесстеринин жүгү аны илгерилетүү этаптарында төмөндөйт, анткени кызыкдар тараптардын позициялары документте белгилүү бир деңгээлде чагылдырылып калат.
ЧУА долбоорлорун, анын ичинде жергиликтүү кеңештердин токтомдорун иштеп чыгуу процесстерине маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын мүмкүнчүлүктөрүн киргизүү зарыл, бул документтерди даярдоо үчүн талап кылынган убакытты кескин түрдө кыскартууга, алардын жогорку сапатын камсыз кылууга жана укуктук коллизиялардын пайда болушуна жол бербөөгө мүмкүндүк берет.
ЧУА долбоорлорун иштеп чыгуу процессинде тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдарды колдонуу практикасын жана баалоонун жыйынтыктарын изилдөөгө дагы өзгөчө көңүл буруу зарыл. Ушуга байланыштуу мыйзамдардын жана башка ЧУАлардын майнаптуулугуна (натыйжалуулугуна) укуктук (укук колдонуучулук) мониторинг жүргүзүү жана баалоо механизмдерин өркүндөтүү зарылчылыгы да өзгөчө актуалдуулукка ээ болот.
Буга байланыштуу ченемдик укуктук актылардын мыйзамдарды өнүктүрүүгө тийгизген жөнгө салуу таасиринде тиешелүү түрдө жеткире иштеп чыгууну талап кылган коллизияларды жана кемчиликтерди сот тарабынан аныктоо бөлүгүндө сот практикасынын мааниси өтө чоң. Укук колдонуу ишинин процессиндеги боштуктарды жоюуда олуттуу роль колдонуудагы мыйзамдардын иштеши боюнча түшүндүрмөлөрдү берүүгө ыйгарым укуктуу жогорку сот органдарына берилет.
Укук колдонуу практикасын өркүндөтүүдө прокуратура органдарынын ролу чоң. Прокурордук көзөмөл мыйзамдарды системалуу түрдө талдоо менен тыгыз байланышкан. Коомдук мамилелердин дээрлик бардык чөйрөлөрүн жөнгө салуучу мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү жүзөгө ашырууда прокуратура башка мамлекеттик органдардан айырмаланып, укук колдонуу практикасынын негизинде региондордогу жана жалпысынан өлкөдөгү укук колдонуу практикасынын абалын, анын ичинде колдонуудагы ченемдик укуктук актылардын карама-каршылыгын, толук эместигин жана башка кемчиликтерин объективдүү көрүп турат, анткени алар менен практикада түздөн-түз иштешет.
Укуктук пропаганда жана билим берүү мамлекеттин укуктук саясатынын маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат. Ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу процессине катышкан мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин, өзгөчө жергиликтүү кеңештердин депутаттарын өз алдынча башкаруу органдарынын статусун мыйзамдык жөнгө салуунун негиздерине тынымсыз окутууну уюштуруу максатка ылайыктуу көрүнөт.
Ошондой эле ченем жаратуу процессинде илимдин ролунун жоктугун, илимий коомчулук укуктук документтерди түзүү процессинен четтеп калганын белгилөө зарыл. Ушуга байланыштуу министрликтердин алдында өз ишин коомдук башталышта жүргүзгөн илимий кеңешүүчү органдарды түзүү зарыл. Бул органдар илимий долбоорлорго мамлекеттик суроо-талаптардын негизинде жүргүзүлүүчү илимий изилдөөлөрдүн темаларын аныкташат.
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдагы Конституциясына ылайык 10 миң шайлоочудан, Жогорку Кеңештин депутаттарынан жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынан сырткары, мыйзам чыгарууну демилгелөө укугу Президентке, Элдик Курултайга, өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку сотко, өзүнүн карамагындагы маселелер боюнча Башкы прокурорго берилген. Ушуга байланыштуу аталган субъекттердин Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүү тартибин аныктоо, Жогорку сот, Башкы прокурор мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ болгон маселелерди тактоо зарыл.
Укуктук саясаттын негизги максаты мыйзам үстөмдүгүн, коомдун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн укуктук турмушунун деңгээлин жана сапатын жогорулатууну камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарынын, инсандын кызыкчылыктарынын бир кыйла кепилденген ишке ашырылышын камсыз кылуу болуп саналат. Демократиялык, социалдык, укуктук мамлекеттин укуктук саясатынын максаты, биринчи кезекте башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин, ошондой эле коомдун нравалык негиздерин бузбаган, адамдын мыйзамдуу укуктарын жана эркиндиктерин бекемдөөнүн жана камсыз кылуунун негизинде коомдо жарандык ынтымакка жетишүүгө көмөк көрсөтүү болууга тийиш, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин таануу, бекитүү, камсыз кылуу жана коргоо боюнча ишмердиги укуктук саясаттын негизги бөлүгү болуп саналат.
Укуктук саясаттын милдеттери укуктук жөнгө салуу механизмин жана бүтүндөй укук системасын оптималдаштыруу, тартипти, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо, укуктук маданиятты жогорулатуу болуп саналат.
Укуктук саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) бюрократизмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, бийликти калктын өтө зарыл таламдарын чечүүдө ажырымын минималдаштыруу;
2) бийликти бөлүштүрүүдө тең салмактуулукту сактоо жана мамлекеттик түзүлүштүн көйгөйлөрүн чечүү;
3) мамлекеттин, укуктун жана коомдун оптималдуу өз ара аракеттенүүсүн издөө;
4) кабыл алынган ченемдик укуктук актылардын сапатын жакшыртуу жана мыйзам чыгаруучулардын жана укук колдонуучулардын кесипкөйлүгүн жогорулатуу;
5) адам укуктарынын декларациясы менен аларды реалдуу пайдалануу практикасынын ортосундагы ажырымды жоюу, инсандын коомдук активдүүлүгүнө дем берүү;
6) мыйзамдуулукту, укук тартибин жана демократияны чыңдоо.
Укуктук саясаттын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу;
2) жарандын, коомдун жана мамлекеттин муктаждыктарын жана кызыкчылыктарын канааттандыруу;
3) мамлекеттин туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү;
4) мамлекеттик демократиялык жана укук коргоо институттарын өнүктүрүү;
5) юридикалык илимди, билим берүүнү жана агартууну өнүктүрүү;
6) жарандардын мамлекеттик башкаруу системасына ишенимин жогорулатуу;
7) мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик органдарынын өз ара аракеттенүү маселелерин, алардын ченем жаратууга жана укук ченемдерин ишке ашыруу процессине тийгизген таасирин изилдөө.
Пландаган мезгилге укуктук саясаттын негизги багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ченем жаратуу процесстерин өркүндөтүү;
2) укук колдонуу практикасын өркүндөтүү;
3) укуктук билим берүү;
4) укукту жана илимди өнүктүрүү.
Концепция Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 токтому менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планынын максаттарын жана милдеттерин эске алуу менен өлкөнүн укуктук саясатынын негизги багыттарын жана көз караштарын аныктоого, аны ар тараптан өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган.
Концепция мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттерине, мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана башка мамлекеттик органдарга арналган, ал ченемдик укуктук актыларды андан ары иштеп чыгууда жана колдонуудагы мыйзамдарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын максаттарына жана милдеттерине шайкеш келтирүүдө бирдиктүү ыкма үчүн багыт болуп берүүгө тийиш.
Концепцияда укуктук чөйрөдөгү учурдагы абалдын кыскача баяндамасы, көз караш, максаттар жана милдеттер, аны ишке ашыруунун негизги багыттары жана механизмдери, ошондой эле аткарууга мониторинг жана баалоо жүргүзүү камтылган.
2. Ченем жаратуу процесстерин жакшыртуу
1. Сапатты, ачык-айкындуулукту, системалуулукту, ырааттуулукту жана коомчулуктун катышуусун камсыз кылуучу концептуалдык жаңы механизмдерди киргизүүнү караган, ченемдик укуктук актыларды демилгелөө, иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү тартибин өркүндөтүү.
2. Ченем жаратуу процессине жарандарды, жарандык коомдун институттарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын, ишкердик субъекттерин жана илим өкүлдөрүн тартуу боюнча натыйжалуу иштерди уюштуруу жолу менен коомдук талкуулоонун бул процесске таасир этүү деңгээлин жогорулатуу.
3. Иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатына, алардын ийгиликтүү ишке ашырылышына, ошондой эле натыйжасыз жөнгө салуудан улам жарандар жана ишкердик субъекттер тапкан пайдага жана тарткан чыгымга (анын ичинде зыянга) жараша ченем жаратуу процесси менен байланышкан мамлекеттик органдардын ишин баалоонун натыйжалуу системасын киргизүү.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына Жогорку Кеңеш тарабынан контролдоо механизмин өркүндөтүү.
5. Мамлекеттик аппаратта чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатууга, аткаруу бийлигинин ишин ашыкча мыйзамдык регламенттештирүүнү жоюуга, функцияларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү аутсорсингге берүүгө, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин көз карандысыздыгын жана жеке жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган мыйзамдарды дебюрократизациялоо боюнча ишти күчөтүү.
6. Юстиция органдарынын ролун жогорулатуу:
- мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугуна, административдик жол-жоболордун жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына комплекстүү жана критикалык талдоо жүргүзүүдө, бул чөйрөлөрдөгү мыйзамдарды жана укук колдонуу практикасын андан ары өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууда;
- эл аралык жана чет өлкөлүк уюмдарда Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын укуктук коргоонун натыйжалуу системасын, өлкөдө жүргүзүлгөн укуктук реформалар жөнүндө эл аралык коомчулукка жана чет өлкөлүк инвесторлорго кеңири маалымдоо механизмдерин түзүүдө;
- жарандардын күнүмдүк турмушунда пайда болгон укуктук көйгөйлөрдү талдоодо, коомдук мамилелерди жөнгө салуучу мыйзам актыларын өркүндөтүүнү камсыздоо аркылуу аныкталган кемчиликтерди четтетүүдө;
- укуктун үстөмдүгү боюнча эл аралык рейтингдерде жана индекстерде Кыргыз Республикасынын позициясын жакшыртууга тоскоолдук кылган укуктук факторлорго фундаменталдык укуктук изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыздоодо;
- ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга багытталган мамлекеттик органдардын юридикалык кызматтарынын жана эл аралык гранттык жана техникалык жардамдын ишин координациялоодо.
7. Адам укуктарын коргоонун эл аралык стандарттарын колдонуу, жарандардын укуктарын укуктук коргоону жана сактоону күчөтүү максатында адамдын укуктары жана кызыкчылыктары чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдарды иштеп чыгууда же өркүндөтүүдө тиешелүү корутундуларды алуу аркылуу улуттук укук коргоо институту менен тыгыз кызматташууну уюштуруу.
3. Укук колдонуу практикасын өркүндөтүү
1. Мыйзам чыгаруучу тарабынан күтүлгөн максаттарга жетишүү үчүн мыйзамдардын укук сапатын камсыз кылуу аркылуу укуктун колдонуусуна мониторинг жүргүзүү, ошондой эле мыйзамдардын майнаптуулугун (натыйжалуулугун) баалоо тартибин өркүндөтүү.
2. Укуктук ченемдерди ишке ашыруу процессинде укуктун пайда болушуна тийгизген таасирин изилдөө үчүн укуктук (укук колдонуу) мониторингин жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн киргизүү.
3. Коомдук мамилелерди жөнгө салуудагы кемчиликтерди аныктоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылуучу укуктук ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн укук колдонуу практикасын өркүндөтүү боюнча прокуратура органдарынын ролун күчөтүү жана ченемдик укуктук актылардагы карама-каршылыктарды, боштуктарды жана коррупциялык факторлорду четтетүү боюнча юстиция органдары менен өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү.
4. Сот органдары тарабынан аныкталган мыйзамдардын көйгөйлөрүн четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу.
5. Мамлекеттик аппаратта чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатууга, аткаруу бийлигинин ишин ашыкча мыйзамдык регламенттештирүүнү жоюуга, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз алдынчалуулугун жана жеке жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү.
4. Укуктук билим берүү
1. Укуктук билим берүү, укуктук маалыматты жайылтуу жана ага жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чараларды активдештирүү.
2. Калктын ар кандай катмарларынын күнүмдүк турмушунда кеңири тараган көйгөйлөрдү укуктук агартуу аркылуу чечүү практикасын киргизүү.
3. Калк менен түздөн-түз иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлине минималдуу талаптарды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын потенциалын жогорулатуу.
4. Аткарылган иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин ар тараптан талдоо жана баалоо аркылуу кайра байланышты камсыз кылуу.
5. Укуктук агартуу багытындагы мультимедиалык материалдарды жана программаларды иштеп чыгуу жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жана интернетте жайылтуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишин өркүндөтүү жана потенциалын чыңдоо.
6. Журналисттердин, медиаэксперттердин, мамлекеттик органдардын басма сөз кызматтарынын өкүлдөрүнүн укуктук темаларды чагылдыруу маселелери боюнча квалификациясын жогорулатуу.
5. Укук жана илим
Мамлекеттик органдардын тиешелүү илимий жана илимий-техникалык уюмдар менен бирдикте илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо, илимдин жана техниканын тиешелүү багытын өнүктүрүүнүн концепциясын, ошондой эле күтүлгөн натыйжаларды жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу.
6. Ишке ашыруу тобокелдиктери
Бул Концепцияны ишке ашыруу төмөнкүдөй тобокелдиктер менен байланышкан:
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн саясий-укуктук тобокелдиктер мыйзам долбоорлоо ишин пландоону өзгөртүү зарылдыгына байланышкан, ал тиешелүү укуктук чечимдерди кабыл алууну жана мыйзам чыгаруу демилгесинин бардык органдарынын, Жогорку Кеңештин, сот органдарынын, прокуратура органдарынын жана Министрлер Кабинетинин өз ара аракеттенүүсүнүн татаал көйгөйлөрүн чечүүнү талап кылат. Мындан сырткары, Концепциянын милдеттерин чечүүдө мамлекеттик органдардын ишин координациялоонун талаптагыдай деңгээлин камсыздабаган, мыйзам долбоорлоо ишин пландоо формалдуу түрдө гана өзгөрүү коркунучу бар. Бул тобокелдикти жумшартуу үчүн ушул Концепцияны ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт;
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн финансылык тобокелдиктер чектелген бюджеттик ресурстар менен ишке ашыруу үчүн сунушталган чаралар жана долбоорлор менен шартталган. Тышкы каржылоодон жогорку көз карандылык "Е-ченем" программалык продуктту түзүү жагынан Концепциянын натыйжалуулугунун аны каржылоого донорлордун жана өнүктүрүү институттарынын катышуусунан жогорку көз карандылыгын аныктайт. Бул тобокелдикти жумшартуу үчүн донор уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү боюнча чаралар көрүлөт;
- Концепцияны ишке ашыруу үчүн тобокелдик ишке ашырууга катышкан мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин потенциалы да болуп саналат. Бул тобокелдикти жумшартуу үчүн Концепцияны жана Планда белгиленген иш-чараларды тактоо боюнча тегерек стол өткөрүү зарыл.
7. Мониторинг жана ишке ашырууну баалоо
Иш-чаралар планынын ишке ашырылышына мониторинг системалуу талдоолорду берүү жана тиешелүү иш-чаралардын аткарылышын баалоо аркылуу ишке ашырылат. Мониторингдин алынган маалыматтарынын негизинде Планды ишке ашыруунун натыйжалуулугу бааланат. Иш-чаралар пландарын ишке ашыруудагы жетишкендиктерге жана кемчиликтерге кылдат талдоо жүргүзүлөт. Алынган жыйынтыктардын негизинде ишке ашыруу, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу үчүн чечимдер кабыл алынат.
Планды натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу жана коюлган максаттардан жана милдеттерден четтөөлөрдү аныктоо, мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу үчүн зарыл болгон чараларды талдоо жана иштеп чыгуу үчүн баалоо жүргүзүлөт.
Иш-чаралар планын ишке ашыруунун натыйжалуулугун көз карандысыз эксперттер тобу аныктайт.
8. Каржылоонун көлөмдөрү жана булактары
Иш-чаралар планын ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бардык каржылоо булактары тартылат.
Планга киргизилген иш-чараларды каржылоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына тиешелүү жылга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын, ошондой эле эл аралык донордук уюмдардын гранттык каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
9. Концепцияны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
Бул Концепцияны ишке ашыруу коомду экономикалык жана социалдык жактан туруктуу өнүктүрүүгө, натыйжалуулук, ачык-айкындуулук жана бийликтин жоопкерчилиги, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо принциптеринде мамлекеттик башкаруу моделин курууга өбөлгө түзөт.