Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 24-апрели ПЖ № 109
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Эмгек акы төлөө шарттарын өркүндөтүү жана республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунда:
"мүмкүндүктөрү болгон учурда" деген сөздөрдөн кийин ", республикалык маанидеги шаарларды кошпогондо," деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары шаардык кеңештин чечими менен муниципалдык кызматчылардын кызматтык маяналарына жергиликтүү бюджеттен кызматтык маянага 100 пайызга чейинки өлчөмдө үстөктү белгилейт.".
2. Республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |