Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 6-апрели ПЖ № 88
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлыктын 1-тиркемесинде:
"Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик" бөлүмүнүн аталышы ", Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |