Загрузка документа…
КР Президентинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы № 252 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы ПЖ № 70 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун
түзүү жана пайдалануу
тартиби
(Кыргыз Републикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268, 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 313 , 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53, 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунун (мындан ары - Турукташтыруу фонду) каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Турукташтыруу фонду Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жана аманат жана турукташтыруу функцияларын жүзөгө ашыруучу бюджеттен тышкаркы фонд болуп саналат.
3. Турукташтыруу фонду өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин (мындан ары - Бюджеттик кодекс) Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын жана ушул Тартиптин талаптарына ылайык жүзөгө ашырат.
2. Турукташтыруу фондунун максаттары жана милдеттери
4. Турукташтыруу фондунун негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн колдоо;
- экономиканын жагымсыз тышкы факторлордун таасиринен көз карандылыгын төмөндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо.
(КР Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Турукташтыруу фондунун милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- финансылык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу;
- келечек муун үчүн резерв түзүү;
- айрым иш-чараларды каржылоо жана финансылык жана башка инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга инвестициялоо.
6. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары төмөнкү максаттарга багытталат:
1) кечиктирилгис чечимди талап кылуучу мамлекеттик экономикалык программаларды ишке ашыруу;
2) негизги фонддорду түзүү, көбөйтүү, жаңылоо, модернизациялоо;
3) экономиканын тармактарын өнүктүрүү;
4) экономика кескин начарлаган жана бюджеттин кирешелери азайган учурда республикалык бюджеттин чыгымдарынын корголгон беренелерин каржылоо.
3. Турукташтыруу фондун түзүүнүн булактары жана
тартиби
7. Турукташтыруу фонду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында (мындан ары - Улуттук банк) ачылган Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүчү, Бюджеттик кодексте каралган булактардын жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын депозиттик эсептеринин каражаттарынын (бюджеттин алдындагы бардык милдеттенмелерди кошпогондо) эсебинен түзүлөт.
(КР Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы ПЖ № 268 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Турукташтыруу фондуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) чечимдерине ылайык башка кирешелер багытталышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Турукташтыруу фондун башкаруудан инвестициялык кирешелер Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын финансылык жана башка инструменттерге, анын ичинде баалуу металлдарга жайгаштыруудан түзүлөт.
10. Турукташтыруу фондунун акча каражаттары бюджетти аткаруу жана болжолдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) Улуттук банктагы эсептеринде (сомдук жана валюталык) топтолот, алар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу үчүн бир консолидацияланган эсеп катары каралат.
11. Ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык Бирдиктүү казыналык эсепке түшүүчү акча каражаттары Бирдиктүү казыналык эсепке киргизилгенден кийин он беш жумуш күндүн ичинде Турукташтыруу фондунун акча каражаттардын эсепке алуу үчүн арналган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эсебине которулат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын эсепке алуу боюнча эсептерди тейлөө регламенти ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен Улуттук банктын ортосунда түзүлгөн келишимде каралат.
4. Турукташтыруу фондун башкаруу
13. Турукташтыруу фондунун башкаруу органдары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Турукташтыруу фондунун Байкоочу кеңеши (мындан ары - Байкоочу кеңеш) - Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануунун ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун камсыздоочу жана өзүнүн ишин коомдук башталышта жүзөгө ашыруучу башкаруунун органы. Байкоочу кеңештин жеке курамы Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Президент) тарабынан бекитилет. Байкоочу кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти, төраганын орун басары - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси эсептелет.
2) башкаруунун аткаруу органы - Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну, Турукташтыруу фондунун эсептерин башкарууну, ошондой эле ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-4-пунктчаларына ылайык иш-чараларды каржылоону камсыз кылуучу Турукташтыруу фондунун администратору болуп эсептелген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
(КР Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
14. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
15. Байкоочу кеңеш төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) Турукташтыруу фондунун финансылык жана башка инструменттерге инвестициялоого багытталуучу акча каражаттарынын көлөмүн жана саясатын жактыруу;
2) каралуучу маселелер боюнча чечимдерди кабыл алуу;
3) Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын пайдаланылышын жана Байкоочу кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Байкоочу кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жана өзүнүн компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, ошондой эле жарандык коомдун институттарынын өкүлдөрүн Турукташтыруу фондунун ишинин маселелерин талкуулоого тартууга укуктуу.
17. Байкоочу кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша Байкоочу кеңештин төрагасынын же төрага ыйгарым укук берген адамдын жетекчилигинде өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Жыйналыш Байкоочу кеңештин көпчүлүк мүчөлөрүнүн катышуусунда укуктуу болуп саналат.
19. Чечим Байкоочу кеңештин курамынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат, ал эми добуштар бирдей санда болгондо акыркы чечимди Байкоочу кеңештин төрагасы кабыл алат.
191. Ушул Тартиптин 15-пунктуна ылайык Байкоочу кеңештин функцияларынын алкагындагы маселелерди оперативдүү кароо максатында чечимдер жыйналыштарды өткөрбөстөн, жазуу жүзүндөгү сурамжылоо жолу менен кабыл алынышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
20. Байкоочу кеңештин жыйналыштарындагы маселелерди кароонун жыйынтыктары жыйналыштардын протоколдору жана Байкоочу кеңештин чечимдери менен таризделет. Протоколдорго жана чечимдерге Байкоочу кеңештин төрагасы же жыйналышка төрагалык кылуучу адам жана Байкоочу кеңештин жыйналышка катышкан мүчөлөрү кол коёт. Протоколдордун жана чечимдердин көчүрмөлөрү Байкоочу кеңештин аткаруучу органында сакталат.
201. Маселелерди жазуу жүзүндө сурамжылоо жолу менен кароонун жыйынтыгы тиешелүү протоколдор жана Байкоочу кеңештин чечимдери менен таризделет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
21. Эгерде Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Байкоочу кеңештин жыйналышында каралган маселелерге добуш берсе, алар кабыл алынды деп эсептелет.
22. Байкоочу кеңеш Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечимин кабыл алуу үчүн протоколдун жана чечимдин түп нускасын Министрлер Кабинетине жиберет.
221. Улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, республиканын коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого, анын ичинде калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылоо жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кабыл алынат.
(КР Президентинин 2023-жылдын 16-ноябрындагы ПЖ № 313 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
222. Турукташтыруу фондунун каражаттары Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча ушул Тартипте каралган максаттарга жана башка иш-чараларга бөлүнүшү мүмкүн.
(КР Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
23. Турукташтыруу фондунун инвестицияларга багытталуучу акча каражаттарын финансылык жана башка инструменттерге жайгаштыруу Байкоочу кеңеш жактырган жана Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү уруксат берилген финансылык жана башка инструменттердин тизмесине ылайык жүзөгө ашырылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Турукташтыруу фондунун каражаттарынан иш-
чараларды каржылоо жана өтүнмөлөрдү кароо
24. Субъекттер Турукташтыруу фондунан акча каражаттарын бөлүп берүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин же Министрлер Кабинетинин дарегине кайрылышат.
25. Турукташтыруу фондунан каражаттарды алууга укугу бар субъекттер мамлекеттик жана муниципалдык органдар, юридикалык жана жеке жактар болуп саналат.
26. Турукташтыруу фондунан акча каражаттарын багыттар боюнча бөлүп берүү жөнүндө өтүнмөлөр жана кайрылуулар ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана тиешелүү тармактык министрлик тарабынан каралат.
27. Өтүнмөлөр жана документтердин тизмеси Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин буйругу менен бекитилген форматка ылайык даярдалууга тийиш.
28. Тармактык министрликтин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги тиешелүү корутунду даярдайт жана Министрлер Кабинетине жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
29. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган документтердин пакетин түзөт жана Байкоочу кеңештин кароосуна киргизет.
30. Байкоочу кеңештин протоколунун жана чечиминин негизинде Министрлер Кабинети иш-чараларды каржылоого акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
301. Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси боюнча Турукташтыруу фондунан акча каражаттары бөлүнгөн учурда ушул Тартиптин 26-30-пункттары колдонулбайт.
(КР Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
31. Министрлер Кабинети же Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан чечим кабыл алынгандан кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган чечимде көрсөтүлгөн иш-чараларды каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүзөгө ашырат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 2-мартындагы ПЖ № 53 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
32. Байкоочу кеңештин же Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча Турукташтыруу фондунун каражаттары бюджеттик мыйзамдарга ылайык бюджеттик кредит формасында, ошондой эле кайтарымдуу негизде башка формада белгиленген тартипте берилиши мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
33. Турукташтыруу фондунун каражаттарын пайдалануунун натыйжасында Кыргыз Республикасынын финансылык рыногуна инфляциялык жана валюталык терc басымды алдын алуу максатында, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Улуттук банкка иш-чараларды каржылоого жана инвестицияларга Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын бөлүп берүү графиги жөнүндө кабарлайт.
34. Ушул Тартиптин 6-пунктунун 1-3-пунктчаларына ылайык багыттар боюнча Турукташтыруу фондунан акча каражаттары бөлүнгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жана тиешелүү тармактык министрлик чечимде көрсөтүлгөн иш-чараларды ишке ашыруунун мониторингин жүргүзөт. Турукташтыруу фондунун каражаттарын максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну контролдоо тармактык министрлик тарабынан жүзөгө ашырылат.
35. 6-пунктунун 4-пунктчасында каралган иш-чараларды каржылоо үчүн Турукташтыруу фондунун каражаттары Байкоочу кеңештин чечимине ылайык республикалык бюджетке которулат.
6. Отчеттуулук
36. Каражаттарды алуучулар Турукташтыруу фондунун акча каражаттарын сактоо, максаттуу жана натыйжалуу пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликти тартат.
37. Каражаттарды алуучулар Турукташтыруу фондунан алынган каражаттар боюнча квартал сайын отчет түзүшөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине беришет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
38. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Турукташтыруу фондунун каражаттарынын түшүүлөрү жана аны пайдалануу жөнүндө кварталдык негизде отчет түзөт жана Байкоочу кеңешке жана Министрлер Кабинетине берет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
39. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка сырды коргоону камсыз кылууну эске алып, жыл сайын өзүнүн расмий сайтында Турукташтыруу фондунун каражаттарынын келип түшүүсү жана пайдаланылышы жөнүндө отчетту отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-мартына чейин жарыялайт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 31-январындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
40. Турукташтыруу фонду өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин чечиминин негизинде токтотот.