Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 21-октябрындагы № 476
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењеши жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор II. Кењештин милдеттери III. Кењештин компетенциялары IV. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењешинин курамы жана аны түзүү принциптери V. Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн Кењештин курамына делегациялоонун тартиби VI. Кењештин ишин уюштуруу VII. Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттик менен өзара мамиле I. Жалпы жоболор Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттуккењеши (мындан ары - Кењеш) коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралардыжүзөгө ашырууга мамлекеттик-коомдук контролдукту камсыз кылуу максатын-да түзүлгөн. II. Кењештин милдеттери 2. Кењештин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - коррупцияга каршы күрөшүү жагында бирдиктүү мамлекеттик саясаткаылайык Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттукагенттигинин (мындан ары - Агенттик) ишинин артыкчылыктуу багыттарынаныктоо; - Агенттиктин ишине мамлекеттик-коомдук контролду жүргүзүү; - Агенттик жөнүндө Жобо менен белгиленген Агенттиктин көзкаранды-сыздыгынын кепилдигин сактоого мониторинг жүргүзүү; - Агенттиктин кадр саясатына мониторинг жүргүзүү; - коррупция маселесинин ар кандай аспекттери боюнча АгенттиктинКомиссарына консультацияларды берүү. III. Кењештин компетенциялары 3. Кењештин компетенциясына төмөнкүлөр кирет: - Комиссарды дайындоого (бекитүүгө макулдук берүү); - Агенттиктин жылдык иш-планын бекитүү; - Агенттикти өнүктүрүүнүн стратегиясын жана келечектүү пландарынбекитүү; - Комиссардын отчетторун кароо жана бекитүү; - Агенттиктин иши боюнча коомдук пикирди жана мамлекеттик органдарменен жарандык коомдун уюмдарынын сын-пикирлерин жана сунуштарын жанаиликтенген маалыматтын жыйынтыгы боюнча Комиссарга практикалык чаралар-ды сунуш кылуу. IV. Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш боюнча Улуттук кењешинин курамы жана аны түзүү принциптери 4. Кењештин курамына мамлекеттик органдардан жана жарандык коомдунуюмдарынан өкүл болгон он бир мүчө кирет: Кыргыз Республикасынын Президентинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин өкүлү; Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттукагенттигинин Комиссары; Жарандык коомдон (жалпыга маалымдоо каражаттары, ишкерлер ассоциа-циясы, кесиптик бирликтер, академиялык чөйрө, коомдук бирикмелер, чы-гармачыл союздар) алты өкүл. 5. Жогорку билимдүү жана кеминде беш жылдык кесиптик иш-тажрыйбасыбар Кыргыз Республикасынын жараны Кењештин мүчөсү боло алат. 6. Жасаган кылмышы үчүн соттуулугу бар, эгерде ал соттуулугу мый-замда белгиленген тартипте тындырылбаган же жокко чыгарылбаган адамКењештин мүчөсү боло албайт. 7. Мамлекеттик органдардан өкүл болгон Кењештин мүчөлөрү КыргызРеспубликасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши-нин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жо-горку Сотунун Пленумунун чечиминин негизинде эки жылдык мөөнөткө деле-гацияланат. Комиссар Кењештин курамына ал Кыргыз Республикасынын кор-рупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттиги жөнүндө Жобого ылайык Кыр-гыз Республикасынын Президенти тарабынан кызмат ордуна бекитилгенденкийин кирет. 8. Жарандык коомдон өкүл болгон Кењештин мүчөлөрү Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн жарандык коомдун уюмдары (жалпыгамаалымдоо каражаттары, ишкерлердин ассоциациялары, кесиптик бирликтер,академиялык чөйрөлөр, коомдук бирикмелер, чыгармачыл союздар) тарабынанделегацияланат. 9. Жарандык коомдун өкүлдөрүн Кењешке жөнөтүү жөнүндө чечим алардыжөнөткөн уюмдун ыйгарым укуктуу органы тарабынан кабыл алынууга тийиш.Жарандык коомдун бирикмелеринин ар кандай топторунун таламдарын билдир-ген жана кесиптик, региондук, саясий же башка белгилери боюнча түзүлгөнуюмдары бирдиктүү талапкерди көрсөтүшү мүмкүн. 10. Бир уюмдун атынан Кењештин курамына бир гана өкүл киришимүмкүн. 11. Жарандык коомдон Кењештин курамына жиберилген өкүлдөр алардыделегациялаган структураларга отчет берет. 12. Кандайдыр бир себептер боюнча Кењештин курамынан чыгып калгананын мүчөсү бул туурасында Кењештин төрагасына жана аны Кењешке делега-циялаган органга же уюмга жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү. Кењештегибош оорун ушул Жободо айтылган жол-жоболорго ылайык ээлениши керек. 13. Кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү алардын та-лапкерлиги бекитилген учурдан тартып эсептелет жана эки жылды түзөт. 14. Кењештин жыйналыштарына катышуу анын бардык мүчөлөрү, аныничинде жарандык коомдун өкүлү үчүн алардын тикелей милдети болуп сана-лат. 15. Жарандык коомдун өкүлдөрү үчүн Кењештин курамындагы иш турук-туу болуп саналбайт жана Кењештин жыйналышына катышуу менен байланышканчыгымдар гана компенсацияланат. V. Мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрүн Кењештин курамына делегациялоонун тартиби 16. Ушул Жобо күчүнө кирген күндөн тартып отуз календарлык күндүничинде Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Кењеши, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасынын Жогор-ку Соту Кењешке өз өкүлдөрүн көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алат. КыргызРеспубликасынын Президенти сунуш кылынган талапкерлерди тийиштүү мамле-кеттик органдардан жазуу жүзүндөгү билдирме алынгандан кийин бекитет. 17. Ушул Жобо күчүнө киргенден тартып он беш календарлык күндүничинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кењештинкурамына жарандык коомдун уюмдары өз өкүлдөрүн жиберүү мүмкүнчүлүгүжөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыялайт. 18. Жарандык коомдун уюмдарынын топтору жалпыга маалымдоо каражат-тарына кулактандыруу жарыялаган күндөн тартып он беш календарлык күндүничинде өз өкүлдөрүн коллегиялуу түрдө Кыргыз Республикасынын коррупция-га каршы күрөш боюнча Улуттук кењешке өкүлчүлүктүн төмөнкү ченеми боюн-ча тандайт: - жалпыга маалымдоо каражаттары - бир өкүл; - ишкерлер ассоциациясы - бир өкүл; - кесиптик бирликтер - бир өкүл; - академиялык чөйрөлөр - бир өкүл; - коомдук бирикмелер - бир өкүл; - чыгармачыл союздар - бир өкүл. 19. Ушул Жободо баяндалган жол-жобого ылайык тандалган жарандыккоомдун өкүлдөрү жалпыга маалымдоо каражаттарына кулактандыруу жарыя-ланган күндөн тартып отуз календарлык күндөн кечиктирбестен Кыргыз Рес-публикасынын Президентине алар Кењештин курамына делегациялангандыгыжөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирмени аларды делегациялаган жарандык коом-дун уюмдарынын чечимдеринин (жалпы чогулуштун протоколу, илимий кењеш-тин, саясий кењештин чечими ж.б) нотариалдык күбөлөндүрүлгөнкөчүрмөлөрүн тиркөө менен тапшырат. 20. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы Кењештинкурамына талапкерлерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин он беш календар-лык күндөн кечиктирбестен алардын толук тизмесин жалпыга маалымдоо ка-ражаттарына жарыялайт. 21. Кыргыз Республикасынын Президенти талапкерлердин толук тизмесижалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тартып он беш кален-дарлык күндөн кечиктирбестен жарандык коомдун уюмдарынан делегациялан-гандардын ичинен мамлекеттик органдардан өкүл болгон Кењештин бешмүчөсү сунуш кылынган Кењештин мүчөлүгүнө алты талапкерди ушул Жобогоылайык бекитет. 22. Кењештин мүчөлөрүнүн - жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ыйгарымукуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин алтымыш календарлык күн калгандаКењеш ушул Жободо белгиленген Кењешке жарандык коомдун жањы өкүлдөрүнбекитүү жол-жобосуна демилге кылат. VI. Кењештин ишин уюштуруу 23. Кењешке жөнөкөй көпчүлүк добуш менен жашыруун добуш берүү ар-кылуу Кењештин мүчөлөрүнүн ичинен эки жылга шайланган төрага башчылыккылат. Комиссар Кењештин төрагасы болуп шайлана албайт. 24. Кењештин жыйналышы үч айда бир жолудан кем эмес өткөрүлүп ту-рат. Кењештин кезексиз жыйналышы Кењештин төрагасынын же Комиссардын жеКењештин алты мүчөсүнүн демилгеси боюнча чакырылышы мүмкүн. 25. Кењештин жыйналышынын күн тартиби учурдагы жылга иш планынаылайык түзүлөт. Зарыл болгон учурда Кењештин каалаган үч мүчөсү күнтартибине кошумча маселелерди сунуш кыла алат. 26. Жыйналыштын материалдары, күн тартиби, жыйналыштын датасыКењештин мүчөлөрүнө жыйналыш башталганга чейин он календарлык күндөнкечиктирбестен жиберилет. Жыйналыштын күн тартибинин маселеси боюнчаматериалдар өз убагында жиберилбей калган учурда Кењештин мүчөлөрүнүнбиринин арызы боюнча ал маселелер Кењештин жыйналышынын кароосунан алыпсалынууга тийиш. 27. Кењештин жыйналышынын кворуму Кењештин жети же андан ашыкмүчөсүнөн турат, алардын бири Кењештин төрагасы болууга тийиш. 28. Кењештин төрагасын шайлоо боюнча добуш берүү өткөрүүдө толуккурам чакырылууга тийиш. 29. Кењештин төрагасы Кењештин ишине жетекчилик кылат жана жыйна-лышын алып барат. Кењештин төрагасы жок болгон учурда анын милдетинКењештин мүчөлөрү шайлаган Кењештин мүчөсү төраганын милдетин убактылууаткарат. 30. Кењештин чечими жыйналышка катышкан Кењештин мүчөлөрүнүн жалпысанынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тењ чыгып калганучурда төрага жактап добуш берген чечим кабыл алынат. 31. Кењештин чечими протокол түрүндө жазылат, ага Кењештин төрага-сы кол коет. 32. Кењештин мүчөлөрү өз ыйгарым укуктарын үчүнчү жактарга береалбайт. 33. Кењеш каралып жаткан маселе боюнча консультация алуу үчүн өзжыйналышына көзкарандысыз эксперттерди чакырууга укуктуу. VII. Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттик менен өзара мамиле 34. Агенттик жылына эки жолу Кењештин алдында отчет берет. 35. Кењештин ишин уюштуруу-методикалык жана техникалык жактан кам-сыз кылууну Кыргыз Республикасынын коррупцияны алдын алуу боюнча Улут-тук агенттиги камсыз кылат.