Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2009-жылдын 17-февралы ПЖ № 109
"Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралу
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардын жүзөгө ашырылышын мамлекеттик-коомдук контролдоону өркүндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кеңеши жөнүндө жобо бекитилсин.
2. "Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы N 476 Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 3-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К.Бакиев |