Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 5-сентябры ПЖ № 217
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинде каралган ири улуттук долбоорлорго инвестицияларды кошо алганда, инвестициялык иштер аркылуу Кыргыз Республикасынын экономикасын диверсификациялоо жана дем берүү боюнча "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы бир айдын ичинде "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган негизги максаттарды жана милдеттерди "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коому тарабынан аткарылышын камсыз кылуу үчүн убактылуу мүнөздөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын токтомунун долбоорун иштеп чыксын.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын аталган токтомунун колдонуу мөөнөтү ушул Жарлыктын 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан иштелип чыккан "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр күчүнө киргенге чейин аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бир айлык мөөнөттө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишинин негизги максатына жетүү үчүн "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 72 (3521) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |