Загрузка документа…
КР Президентинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги ПЖ № 94 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2022-жылдын 12-августу ПЖ № 282
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ишин өркүндөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин карамагындагы мекеме катары аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту (мындан ары - Институт) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин карамагынан чыгарылсын.
2. "Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту" мекемеси болуп кайра аталсын.
3. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Институттун уставы 1-тиркемеге ылайык;
2) Институттун штаттык санынын чеги 2-тиркемеге ылайык;
3) Институттун директорунун жана негизги персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналган 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка.
4. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Институттун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык;
2) Институттун негизги персоналына эмгек өргүүгө чыгууда ден соолукту чыңдоого эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндөгү жөлөкпулду төлөө;
3) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысын төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдоодо тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте карасын;
2) өзүнүн чечимдерин 3 айдын ичинде ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
6. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№ | Негизги персоналдын штаттык бирдиктеринин саны | Техникалык жана тейлөө персоналынын штаттык бирдиктеринин саны |
1 | 24 | 6 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун негизги персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундун аталышы | Штаттык бирдиктердин саны | Эселөө коэффициенти |
1 | Директор | 1 | 10,66 |
2 | Директордун орун басары | 2 | 8,52 |
3 | Илимий кызматкерлер | 18 | 7,81 |
4 | Финансылык менеджер-бухгалтер | 1 | 5,40 |
5 | Кадр маселелери боюнча менеджер | 1 | 4,83 |
6 | Мамлекеттик сатып алуулар боюнча административдик менеджер-адис | 1 | 4,83 |