Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-декабры № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 11-августу ПЖ № 188
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 85 "Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
- он төртүнчү абзацта:
"Кызарт" деген сөз "Куйручук-Кызарт" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"(Кырчын айылынан башкасы)" деген сөздөр алып салынсын;
- он сегизинчи абзацта "Куйручук айыл аймагынын Кырчын айылын кошуп," деген сөздөр алып салынсын;
- жыйырма биринчи абзацта "Кош-Дөбө" деген сөздөр "Ормон-Хан" деген сөздөргө алмаштырылсын, "Кочкор айыл аймагын" деген сөздөр "Ормон-Хан айыл аймагын" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 4-пункттун жетинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |