Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 31-майы ПЖ № 146
Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясы (мындан ары - Концепция) ушул Жарлыктын 1-тиркемесине ылайык;
- Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - План) ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине төмөнкүлөр сунушталсын:
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы), Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен бирдикте Планда белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү:
мыйзамдардын сапатын камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамдардын натыйжалуулугун баалоо жолу менен күтүлгөн максаттарга жетүү үчүн укуктун колдонулушуна мониторинг жүргүзүү тартибин;
укуктук (укук колдонуу) мониторингди жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүү тартибин;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына контролдоонун жаңы механизмин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте белгиленген мөөнөттө сот адилеттигин жүргүзүүдө аныкталган мыйзамдардагы проблемаларды четтетүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Кыргыз Республикасынын Жогорку соту менен өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү сунушталсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө мүмкүндүк берүүчү Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуунун жана макулдашуунун бирдиктүү электрондук системасын иштеп чыгууну жана аны пилоттук түрдө иштетүүнү камсыз кылсын:
ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана макулдашуу процессин башкарууга жана контролдоого, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, башка органдар жана уюмдар тарабынан долбоорлорго электрондук түрдө виза коюуга;
ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун кароодо жана макулдашууда ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле аларды иштеп чыгуунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзүүнү камсыздоого;
долбоорлорду коомдук жана кесиптик талкуулоону жүргүзүүгө, анын ичинде пайдаларды, чыгымдарды жана күтүлгөн натыйжаларды талдоого, ошондой эле алардын жеке жана юридикалык жактардын укуктарына жана кызыкчылыктарына, социалдык чөйрөгө, ишкердик ишке, айлана-чөйрөнүн абалына тийгизген таасирин, ошондой эле мүмкүн болуучу кесепеттерин талдоого.
5. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы менен бирдикте Планда белгиленген мөөнөттө илимий жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн, жогорку билим берүү мекемелеринин студенттеринин жана илимий даражага изденүүчүлөрдүн илимий-аналитикалык ишинин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча изилдөөчүлүк, аналитикалык материалдарды камтыган жалпыга жеткиликтүү онлайн маалыматтык системаны түзсүн жана аны дайыма жаңыртып турууну камсыз кылсын.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине төмөнкүдөй кошумча милдеттер жүктөлсүн:
- мамлекеттик органдардын ишинде ырааттуу жана бир түрдүү укук колдонуу практикасын камсыз кылуу боюнча чараларды ишке ашыруу;
- мамлекеттик органдардын жана уюмдардын юридикалык кызматтарынын ишин координациялоо, контролдоо жана методикалык көмөк көрсөтүү;
- мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугуна талдоо жана мониторинг жүргүзүү;
- административдик жол-жоболор чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү;
- юридикалык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, юриспруденция жаатында фундаменталдык жана колдонмо изилдөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу.
7. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте Планда белгиленген мөөнөттө Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкын модернизациялоону камсыз кылсын, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларга андан ары талдоо жүргүзүүсү жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөсү үчүн ченемдик укуктук актыларга жарандар тарабынан онлайн-режиминде комментарий берүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу жолу менен;
- Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен бирдикте Планда белгиленген мөөнөттө мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өз ара аракеттенүү тартибин иштеп чыксын жана бекитсин;
- Планда көрсөтүлгөн иш-чараларды сапаттуу жана өз убагында аткарууну, ошондой эле Концепцияны жана Планды ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоону, макулдашууну жана киргизүүнү координациялоону, мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылсын;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына мониторинг жүргүзүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат берип турсун.
8. Концепцияда көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо республикалык бюджеттен мамлекеттик органдарга тиешелүү жылга бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүргүзүлөт деп белгиленсин.
9. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (макулдашуу боюнча) менен бирдикте Планда белгиленген мөөнөттө ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтуруу процессин регламенттеген тартипти иштеп чыксын жана бекитсин;
- Планда белгиленген мөөнөттө иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатына, аларды ийгиликтүү ишке ашырууга, ошондой эле натыйжасыз жөнгө салуудан улам жарандар жана ишкердик субъекттер тапкан пайдага жана тарткан чыгымга (анын ичинде зыянга) жараша ченем жаратуу процесси менен байланышкан мамлекеттик органдардын ишин баалоо механизмин иштеп чыксын;
- бул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
10. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын 2023-2026-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 25-майы № 183 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
№ | Чаралар | Иш-аракеттер | Ишке ашыруу мөөнөтү | Ишке ашыруу үчүн жооптуулар | Каржылоо булактары | Ишке ашыруу формасы | Күтүлгөн натыйжалар |
Ченем жаратуу процесстерин өркүндөтүү | |||||||
1 | Сапатты, ачыктыкты, системалуулукту, ырааттуулукту, макулдашууну жана коомчулуктун катышуусун камсыз кылуучу концептуалдык жаңы механизмдерди киргизүү каралган ченемдик укуктук актыларды демилгелөө, иштеп чыгуу жана кабыл алуу, ошондой эле алардын аткарылышына мониторинг жүргүзүү тартибин өркүндөтүү, ошондой эле бул процесске жарандарды, жарандык коом институттарын, жалпыга маалымдоо каражаттарын, чарбакер субъекттерди жана илим өкүлдөрүн тартуу боюнча натыйжалуу иштерди уюштуруу аркылуу коомдук талкуулоонун ченем жаратуу процессине тийгизген таасиринин деңгээлин жогорулатуу | Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери тарабынан Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизүүнүн тартибин жөнгө салган, анын ичинде Жогорку Сот, Башкы прокурор мыйзам долбоорлорун демилгелөө укугуна ээ болгон маселелерин тактаган, ошондой эле ченем жаратуучу бардык субъекттерин ЧУА долбоорлорун http://koomtalkuu.gov.kg бирдиктүү порталына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоонун жол-жобосун камсыз кылууга милдеттендирген ченемди камтыган "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору иштелип чыкты | 2023-2024-жж. | Министрлер Кабинети, ЮМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖК, БП | Мамлекеттик бюджет | "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатын жогорулатуу; коомдук талкуулоо процессине жарандарды активдүү тартуу |
2 | Ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу, ведомстволор аралык макулдашуу, кабыл алуу процесстерин автоматташтыруучу электрондук порталды иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү. Кабыл алынган ченемдик укуктук актыларды ченемдик укуктук актылардын электрондук базасына (Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтарынын борбордоштурулган банкы) андан ары жайгаштыруу үчүн автоматтык түрдө расмий жарыялоо механизмин киргизүү | 2023-2025-жж. | СӨМ, ЮМ, министрликтер жана ведомстволор, ЖК, ЖС, БП | Донорлордун каражаттары | Электрондук портал иштелип чыкты | ЧУА иштеп чыгуу, макулдашуу жана аны кабыл алуу мөөнөттөрүн кыскартуу |
3 | Иштелип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун сапатына, аларды ийгиликтүү ишке ашырууга, ошондой эле натыйжасыз жөнгө салуудан улам жарандар жана ишкердик субъекттер тапкан пайдага жана тарткан чыгымга (анын ичинде зыянга) жараша ченем жаратуу процесси менен байланышкан мамлекеттик органдардын ишин баалоонун натыйжалуу системасын ишке киргизүү | Жарандарга ченемдик укуктук актыларды баалоого (комментарий берүүгө), ошондой эле Конституцияга, мыйзамдарга каршы келген ченемдик укуктук актыларды кабыл алуунун натыйжасында келтирилген зыяндын ордун толтурууну талап кылууга мүмкүндүк берүүчү мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин баалоо тартиби жөнүндө жобону, анын ичинде зыяндын ордун толтуруу тартибин иштеп чыгуу | 2023–2026-жж.. | Министрлер Кабинети, ЖК, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик бюджет (донорлордун каражаттары) | Мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин баалоо тартиби жөнүндө жобо кабыл алынды | Мамлекеттик органдардын ченем жаратуу ишин баалоо процессине жарандарды активдүү тартуу |
4 | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына Жогорку Кеңеш тарабынан контролдоо механизмин өркүндөтүү | Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышына Жогорку Кеңеш тарабынан контролдоонун жаңы механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жж. | ЖК, Министрлер Кабинети | Мамлекеттик бюджет | "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан контролдук иш-милдеттерди жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө" КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди |
|
5 | Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкын модернизациялоо, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ченемдик укуктук актыларга андан ары талдоо жүргүзүүсү жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелөөсү үчүн ченемдик укуктук актыларга жарандар тарабынан онлайн-режиминде комментарий берүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу жолу менен | Укуктук маалыматтардын борбордоштурулган банкынын программалык камсыздоосун модернизациялоо | 2025-2026-жж. | ЮМ, СӨМ | Донорлордун каражаттары | Программалык камсыздоо модернизацияланды |
|
Укук колдонуу практикасын өркүндөтүү | |||||||
6 | Мыйзамдардын сапатын, ошондой эле мыйзамдардын майнаптуулугун (натыйжалуулугун) баалоону камсыз кылуу аркылуу Мыйзам чыгаруучу тарабынан коюлган күтүлгөн максаттарга жетүүнү камсыз кылуу үчүн укук колдонууга мониторинг жүргүзүү тартибин өркүндөтүү | Укук колдонууга мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдардын майнаптуулугун (натыйжалуулугун) баалоо механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жж. | ЖК, БП, ЖС, Омбудсмен, ЭП, Министрлер Кабинети, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик бюджет, донорлордун каражаттары | Укук колдонууга мониторинг жүргүзүү жана мыйзамдардын майнаптуулугун (натыйжалуулугун) баалоо жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо кабыл алынды | Мыйзамдардын майнаптуулугун (натыйжалуулугун) баалоо механизмин киргизүү |
7 | Укуктун пайда болушуна тийгизген таасирин изилдөө үчүн укуктук (укук колдонуу) мониторингин жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн киргизүү | Укуктук (укук колдонуу) мониторингин жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу, сот, аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүү механизмин (тартибин) иштеп чыгуу | 2023-2024-жж. | ЖК, БП, ЖС, Омбудсмен, ЭП, Министрлер Кабинети, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик бюджет | Укуктук (укук колдонуу) мониторинг жүргүзүүдө мыйзам чыгаруу, сот жана аткаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү жөнүндө жобо кабыл алынды | Мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу мөөнөттөрүн кыскартуу |
8 | Мыйзамдардын укуктук колдонулушуна мониторинг жүргүзүү | Жыл сайын кеминде 20 мыйзамдын укуктук колдонулушуна мониторинг жүргүзүлүп турат | 2024-2026-жж. | ЖК, БП, ЖС, Омбудсмен, Министрлер Кабинети, министрликтер жана ведомстволор | Мамлекеттик бюджет, донорлордун каражаттары | Аналитикалык кат | Мониторингдин жыйынтыгы боюнча мыйзамдарды жакшыртуу боюнча сунуштар берилди |
9 | Коомдук мамилелерди жөнгө салуудагы кемчиликтерди аныктоо, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин натыйжалуу коргоону камсыз кылуучу укуктук ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн укук колдонуу практикасын өркүндөтүүдө прокуратура органдарынын ролун күчөтүү; мыйзамдардагы көйгөйлөрдү жана карама-каршылыктарды жоюу боюнча юстиция органдары менен өз ара аракеттенүү | Мыйзамдардагы кемчиликтерди жана карама-каршылыктарды аныктоо жана жоюу боюнча Министрлер Кабинетинин (Юстиция министрлиги) прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жж. | Министрлер Кабинети (ЮМ), БП | Мамлекеттик бюджет | Прокуратура жана юстиция органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо кабыл алынды | Мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу мөөнөттөрүн кыскартуу |
10 | Сот органдары тарабынан аныкталган мыйзамдардын көйгөйлөрүн четтетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу | Сот органдары тарабынан аныкталган мыйзамдардын көйгөйлөрүн четтетүү боюнча Жогорку сот менен Министрлер Кабинетинин өз ара аракеттенүү механизмин иштеп чыгуу | 2023-2024-жж. | ЖС, Министрлер Кабинети (ЮМ) | Мамлекеттик бюджет | Сот бийлиги тарабынан аныкталган мыйзамдардын көйгөйлөрүн четтетүү боюнча Жогорку сот менен Министрлер Кабинетинин өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо кабыл алынды | Мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу мөөнөттөрүн кыскартуу |
11 | Мамлекеттик аппаратта чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатууга, аткаруу бийлигинин ишин ашыкча мыйзамдык регламенттештирүүнү жоюуга, иш кагаздарын жүгүртүүнү жана отчеттуулукту кыскартууга, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин өз алдынча аракеттенүүсүн жана жеке жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү | Административдик жол-жоболордун натыйжалуулугуна мыйзамдарды талдоо (жыл сайын) | 2023-2026-жж. | Министрлер Кабинети, министрликтер жана ведомстволор, ЮМ караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту | Мамлекеттик бюджет, донорлордун каражаттары | Мыйзамдарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди же алар жокко чыгарылды | Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу жана административдик жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү, функцияларды аутсорсингге берүү |
Билимдин, илимдин жана практиканын үчилтигин камсыз кылуу | |||||||
12 | Илимди өнүктүрүү концепциясын иштеп чыгуу | Илимдин жана техниканын тиешелүү багытын өнүктүрүүнүн концепциясын, ошондой эле күтүлгөн натыйжаларды жана аткаруунун конкреттүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен аны ишке ашыруу планын иштеп чыгуу | 2026-ж. | КРП караштуу УИА, ИЖБИМ, мамлекеттик органдар | Мамлекеттик бюджет планы бекитилди | Илимди өнүктүрүүнүн концепциясы жана аны ишке ашыруу |
|
13 | Илимий жана эксперттик чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн, жогорку билим берүү мекемелеринин студенттеринин жана илимий даражага изденүүчүлөрдүн илимий-аналитикалык ишинин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча изилдөөчүлүк, аналитикалык материалдарды камтыган жалпыга жеткиликтүү онлайн маалыматтык системаны түзүү жана аны дайыма жаңыртып турууну камсыз кылуу | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу жана пилоттук режимде ишке киргизүү | 2023–2026-жж. | ИЖБИМ, КРП караштуу УИА | Донорлордун каражаттары | Электрондук портал иштелип чыкты | Илимий-аналитикалык иштин жыйынтыгы боюнча иштелип чыккан мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча изилдөөчүлүк, аналитикалык материалдар кызыкдар тараптарга реалдуу убакыт режиминде жеткиликтүү |
Укуктук билим берүү | |||||||
14 | Калк менен түздөн-түз иштеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын укуктук сабаттуулугунун деңгээлине минималдуу талаптарды иштеп чыгуу, ошондой эле алардын потенциалын жогорулатуу | Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматчылары үчүн окууларды өткөрүү | 2023-2026-жж. | ЮМ, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик, министрликтер жана ведомстволор, КРПМБА | Мамлекеттик бюджет | Окутуунун программасы иштелип чыкты | Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүлүүдө |
15 | Ишке ашырылуучу иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин ар тараптан талдоо жана баалоо аркылуу кайтарым байланышты камсыз кылуу | Ишке ашырылуучу иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин ар тараптан талдоо жана баалоо тартиби жөнүндө жобо иштелип чыкты | 2023–2026-жж. | ЮМ | Мамлекеттик бюджет | Ишке ашырылуучу иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин ар тараптан талдоо жана баалоо тартиби жөнүндө жобо бекитилди | Ишке ашырылуучу иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү, калктын укуктук аң-сезиминин жана укуктук маданиятынын деңгээлин ар тараптан талдоо жана баалоо аркылуу кайтарым байланыш камсыз кылынды |
16 | Концепциянын ишке ашырылышын баалоо | Учурдагы Концепциянын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү | 2027-ж. | ЮМ, Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институту | Мамлекеттик бюджет, донорлордун каражаттары | Президенттин Администрациясы үчүн аналитикалык кат | Кыргыз Республикасынын 2027–2030-жылдарга укуктук саясатынын концепциясын иштеп чыгуу |
Кыскартуулардын тизмеси:
КРПМБА | - | Ж.Абдрахманов атындагы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы; |
|
ЖС | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку соту; |
|
БП | - | Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы; |
|
ЖК | - | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши; |
|
Министрлер Кабинети | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети; |
|
ЮМ | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги; |
|
СӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги; |
|
Омбудсмен | - | Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы); |
|
ЭП | * | Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы. |
|
ИЖБИМ | – | Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги; | |
КРП караштуу УИА | – | Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы. |