Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2023-жылдын 13-ноябры ПЖ № 296
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 10-июнундагы № 194 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондун жана Архивин түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта "Аппаратынын" деген сөз "Администрациясынын" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Архив кызматына Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин түзүү, комплекттөө жана сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивин түзүү боюнча зарыл болгон уюштуруу чараларын жүзөгө ашыруу үчүн жоопкерчилик жүктөлсүн.";
3) 7, 9-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
4) жогоруда аталган Жарлыктын 1, 2-тиркемелери ушул Жарлыктын 1, 2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фонду (мындан ары - Архив фонду) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана анын Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш процессинде түзүлгөн документтеринин, ошондой эле башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке жактардын Кыргыз Республикасынын Президентинин ишин чагылдырган жана тарыхый, саясий, илимий жана практикалык мааниге ээ болгон документтеринин комплексин билдирет.
2. Архив фонду Кыргыз Республикасында президенттик институттун калыптануу жана өнүгүү процесстерин чагылдырган документтерди топтоо, алардын сакталышын камсыз кылуу, эсепке алуу, илимий жана практикалык жактан пайдалануу максатында түзүлөт жана Улуттук архив фондунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
3. Архив фондунун материалдары менен иштөө Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Президентинин актылары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмалары, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары жана архив иши боюнча методикалык документтер, ошондой эле ушул Жобо менен регламенттелет.
2-глава. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун курамы
4. Архив фондунун курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин иш процессинде түзүлгөн документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын (мындан ары - Президенттин Администрациясы) иш процессинде түзүлгөн документтер;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш процессинде түзүлгөн документтер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жеке архивинин документтери;
5) башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке адамдардын Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине тиешелүү документтери;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин чагылдырган кино, фото жана аудио, видеоматериалдар;
7) өздүк курам боюнча документтер.
5. Президенттин Администрациясы, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекемелер күндөлүк иш кагаздарында жана ведомстволук архивдерде турган мезгилде документтерди сактоону, эсепке алууну жана илимий-техникалык жактан иштеп чыгууну камсыз кылат.
3-глава. Архив фондунун документтерин түзүү тартиби
6. Архив фондунун документтери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 "Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускаманын талаптарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик жана ченемдик эмес укуктук актыларынын талаптарына ылайык Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин күнүмдүк иш кагаздарында түзүлөт.
7. Жеткиликтүүлүгү чектелген документтер менен иштөө белгиленген талаптарга ылайык жүргүзүлөт.
8. Ведомстволук архивдердин иш кагаздарын жүргүзүү аяктаган документтери 3 жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине туруктуу мамлекеттик сактоого өткөрүлөт.
4-глава. Архив фондунун документтерин ведомстволук сактоо тартиби
9. Документтерди убактылуу сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар менен мекемелерде ведомстволук архивдер түзүлөт.
10. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын алдында Архив фондунун документтеринин илимий жана практикалык баалуулугун аныктоо, аларды туруктуу мамлекеттик сактоого өткөрүү үчүн тандоо, ошондой эле документтердин баалуулугуна экспертиза жүргүзүүгө методикалык жардам көрсөтүү үчүн туруктуу иштөөчү Борбордук эксперттик комиссия (БЭК), ал эми Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде туруктуу иштөөчү эксперттик комиссиялар (ЭК) түзүлөт.
11. БЭК менен ЭКнын функциялары жана укуктары, ошондой эле алардын ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви менен макулдашуу боюнча уюмдар менен мекемелердин жетекчилери бекиткен жоболор менен аныкталат.
12. Архив фондунун курамына кирген мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын документтери ведомстволук архивде сактоо мөөнөтү аяктагандан кийин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивине - акысыз, ал эми башка мекемелерге, уюмдарга жана жеке жактарга келишимдик негизде берилет.
5-глава. Архив фондунун документтерин мамлекеттик сактоо тартиби
13. Архив фондунун документтерин мамлекеттик туруктуу сактоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви тарабынан жүзөгө ашырылат.
14. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архивинин иши ал жөнүндө Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
6-глава. Архив фондунун документтерин пайдалануу тартиби
15. Учурдагы иш кагаздарын жүргүзүүдө же ведомстволук архивдерде турган Архив фондунун документтери пайдалануучуларга Президенттин Администрациясынын ушуга ыйгарым укуктуу кызмат адамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин жетекчилигинин уруксаты менен берилет.
16. Мамлекеттик туруктуу сактоодо турган Архив фондунун документтери архив иши боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдалануу үчүн берилет.
17. Мамлекеттик, ведомстволук жана жеке сырды камтыган документтерге жеткиликтүүлүктү чектөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.".
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Архиви (мындан ары - Архив) Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтерин туруктуу сактоону жана пайдаланууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.
2. Архив Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына (мындан ары - Президенттин Администрациясы) административдик баш иет жана өз ишинде Кыргыз Республикасынын архив кызматы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара аракеттенет.
3. Архив юридикалык жак болуп саналат, бюджеттик каржылоодо турат, алыш-бериш жана атайын эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү бар.
4. Архив өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин тапшырмаларын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана архив иши боюнча методикалык документтерди, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Архивдин документтеринин курамы
5. Архивдин документтеринин курамына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин иш процессинде түзүлгөн документтер;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин (мындан ары - Министрлер Кабинети) иши менен байланышкан документтерди кошпогондо, Президенттин Администрациясынын иш процессинде түзүлгөн документтер;
3) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш процессинде түзүлгөн документтер;
4) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин жеке архивинин документтери;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин ишине тиешелүү башка уюмдардын, мекемелердин жана жеке жактардын документтери;
6) Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин ишин чагылдырган кино, фото жана аудио, видео материалдар;
7) жеке курам боюнча документтер;
8) мамлекеттин менчигине келип түшкөн жеке мүнөздөгү документтер;
9) өзгөчө баалуу документтердин камсыздандыруу фонду;
10) Архивдин документтеринин курамын жана мазмунун ачып берүүчү илимий-маалымдама аппараты (иштердин тизмелери, көрсөткүчтөр, каталогдор, маалымдамалар, баяндамалар ж.б.);
11) басылмалар.
3-глава. Архивдин негизги милдеттери
6. Архивдин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Архивди Кыргыз Республикасынын Президентинин Архив фондунун документтери менен комплекттөө;
2) туруктуу мамлекеттик сактоодо турган документтердин сакталышын жана мамлекеттик эсепке алууну камсыз кылуу;
3) мамлекеттик жана кызматтык сырды камтыган документтер менен иштөөдө жана аларды сактоодо жашыруундуулук режимин сактоо;
4) документтердин камсыздандыруу фондун түзүү;
5) документтердин автоматташтырылган маалыматтык-издөө системасын (электрондук архив) түзүү жана өркүндөтүү;
6) Архивдин документтерин пайдаланууну жана жарыялоону уюштуруу;
7) Президенттин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын жана ведомстволук архивдеринин ишин уюштуруучулук-методикалык жактан жетектөө.
4-глава. Архивдин функциялары
7. Архив өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
1) документтердин баалуулугуна илимий экспертиза жүргүзөт, аларды туруктуу мамлекеттик сактоого тандап алат, ошондой эле аларды илимий-техникалык иштеп чыгат жана сыпаттайт;
2) документтерди мамлекеттик сактоого кабыл алат;
3) документтерди туруктуу сактоону жүзөгө ашырат;
4) документтерди реставрациялоону жана камсыздандырылган көчүрүүнү жүргүзөт;
5) мамлекеттик жана ведомстволук сактоодо турган документтерди мамлекеттик эсепке алууну жүргүзөт жана белгиленген тартипте Борбордук фонддук каталогго киргизүү үчүн республикалык архив ишин башкаруу органына маалыматтарды берет;
6) документтердин маалыматтык-издөө системасын (электрондук архив) иштеп чыгат;
7) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде документтердин сакталышын камсыз кылуу боюнча талаптарды белгиленген тартипте аныктайт;
8) Президенттин Администрациясында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнүн мамлекеттик системасын өркүндөтүүгө катышат, аны колдонуу боюнча илимий-методикалык жетекчиликти камсыз кылат;
9) республикалык архив ишин башкаруу органы тарабынан иштелип чыккан архив иши боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышат жана тиешелүү тартипте архив иши жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизет;
10) өзүнүн компетенциясынын чегинде Архивдин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин ишинде пайдалануу үчүн методикалык окуу куралдарды иштеп чыгат жана бекитет;
11) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекемелер менен биргеликте иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарын жана ведомстволук архивдерди өркүндөтүү боюнча иш-чараларды, анын ичинде иш кагаздарын жүргүзүүнүн абалын жана ведомстволук архивдердин ишин кароону жүргүзөт;
12) өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдар жана мекемелер тарабынан архив иши жаатындагы мыйзамдардын сакталышына контроль жүргүзөт;
13) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарды жана мекемелерди кайра уюштурууда жана жоюуда документтерди сактоо жайы жөнүндө корутундуну белгиленген тартипте берет;
14) Кыргыз Республикасынын архив иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык документтерге жетүү мүмкүндүгүнө чектөөлөрдү алып салуу боюнча ишти жүргүзөт;
15) колдонуучуларга суроо-талап кылынган ретроспективдүү маалыматты берет;
16) мекемелердин жана жарандардын архив документтери боюнча тематикалык жана социалдык-укуктук суроо-талаптарын аткарат;
17) Архивдин, ведомстволук архивдин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды уюштурат.
5-глава. Архивдин укуктары
8. Алдыда турган милдеттерин чечүү үчүн Архивге төмөнкүдөй укуктар берилет:
1) Президенттин Администрациясынын жетекчилигинин көрсөтмөлөрүн эске алуу менен Архивдин иш планын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
2) Архивди комплекттөө мекеме-булактарынын курамын аныктоого;
3) Архивди комплекттөө мекеме-булактарынан аларда болгон Кыргыз Республикасынын улуттук архив фондунун документтеринин курамы жана көлөмү, аларды сактоо жана пайдалануу шарттары жөнүндө маалыматтарды алууга;
4) өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарга жана мекемелерге Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондунун документтеринин сакталышын, пайдаланылышын камсыз кылууда аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берүүгө;
5) өндүрүштүк кеңешменин жыйналыштарында Архивдин башчысынын катышуусунда ведомстволук архивдердин иши жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдарда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жөнүндө маселелерди кароого;
6) архив мыйзамдарын бузууга күнөөлүү кызмат адамдарын жана жарандарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселени белгиленген тартипте коюуга;
7) ведомстволук архивдерге жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу уюмдардын жана мекемелердин иш кагаздарын жүргүзүү кызматтарына белгиленген тартипте барууга;
8) архивдик (анын ичинде чет өлкөлүк) жана башка илимий мекемелер жана уюмдар менен илимий жана ишкердик кызматташтыкты жүзөгө ашырууга;
9) зарыл учурларда акы төлөө менен Архивге профилдик коллекцияларды, айрым документтерди жана архивдик фонддорду юридикалык жактардан жана жарандардан сатып алууга;
10) Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнөн жана башка уюмдардан зарыл болгон архивдик документтерди, ошондой эле маалыматтык, аналитикалык жана статистикалык материалдарды алууга;
11) мамлекеттик жана ведомстволук архивдерден Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчисине зарыл болгон маалымкаттарды жана документтердин көчүрмөлөрүн суроого;
12) Архивдин иши үчүн зарыл болгон иштерди аткарууга юридикалык жана жеке жактар менен келишимдерди түзүүгө, прейскурантка ылайык акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүгө, ошондой эле келишимдик негизде кызматтарды көрсөтүүгө;
13) архив ишин башкаруунун республикалык органынын коллегиалдуу органдарынын ишине белгиленген тартипте катышууга.
6-глава. Архивди башкаруу
9. Архивдин уюштуруу түзүмү жана штаттык саны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан бекитилет.
10. Архивди Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальнигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу башчы жетектейт.
Архивде башчынын орун басарынын кызматы каралган.
11. Архивдин башчысынын орун басары жана Архивдин түзүмдүк бөлүмүнүн башчысы Архивдин башчысынын сунушу боюнча жана Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалат жана бошотулат.
Архивдин башка кызматкерлери Президенттин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин канцеляриясынын начальниги менен макулдашуу боюнча Архивдин башчысы тарабынан дайындалат жана бошотулат.
12. Архивдин башчысы:
1) өзүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
2) өзүнүн компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Архивдин иш тартибин аныктайт;
3) Архивдин кызматкерлеринин милдеттерин бөлүштүрөт жана кызматтык нускамаларын бекитет;
4) Архивдин ишин өркүндөтүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине киргизет;
5) Архивдин кызыкчылыктарын коргойт жана ар кандай уюмдарда, мекемелерде анын атынан чыгат.
13. Архивде Президенттин Архивинин башчысынын алдында өндүрүштүк кеңешме, эксперттик-текшерүү жана методикалык комиссия (ЭТМК) иштейт, алар жөнүндө жоболор жана алардын курамы архивдин башчысы тарабынан бекитилет.
7-глава. Архивдин материалдык-финансылык базасы
14. Архивдин материалдык-финансылык базасын негизги фонддордон, жүгүртүү каражаттарынан жана башка баалуулуктардан турган анын мүлкү түзөт.
15. Архивдин финансылык базасы төмөнкүлөрдөн турат:
1) республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
2) прейскурантка ылайык, ошондой эле келишимдик негизде акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүнүн натыйжасында алынган каражаттар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка кирешелер.
16. Архив Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте өз алдынча бухгалтердик жана статистикалык эсепти жүргүзөт. Бардык каржылоо булактарынан Архивди күтүүгө каражаттарды чыгымдоо Архивдин башчысы түзгөн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси бекиткен чыгымдардын сметасына ылайык жүзөгө ашырылат.".