Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 24-октябры ПЖ № 268
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 43-3-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибинде:
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.";
- 7-пункт "каралган булактардын" деген сөздөрдөн кийин "жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринин каражаттарынын (бюджеттин алдындагы бардык милдеттенмелерди кошпогондо)" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 22-1-пункт менен толукталсын:
"22-1. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылууга жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген тартипте:
1) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |