Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 21-июну ПЖ № 161
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жободо:
- преамбула төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын (мындан ары - "Эл үмүтү" стипендиясы) ыйгаруу тартибин, Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын (мындан ары - Республикалык комиссия) ыйгарым укуктарын, ошондой эле тышкы операторлордун ишин аныктайт.";
- 1-пункт "(мындан ары - окуу жайлары)" деген сөздөрдөн кийин ", билим берүү программаларынын" деген сөздөр менен толукталсын;
- 7-пунктта:
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча тышкы операторлорду аныктайт;";
сегизинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- тышкы операторлордун, стипендияларды ыйгаруу жана стипендиаттарды окутуу боюнча жооптуу мамлекеттик органдын отчетторун угат;";
- 12-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. "Эл үмүтү" стипендиясына конкурска катышуу үчүн магистрларды даярдоо багыттары боюнча окутуу үчүн 40 жашка чейинки, PhD философиясынын доктору программалары боюнча окутуу үчүн 45 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет.";
- 14-пункттун алтынчы абзацындагы "Кыргыз Республикасынын" деген сөздөр алып салынсын;
- 15-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 18-пункт "илим министрлиги" деген сөздөрдөн кийин ", тышкы операторлор" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 23-1-пункт менен толукталсын:
"23-1. Стипендиат өз алдынча акысыз окуу же окууга арзандатуу алуу укугуна ээ болгон учурда стипендия Республикалык комиссиянын чечими боюнча стипендиаттын транспорттук чыгымдарын жабууга жана жашоосуна багытталышы мүмкүн. Транспорттук чыгымдарды жабууга жана жашоого стипендиянын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен аныкталат.".
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-глава менен толукталсын:
"7. "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо боюнча тышкы операторлордун ыйгарым укуктары
26. "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоо функцияларын жүзөгө ашырган юридикалык жактар тышкы операторлор боло алат.
27. Тышкы оператор төмөнкү критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
- талапкерлердин ушул Жобонун 1-пунктуна ылайык окуу жайларга же билим берүү программаларына тапшыруусу боюнча логистиканы жүргүзүү үчүн зарыл болгон ресурстардын, анын ичинде инфраструктуралык ресурстардын болушу;
- талапкерлердин жеке маалыматтарынын купуялуулугу жана аларды коргоо жаатында жетиштүү кепилдиктердин болушу;
- тандоо процессинин объективдүүлүгүнө жана адилеттүүлүгүнө, ошондой эле ушул Жободо белгиленген критерийлерге жана талаптарга шайкеш келүүсүнө кепилдик берүү жөндөмдүүлүгү.
28. Тышкы операторлор:
- талапкерлердин ушул Жобонун 1-пунктуна ылайык жогорку окуу жайларына же билим берүү программаларына тапшыруусу боюнча логистиканы жүзөгө ашырат;
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлерди тандоону жүргүзөт;
- "Эл үмүтү" стипендиясын ыйгарууга конкурска катышуу үчүн талапкерлердин тизмесин Республикалык комиссияга берет;
- стипендиаттарды окутууну жарым-жартылай же толук каржылоону жүргүзөт.";
2) жогоруда аталган Жарлык менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясын ыйгаруу боюнча республикалык комиссиянын курамында:
- жыйырма төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин укуктук жактан камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы;";
- жыйырма бешинчи, жыйырма алтынчы абзацтар күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |