Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-августундагы ПЖ № 282 Жарлыгына) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин илимий-изилдөө жана эксперттик-аналитикалык жактан камсыз кылууга арналган.
2. Институттун уюмдаштыруучусу Кыргыз Республикасынын Президенти болуп эсептелет. Институттун штаттык санынын чегин Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет.
3. Институт Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун укук улантуучусу болуп саналат.
4. Институт мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы коммерциялык эмес юридикалык жак болуп эсептелет, өз алдынча балансы жана сметасы, фирмалык аталышы, банктык жана башка финансы мекемелериндеги алыш-бериш жана башка эсептери, мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, бланктары жана башка штамптары бар.
5. Институт өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
6. Институт Кыргыз Республикасынын Президентине баш иет жана өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын координациялоосунун алкагында жүзөгө ашырат.
7. Институт жарандык-укуктук мамилелерге өзүнүн атынан киришүүгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында жарандык-укуктук мамилелердин тарабы катары чыгууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу.
8. Институттун фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение "Национальный институт стратегических исследований при Президенте Кыргызской Республики";
- англис тилинде: "The National Institute for Strategic Studies under the President of the Kyrgyz Republic".
9. Институттун юридикалык дареги: 720023, Кыргыз Республикасы Бишкек ш., Саманчин көч., 6.
2. Институттун милдеттери
10. Институттун милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин илимий-изилдөө жана эксперттик-аналитикалык жактан камсыз кылуу;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык артыкчылыктарды талдоо жана баалоо;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатын түзүүгө экспертиза жүргүзүү.
3. Институттун функциялары жана ыйгарым укуктары
11. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Институт төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- жалпы мамлекеттик стратегиялардын жана өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгуу процессине катышат;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү актуалдуу көйгөйлөр боюнча ыкчам экспресс-талдоо жүргүзөт;
- изилдөөчүлүк, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүүнү уюштурат;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү стратегиялык аспекттер боюнча эксперттердин жана консультанттардын изилдөөлөрүнүн жана аналитикалык иштеринин маалыматтар базасын топтойт жана түзөт;
- коопсуздукту камсыз кылуу, мамлекеттик башкаруу, тышкы жана ички саясат чөйрөсүндөгү ар түрдүү маселелер боюнча изилдөөлөргө, эксперттик-аналитикалык иштерге жана сунуштарды даярдоого заказдарды аткарат;
- улуттук жана эл аралык аналитикалык борборлор жана уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдар жана мамлекеттик эмес уюмдар менен өз ара аракеттенет;
- жалпы мамлекеттик стратегиялардын жана өнүктүрүү программаларынын долбоору боюнча сунуштарды киргизет, изилдөө жана маалыматтык-аналитикалык камсыздоо бөлүгүндө аларды иштеп чыгууга катышат;
- ата мекендик изилдөөчүлөрдүн жана изилдөөчү уюмдардын потенциалын жогорулатат, кызматташуу жана өнүктүрүү көйгөйлөрү боюнча билим берүү-уюштуруу иштерин (семинарларды, конференцияларды, эл аралык форумдарды) жүргүзөт;
- ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий кызматкерлерди, изилдөө уюмдарын жана эксперттерди Институттун ишине тартат;
- Институттун компетенциясына кирген маселелер боюнча консультацияларды, тренингдерди жана семинарларды уюштурат;
- башка багыттар боюнча иштерди жүргүзөт.
12. Институт төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн максаттарына жана милдеттерине жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү консультацияларды, изилдөөчүлүк, маалыматтык-аналитикалык жана башка акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө;
- мамлекеттик органдардын кеңешмелеринин жана коллегияларынын ишине катышууга;
- жумушчу, эксперттик топторду жана башка кеңешүүчү топторду түзүүгө;
- өзүнүн максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга эл аралык финансы жана башка уюмдардын каражаттарын тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гранттарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардагы каражаттарды тескөөгө;
- өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, изилдөө уюмдарынан, статистикалык органдардан зарыл болгон маалыматты сурап алууга;
- Институттун грамоталарын, төш белгилерин жана башка сыйлыктарын белгиленген тартипте уюштурууга;
- Институттун илимий кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентине, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн сунуштарын киргизүүгө;
- аналитикалык жана изилдөөчү уюмдар, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдар менен өз ара аракеттенүүгө, гранттардын жана чакыруучу тараптын эсебинен тиешелүү чет өлкөлүк уюмдарда өзүнүн кызматкерлери үчүн такшалмаларды белгиленген тартипте уюштурууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген каалагандай илимий жана башка ишти жүргүзүүгө.
13. Институт төмөнкүлөргө милдеттүү:
- изилдөөлөрдүн жогорку деңгээлин камсыздоого, алардын жыйынтыктарын кеңири колдонууга активдүү көмөк көрсөтүүгө;
- Институтка оперативдүү башкаруу укугунда таандык болгон мүлктү талаптагыдай абалда сактоого, аны техникалык жана чарбалык тейлөөнү камсыздоого;
- өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык жана өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырды коргоону камсыз кылууга;
- Институттун кызматкерлери үчүн эмгек коопсуздугун камсыз кылууга;
- иш кагаздарын уюштуруу, кызматтык документтерди түзүү, аткаруу жана сактоо боюнча белгиленген талаптарды сактоого;
- финансы-чарбалык ишинин натыйжаларынын бухгалтердик эсебин жүргүзүүгө, бюджеттик мекемелер үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана мөөнөттө тиешелүү органдарга статистикалык жана башка отчетторду берүүгө.
4. Институттун ишин уюштуруу
14. Институтту директор башкарат, аны Кыргыз Республикасынын Президенти кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот.
15. Институттун ишин пландаштыруу жана изилдөөлөрдүн негизги багыттары боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн Институттун эксперттик кеңеши түзүлөт. Эксперттик кеңешти Институттун директору жетектейт, ал эксперттик кеңештин курамын жана жобосун бекитет.
16. Директордун эки орун басары бар, директордун орун басарлары Институттун директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
Институттун кызматкерлери Институттун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
17. Институттун кызматкерлери жана директору мамлекеттик кызматчы болуп саналбайт.
18. Институттун директору:
- Институттун максаттарына жана милдеттерине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентине түздөн-түз баш ийүү менен Институттун ишине жалпы жетекчиликти камсыз кылат;
- Институттун өзүнүн ыйгарым укуктарын талаптагыдай аткарылышын камсыз кылат;
- Институттун штаттык расписаниесин бекитет;
- Институттун кызматкерлеринин ишин уюштурат жана Институттун ишинин натыйжалары үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Институттун кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына жана ушул Уставга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- өзүнүн орун басарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Институттун чыгашалар сметасынын чегинде финансы каражаттарын тескейт;
- Институттун акча каражаттарынын максаттуу пайдаланууну камсыз кылат;
- Институттун кызматкерлерине карата тартиптик таасир этүү чараларын көрөт;
- мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, эл аралык жана башка уюмдарда Институттун атынан чыгат;
- Институттун атынан юридикалык жана башка иш-аракеттерди аткарууга Институттун кызматкерлерине жана үчүнчү жактарга ишеним каттарды берет;
- Институттун штаттык кызматкерлери менен мөөнөтсүз жана мөөнөттүү эмгек келишимдерин жана кандайдыр бир жумушту аткаруу убактысына эмгек келишимдерин Кыргыз Республиканын эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык түзөт жана бузат;
- товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча ишти уюштурат;
- Институттун ишинин маселелери боюнча буйруктарды, тескемелерди, нускамаларды жана башка ички документтерди чыгарат;
- Институттун кызматкерлерине кезектеги жана башка өргүүлөрдү берет, аларды кызматтык иш сапарларга жөнөтөт;
- Институттун ички тартип эрежелерин бекитет;
- Институттун кызматкерлерине социалдык колдоо көрсөтүү маселелерин чечет;
- банктарда алыш-бериш, валюталык жана башка эсептерди ачат жана жабат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Уставга ылайык өзүнүн компетенциясына кирген башка маселелерди чечет.
19. Институттун директору жок учурда анын милдеттерин директордун тиешелүү буйругунун негизинде анын орун басарларынын бири аткарат.
20. Институттун кызматкерлерине эмгек акы төлөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте гранттардын жана башка булактардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.
21. Институттун кызматкерлери өздөрүнүн компетенциясынын чектеринде Институттун өкүлдөрү болуп эсептелет.
22. Институттун кызматкерлери өздөрүнүн ишинин алкагында катышкан Институттун ичиндеги иштин жана талкуулоолордун мазмуну тууралуу маалыматты жайылтууга укугу жок.
5. Институттун мүлкү жана каржылоосу
23. Институттун мүлкү мамлекеттин менчигинде турат жана ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет.
24. Долбоорлордун алкагында сатып алынган мүлк Институт жоюлганга чейин анын менчиги болуп эсептелет.
25. Мүлктү эсепке алуу жана отчет үчүн Институт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мезгил сайын мүлккө инвентаризациялоо жүргүзүп турат.
26. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштен алынган Институттун бардык каражаттары Институттун максаттарына кана колдонулат.
27. Институтту каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жана бекитилген каражаттардын чегинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан жүргүзүлөт.
28. Институтту каражаттарын чыгымдоо үчүн жеке жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын жарандык, кылмыш-жаза мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык Институттун директоруна жүктөлөт.
6. Институттун эсеби жана отчеттуулугу
29. Институт өзүнүн иши боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине отчет берет.
30. Институт эсептерди жана отчеттуулукту Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзөт.
7. Институтту жоюу жана кайра уюштуруу
31. Институтту жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими менен ишке ашырылат.
32. Институт жоюлган учурунда анын мүлкү жоюу комиссиясы тарабынан мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өткөрүлүп берилет.
33. Институттун иши токтотулган учурда анын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.