Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы № 476
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Агенттиктин ишинин максаты III. Агенттиктин негизги милдеттери IV. Агенттиктин ишинин негизги багыттары жана функциялары V. Агенттиктин ыйгарым укуктарынын колдонулушу VI. Агенттиктин ыйгарым укуктары VII. Агенттикти башкаруу жана ишин уюштуруу VIII. Комиссардын ыйгарым укуктары IX. Комиссарды кызматынан бошотуу X. Комиссарга жана Агенттиктин кызматкерлерине коюлган талап XI. Комиссардын жана Агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө XII. Агенттиктин отчеттуулугу XIII. Агенттиктин көзкарандысыздыгынын кепилдиктери XIV. Купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо XV. Агенттикти финансылоо жана анын мүлкү XVI. Агенттиктин документациясы I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттукагенттиги (мындан ары - Агенттик) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ку-рамына кирбеген, коррупциянын алдын алуу жагында мамлекеттик бирдиктүүсаясатты жүргүзгөн жана коррупциянын пайда болушуна көмөк көрсөтүүчүшарттарды табуу, жоюу жана алдын алуу боюнча ишти жүзөгө ашырууга ыйга-рым укуктуу мамлекеттик аткаруу органы болуп саналат. 2. Агенттик өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Ресдубликасынын ПрезидентининЖарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом-дору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Эларалык келишимдерин,ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 3. Агенттик юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз РеспубликасынынМамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өз аталышы мамлекеттик,расмий жана англис тилдеринде жазылган мөөрү, мөөрлөрү, штамптары жанабланкы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачылганбанктык эсеби болот. 4. Агенттиктин жайгашкан жери Кыргыз Республикасынын борбору Биш-кек шаары. II. Агенттиктин ишинин максаты 5. Агенттиктин ишинин максаты коррупцияга каршы чараларды иштепчыгуу, мониторинг жүргүзүү жана жүзөгө ашыруу аркылуу өлкөдө коррупция-нын дењгээлин төмөндөтүү болуп саналат. III. Агенттиктин негизги милдеттери 6. Агенттиктин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттуккењеш аныктаган артыкчылыктуу багыттарга ылайык коррупцияга каршы күрөшбоюнча мамлекеттик саясатты, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштүнформаларын жана ыкмаларын иштеп чыгуу; - коррупцияга каршы күрөш боюнча мамлекеттик саясатты координация-лоо, мониторинг жүргүзүү жана жүзөгө ашырууга баа берүү; - коррупцияны пайда кылган, ага түрткү болгон жана колдоого алганшарттарды жоюуга жана алдын алууга багытталган иш-чараларды иштеп чыгуужана жүзөгө ашыруу; - коомдо коррупциялык көрүнүштөргө келишпестик кырдаалды түзүү жа-на коррупцияга каршы күрөштө өзалдынча уюшкандыкты көрсөтүү. IV. Агенттиктин ишинин негизги багыттары жана функциялары 7. Агенттик өз ишин төмөнкү багыттар боюнча жүргүзөт: - мамлекеттик коррупцияга каршы стратегияны иштеп чыгуу, аны атка-рууну координациялоо жана көз салуу, аны жүзөгө ашырууга катышуу; - мамлекеттик жана жеке сектордун бардык чөйрөсүндө коррупциягакаршы күрөшүү; - коррупцияга каршы күрөшүүгө тиешеси бар ченемдик укуктук базаныөркүндөтүү; - жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук бирикмелер жана жарандыккоомдун башка институттары менен кызматташуу; - коррупцияга каршы алдын алуу чараларын иштеп чыгууда жана жүзөгөашырууда мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү; - коррупциянын абалы жөнүндө коомчулукту маалымат менен камсыз кы-луу жана коомдук колдоону мобилизациялоо; - коррупцияга каршы күрөшүүгө ведомстволор аралык кооперацияны жа-на тартиптер аралык мамилени камсыз кылуу жана коррупция маселеси боюн-ча коомчулукту агартуу; - коррупцияны болтурбоого багытталган институттук реформаларгакөмөк көрсөтүү; - коррупцияга каршы күрөш жагында эларалык кызматташтыктыөнүктүрүү. 8. Агенттик төмөнкү функцияларды аткарат: - коррупцияга каршы күрөш жагында максаттуу программаларды иштепчыгууну уюштурат, аларды жүзөгө ашырууга мониторинг жүргүзөт; - коррупцияга каршы күрөш жагында мамлекеттик саясатты өркүндөтүүбоюнча сунушту иштеп чыгат; - коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чаралардын натый-жалуулугуна баа берет жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн жањы ыкмаларыништеп чыгат; - өлкөдөгү коррупциянын абалына туруктуу баа берет; - коррупцияга каршы күрөшүү жагында мыйзам долбоорлорун, башка че-немдик укук актыларын иштеп чыгат; - коррупцияга каршы күрөш маселесин козгогон мыйзам долбоорлорунжана ченемдик укук актыларды көзкарандысыз экспертизадан өткөрөт; - өз компетенциясынын чегинде коррупция фактыларын табуу, андайфактылардын келип чыгуу себептерин аныктоо жана келечекте аны болтурбообоюнча чараларды кабыл алуу максатында ачык функцияларды жүзөгө ашырганюридикалык жактарга жана жалпы кызмат адамдарына карата коррупциягакаршы изилдөөлөрдү жүргүзөт; - коррупциянын пайда болушуна жана жайылышына көмөк көрсөткөншарттарды жоюу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат; - коррупциянын пайда болушуна жана жайылышына көмөк көрсөткөншарттарды жоюу жөнүндө сунуштарды иштеп чыгат; - коррупцияга каршы күрөшүү маселеси боюнча пропагандалык, агартуужана билим берүү өнөктүгүн жүргүзөт; - коррупцияга каршы күрөш маселеси жагында иштеген ар кандай уюм-дар, анын ичинде четөлкөлүк уюмдар, эларалык уюмдар жана коомдук бирик-мелер менен кызматташат; - коррупциянын көрүнүшү менен байланышкан арыздар, даттануулар жа-на сунуштар менен келген жарандарды жана уюмдардын өкүлдөрүн кабылалат, аларды каттайт жана тийиштүү башкаруу органдарына жиберет, ошон-дой эле алардын аткарылышынан андан ары контролдук кылат. V. Агенттиктин ыйгарым укуктарынын колдонулушу 9. Ушул Жобонун күчү жалпы функцияларды жүзөгө ашырган юридикалыкжактарга жана жалпы кызмат адамдарына карата Кыргыз Республикасынын ай-магына жайылтылат. Жалпы кызмат адамы - мамлекеттик бийлик органдарында, сот органда-рында жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарында, менчигинин түрүар кандай уюмдарда, ишканаларда, мекемелер, бирикмелерде кандайдыр биркызмат ордун ээлеген жана өзүнүн ээлеген кызмат ордуна ылайык мыйзамдуумамлекеттик жана/же коомдук таламдарды камсыз кылууга (сактоого) багыт-талган укуктарды жана милдеттенмелерди аткарууга ыйгарым укуктуу аркандай дайындалуучу же шайлануучу адам. Жалпы функцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жак - бул өзүнүн ста-тусу боюнча мамлекеттик жана/же коомдук таламдарды камсыз кылган мил-деттерди жана функцияларды аткарган юридикалык жак. VI. Агенттиктин ыйгарым укуктары 10. Агенттик төмөнкүлөргө укуктуу: - жалпы функцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактардан жана кыз-мат адамдарынан алардын ишин талдоо үчүн зарыл болгон актыларды, буй-руктарды, башка документтерди, түшүндүрмөлөрдү талап кылууга. Жашыруунже купуя режиминдеги документтер менен иштөөгө Агенттиктин жашыруун до-кументтер менен иштөөгө тийиштүү уруксаты бар жана иликтөөнүн жүрүшүндөалынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоо жөнүндө тийиштүү милдеттенме бер-ген кызматкерлерине уруксат кылынат; - жалпы функцияларды жүзөгө ашырган юридикалык жактарга жана кыз-мат адамдарына башкаруу жол-жоболорун өзгөртүү, түзүмдүк жана институт-тук кайра түзүүлөрдү жүргүзүү, алардын ишин жөнгө салган ченемдик укукактыларына, анын ичинде коррупциянын жолун бөгөө жана болтурбоо макса-тында ички актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнчамилдеттүү аткарыла турган сунуштарды берүүгө; - жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы изилдөөлөрдүн натыйжаларыбоюнча ченемдик укук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кир-гизүү жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кир-гизүүгө; - коррупцияга каршы экспертизаларды жүргүзүүгө жана мыйзамдардындолбоорлоруна, башка ченемдик укук актыларына корутунду берүүгө; - Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз РеспубликасынынБашкы прокуроруна, башка мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын же-текчилерине коррупцияга каршы күрөш жагындагы Кыргыз Республикасынынмыйзамдарынын, ушул Жобонун талаптарын жана кесиптик этиканын ченемде-рин аткарбаган алар дайындаган кызмат адамдарын иштен бошотуу сунушуменен кайрылууга; - коррупцияга каршы күрөш жагында Кыргыз Республикасынын мыйзамда-рынын, ушул Жобонун талаптарын, кесиптик этиканын ченемдерин аткарба-ган, ошондой эле башка укуккка каршы аракеттерди жасаган кызмат адамда-рынын аракеттерин иликтөө боюнча комиссияны түзүүгө; - мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан коррупцияга каршы чаралар-дын натыйжалуулугуна баа берүүгө; - өлкөдө коррупциянын дењгээлине мониторинг жүргүзүү жана коомдукпикирди иликтөө максатында изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, маалыматтарды чо-гултууга жана иштетүүгө; - коррупцияга каршы күрөш жагындагы мыйзамдардын жоболорун жанаушул Жобону бузган адамдарга карата кылмыш териштирүүсүн козгоо же баш-ка чараларды аткаруу жөнүндө компетенттүү органдарга өтүнүч кылуу; - жүргүзүлүп жаткан коррупцияга каршы изилдөөлөрдүн натыйжаларыжана Агенттиктин сунуштарын аткаруу жөнүндө өз корутундуларын, аныничинде Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жо-горку Кењешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Агенттиктин сунушубоюнча аракеттери жөнүндөгү маалыматты жарыялоого; - Агенттик менен кызматташкан адамдардын жана маалымат булактары-нын купуялыгын сактоого; - башка органдар, анын ичинде коррупцияга каршы күрөшүү жагында ишжүргүзгөн эларалык органдар менен кызматташууга; - айрым милдеттерди аткаруу үчүн көзкарандысыз адистерди тартууга; - Агенттиктин ишин жөнгө салууга өзүнүн ички актыларын кабыл алуу-га; - өкүлчүлүктөрдү түзүүгө; - сотто доочу жана жоопкер катары чыгууга. VII. Агенттикти башкаруу жана ишин уюштуруу 11. Агенттикке Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республи-касынын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Улуттук кењеши менен макулда-шуу боюнча дайындаган Комиссар башчылык кылат. 12. Комиссардын орунбасары Комиссардын сунушу боюнча Кыргыз Рес-публикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана бошотулат.Комиссардын орунбасары түздөн-түз Комиссарга отчет берет жана өз ишинага жүктөлгөн милдеттенмелердин чегинде жүргүзөт. 13. Агенттиктин курамына Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлерикирет. 14. Агенттиктин кызматкерлери талдоо, маалыматтык жана башкакөмөкчү материалдарды даярдоо жана анын күндөлүк ишин колдоо үчүн жоопберет. 15. Комиссардын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал дайындалган учурдантартып башталат жана 4 жылды түзөт. Бир эле киши эки мөөнөттөн ашык Ко-миссардын кызмат ордун ээлей албайт. 16. Агенттик өз ишин жылдык жана учурдагы пландардын негизиндетүзөт, ал коррупцияга каршы күрөш жагындагы мамлекеттик саясаттын ба-гыттарына негизденүү менен түзүлөт. 17. Агенттиктин ишинин жылдык планы Кыргыз Республикасынын корруп-цияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењеш тарабынан бекитилет. 18. Агенттиктин ишинин бекитилген планына өзгөртүүлөр жана толук-тоолор киргизилиши мүмкүн, аны Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршыкүрөш боюнча Улуттук кењеши жүзөгө ашырат. VIII. Комиссардын ыйгарым укуктары 19. Комиссар Агентикке жалпы жетекчилик кылат жана анын ишин өзал-дынча уюштурат. 20. Комиссар: - Агенттикти башкарат жана жалпы жетекчилик кылат; - Агенттиктин атынан ишеним катсыз эле аракеттенет, мамлекеттикоргандар, ишканалар, мекемелер, уюмдар, банк жана кредиттик мекемелер,Кыргыз Республикасындагы жана четөлкөлөрдөгү эларалык жана башка уюмдарменен мамилесинде анын таламын коргойт; - Агенттик түзгөн макулдашууларга жана келишимдерге белгиленгентартипте кол коет, Агенттиктин бардык кызматкерлери үчүн милдеттүү бол-гон буйруктарды чыгарат жана көрсөтмөлөрдү берет; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-лорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Рес-публикасынын Жогорку Кењешине, Өкмөтүнө, ошондой эле башка уюмдаргабелгиленген тартипте сунуш киргизет; - коррупцияга каршы күрөшүү жагындагы программаларга тиешелүү су-нуштарды бекитет; - Агенттиктин Регламентин жана ички актыларын бекитет; - өкүлчүлүктөрдү ачуу жөнүндө чечим кабыл алат; - белгиленген тартипте Агенттиктин түзүмүн жана штаттык санын бел-гилейт; - белгиленген тартипте Агенттиктин кызматкерлерин ишке кабыл алуу-нун шартын, Агенттиктин кызматкерлери үчүн кызматтык милдеттерди жанаукуктарды, сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу системасын бекитет; - белгиленген тартипте кадрларды тандайт жана жайгаштырат; - Агенттиктин ишинин бардык маселелери боюнча ушул Жобого ылайыкчечим кабыл алат; - коррупцияга каршы күрөшүү боюнча иш жүргүзгөн эларалык уюмдаржана институттардын ишине катышат; - министрликтерден, администрациялык ведомстволордон, уюмдардан,ишканалардан жана алардын бирикмелеринен маалымат суратат жана алат. 21. Комиссар жок болгондо анын функциясын орунбасары аткарат. IX. Комиссарды кызматынан бошотуу 22. Комиссар Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматы-нан төмөнкү учурларда гана бошотулат: - ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөндө; - отставка боюнча жеке арызы боюнча; - мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусу менен ырасталганкызматтык милдеттерин аткаруу мүмкүнчүлүгү болбогондо; - Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо; - соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмү менен белгиленген кылмышжазасына тартыла турган жосун жасаган учурда; - Комиссардын кызмат ордун ээлеген адам өлгөндө; - башка ишке өткөндө же Комиссардын ыйгарым укуктарын аткаруу ме-нен шайкеш келбеген ишти 10 жумушчу күндүн ичинде таштабаганда; - ага жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбаганда; - мамлекеттик кызматчынын этикасын бузганда. X. Комиссарга жана Агенттиктин кызматкерлерине коюлган талап 23. Кыргыз Республикасынын жараны Комиссар жана Агенттиктин кыз-маткери болуп дайындалышы мүмкүн. 24. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон, эгерде соттуулугу тындырыл-баган же мыйзамда белгиленбеген тартипте алып салынбаган адам Комиссаржана Агенттиктин кызматкери боло албайт. 25. Комиссардын кызмат ордуна көрсөтүлгөн талапкер жогорку би-лимдүү жана кеминде жети жылдык кесиптик иш-тажрыйбасы бар адам болуугатийиш. 26. Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлери атайын кызматтар тара-бынан текшерүүдөн, анын ичинде жазык, финансылык жана жеке маалыматта-рын Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењешбекиткен талаптарга ылайык өтүүгө милдеттүү. 27. Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлери Агенттикте туруктуунегизде иштешет. 28. Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлери өздөрүнүн кызматтыкмилдеттенмелерди аткаруу учурунда коомдук-саясий жана диний уюмдаргамүчөлүгүн токтотуп турууга милдеттүү. 29. Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлери Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин депутаты боло албайт, Башка уюмдарда башка кызмат ор-дун, ал кызмат орундарын ээлөөгө акы төлөнүп же төлөнбөгөндүгүнө кара-бастан ээлей албайт, ошондой эле пайда алып келүүгө багытталган ишжүргүзө албайт. XI. Комиссардын жана Агенттиктин кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө 30. Комиссардын жана Агенттиктин кызматкерлеринин эмгек акысы Кыр-гыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет. XII. Агенттиктин отчеттуулугу 31. Агенттик жылына эки жолу, 1-октябрдан жана 1-апрелден кечик-бестен Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттуккењешинин алдында республикада коррупцияга каршы күрөш жагындажүргүзүлүп жаткан иштердин негизги багыттары жөнүндө отчет, анын ичиндеАгенттиктин сунуштарын жана рекомендацияларын аткаруу жана бул иштиннатыйжалары жөнүндө маалыматты берет. 32. Республикада коррупцияга каршы күрөшүү жагында жүргүзүлүп жат-кан иштин негизги багыттары жөнүндө расмий маалыматтар, анын ичиндеАгенттиктин рекомендацияларын жана сунуштарын аткаруу жана бул иштиннатыйжасы жөнүндө маалыматтар жылына эки жолу (1-октябрдан жана 1-ап-релден кечиктирбестен) Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Прези-дентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине, Кыргыз Республикасы-нын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна жиберилет жана жал-пыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. XIII. Агенттиктин көзкарандысыздыгынын кепилдиктери 33. Агенттик өз ишин "Коррупцияга каршы күрөш жөнүндөгү" КыргызРеспубликасынын Мыйзамы, ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башкаченемдик укук актылары менен белгиленген ыйгарым укуктардын чегиндеөзалдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат. 34. Агенттиктин көзкарандысыздыгы төмөнкүлөр менен камсыз кылынат: - Агенттиктин карамагына берилген маселелерди чечүүдө Агенттиктинжана/же Агенттиктин кызматкерлеринин ишине кандай гана формада болбосункийлигишүүгө же таасир көрсөтүүгө жоопкерчилик коркунучу астында жолберилгистик. Агенттиктин карамагына берилген маселелерди чечүүдө Агент-тиктин жана/же Агенттиктин кызматкерлеринин ишине кийлигишүүгө же таа-сир көрсөтүүгө мыйзамсыз аракет кылган адамдар Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат; - Комиссардын ыйгарым укуктарын белгиленген тартипте дайындоо жанатоктотуу; - Агенттиктин ишин өз учурунда жана талаптагыдай финансылоо. Өз функцияларын аткаруу учурунда жана ал аяктагандан кийин эки жылбою Комиссар сот тартибинде салынган жазык жана администрациялык жооп-керчиликке тартылышы, кармалышы, камакка алынышы, кылмыш ордунан кар-малган учурлардан тышкары тинтүүгө жана жеке кароого алынышы мүмкүнэмес. 35. Комиссарды кылмыш ордунан кармаган учурда андай кармоонужүргүзгөн кызмат адамы бул туурасында Кыргыз Республикасынын коррупция-га каршы күрөш боюнча Улуттук кењешинин төрагасына жана Кыргыз Респуб-ликасынын Башкы прокуроруна дароо билдирүүгө тийиш. 36. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттуккењеш 24 сааттын ичинде Комиссарды жоопкерчиликке тартууга макулдукберүү жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш. Кыргыз Республикасынын корруп-цияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењешинин макулдугу алынбаган учурдаКомиссар дароо бошотулууга тийиш. 37. Комиссарга карата кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Башкы про-курору тарабынан гана козголушу мүмкүн. 38. Эгерде Агенттиктин кызматкери анда же Агенттиктин ар кандайзле башка кызматкеринде таламдардын кагылышуусу же башка кабыл алынганчечимдердин калыстыгына жана объективдүүлүгүнө таасир тийгизиши мүмкүнболгон жагдай бар деп эсептесе, ал бул туурасында дароо Комиссарга бил-дирүүгө тийиш, ал таламдардын кагылышуусун терс залалдарын болтурбообоюнча чараларды көрүүгө тийиш: - милдеттерди аткарууда таламдардын кагылышуусу келип чыккандаАгенттиктин кызматкерин милдеттерди аткаруудан убактылуу четтетүү; же - милдеттерди аткарууда таламдардын кагылышуусу келип чыккандаАгенттиктин кызматкеринин милдеттерди аткарышына контролдукту күчөтүү. 39. Комиссарда таламдардын кагылышуусу орун алганда ал бул туура-сында Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттуккењешине маалымдоого милдеттүү, ал аракеттерди аткаруу учурунда Комис-сарда таламдардын кагылышуусу келип чыккан ишти аткарууга Агенттиктиныйгарым укуктуу кызматкерин аныктайт. 40. Таламдардын кагылышуусун аныктоо тартиби "Мамлекеттик кызматжөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынынбашка ченемдик укук актылары менен аныкталат. 41. Комиссар жана Агенттиктин кызматкерлери, ошондой эле алардынүйбүлө мүчөлөрү, эгерде алардын кызматтык милдеттенмелерди аткарышынабайланыштуу алардын өмүрүнө коркунуч келтирилген учурда жекече кайтару-уга укуктуу. XIV. Купуя маалыматтарды ачыкка чыгарбоо 42. Агенттиктин кызматкерлери Агенттиктин иши жөнүндө купуя маалы-маттарды, б.а. белгилүү чөйрөдөгү адамдар гана ээ боло турган докумен-тацияланган маалыматтарды же кызматтык милдеттерин аткаруу менен байла-ныштуу аларга белгилүү болуп калган башка маалыматтарды Кыргыз Респуб-ликасынын мыйзамдарында каралган учурлардан тышкары ачыкка чыгаруугаукуксуз. 43. Эч ким, анын ичинде Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршыкүрөш боюнча Улуттук кењешинин мүчөлөрү Комиссардан жана Агенттиктинкызматкерлеринен алардын кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштууаларга белгилүү болуп калган жашыруун жана купуя маалыматтарды ачыккачыгарууну талап кылууга укуксуз. XV. Агенттикти финансылоо жана анын мүлкү 44. Агенттик республикалык бюджеттин каражаттарынан, ошондой элеКыргыз Республикасынын мыйзамы жана мыйзамдуу тартипте күчүнө киргенэларалык укуктук актылар менен белгиленген тартипте башка булактардынэсебинен финансыланат. 45. Агенттиктин чыгымдары республикалык бюджетте өзүнчө сап мененкөрсөтүлөт. 46. Агенттик жыл сайын өзүнүн ишин финансылоо үчүн бюджеттин дол-боорун даярдайт. Бюджеттин бул долбоору Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин бюджет боюнча комитетинин кароосуна жиберилет. 47. Финансылык отчеттуулук Комиссар тарабынан Кыргыз Республикасы-нын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењешине берилет. 48. Агенттик, эгерде Комиссар жактырылган сумма Агенттик агажүктөлгөн милдеттерди аткарышы үчүн адекваттуу эмес деп эсептесе, бюд-жеттин кошумча долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине сунушкылууга укуктуу. 49. Агенттик чыгымдар маанилүү же кечиктирилгис мүнөздөгү иштергебайланышкан жана ал Агенттиктин бюджетинин долбоорун даярдоодо мүмкүнболбогон болсо кошумча финансылоо үчүн Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењешинин бюджет боюнча комитетине кайрылууга укуктуу. 50. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Агенттиктин операциялык иштеринадекваттуу финансылоону камсыз кылуу үчүн тийиштүү жылга республикалыкбюджетте каралган каражаттардын чегинде каражат бөлүүнү кепилдейт. Рес-публикалык бюджетке каралган каражат Агенттикти финансылоо үчүн ага өзубагында бөлүнүүгө тийиш. Каражатты кечиктирүү же анын өлчөмүнөзгөртүүгө жол берилбейт жана ал Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынаылайык жоопкерчиликке кириптер кылат. XVI. Агенттиктин документациясы 51. Агенттик корутундулардын жана рекомендациялардын, отчеттордунжана башка документтердин купуялыгын жана сакталышын камсыз кылуу мененалардын түп нускасын сактоого милдеттүү. Мындай документтерди сактоонун мөөнөтү жана шарты Агенттик тарабы-нан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.