КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 21-октябры ПЖ № 476
Коррупцияга каршы күрөш боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2009-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 109, 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик бийлик институттарына ишенимди үзгүлтүккө учуратып жана өлкөнүн экономикалык өнүгүшүнө тоскоолдук келтирген коомдун туруктуулугу жана коопсуздугу үчүн коррупция пайда кылган көйгөйлөр жана коркунучтардын олуттуулугун сезип, коррупцияга каршы саясаттын натыйжалуулугун жана туруктуулугун жогорулатуу, коррупцияга каршы күрөшкө жаңыча мамилелерди жана коррупциянын алдын алууга багытталган системалуу чараларды иштеп чыгуу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2005-жылдын 3-июнундагы чечимине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 43-статьясына жана 46-статьясынын 1-пунктунун 10-пунктчасына ылайык жана Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы күрөштүн Мамлекеттик стратегиясын жүзөгө ашыруу максатында токтом кылам:
1. (КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кеңеши түзүлсүн.
3. (КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Президентинин 2013-жылдын 25-сентябрындагы ПЖ № 193 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
7. Бул Жарлыкты аткаруу боюнча ишти координациялоо Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |