Загрузка документа…
ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6- чакырылышынын 1- уюштуруу заседаниеси
2017-жылдын 12-январы№ 1/1
Гүлчө айылдык кенешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Гулчө айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кенештердин депутаттардын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна таяныпГулчө айылдык кеңешинин регламентин толук талкулоону негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Гулчө айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын (регламент тиркелет).
2.Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3.Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчы Э.Кадыровага тапшырылсын.
4.Бул токтомду аткаруу Гулчө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жоопту катчыга милдеттендирилсин.
Төрага | К.Исмаилов |
Айылдык кеңештин
ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ
I БӨЛҮМ. Жалпыжоболор
1-глава. Айылдык кеңеши
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясы
II. БӨЛҮМ. Айылдыккеңештин түзүмү
3-глава. Айылдык кеңештин төрагасы
4-Глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
5-Глава. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
6-Глава. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
III.БӨЛҮМ. Айылдыккеңештинишининжалпытартиби
7-Глава. Айылдык кеңештин сессияларын өткөрүү тартиби
8-Глава. Айылдык кеңештин токтом долбоорлорун кароо тартиби
9-Глава. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктарын токтотуу
IVБӨЛҮМ. Айылдыккеңештинрегламенти
10-Глава. Айылдык кеңештин регламентин бекитүү, өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тартиби
IБӨЛҮМ.Жалпыжоболор
I-глава. Айылдыккеңеш
Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө», белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө калыптануучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын айыл аймактарындагы өкүлчүлүктүү органы.
Айылдык кеңеш жалпы бирдей жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайланган депутаттардан турат. Айылдык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби «Жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
Айылдык кеңеш юридикалык жак бөлүп саналатжана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, жергиликтүү жамааттардын Уставы жанаушул регламент менен киргизилген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. КыргызРеспубликасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген айылдык кеңештин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
Айылдык кеңеш өзүнүн функцияларын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген мөөнөттөрдө өзгөргөн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана айылдык кеңештин кийинки чакырылышынын биринчи сессиясынын күнөнтартып өз ишин токтотот.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясы
2.1. Айылдыккеңештинсессиясында төмөнкү маселелерчечилет:
- жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
- жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу;
- аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
- жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
- жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обьектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
- мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
- жергиликтү жамааттын уставын бекитүү;
- тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык- аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
- кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
- кеңештин регламентин кабыл алуу;
- өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
- өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
муздак сууну, канализацияны , жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик ташталандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
алгоколдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
ирригациялык тармактарды, үйдөгү жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү;
2.2 Айылдык кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет
айыл өкмөттүн башчысын шайлоо;
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте айыл өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
айыл чарбасына жарактуу жерлердин Мамлекеттик фондунун ижарага берүүнүн тартибин аныктоо;
2. 3. Айылдык кеңеш башка маселелерди чечүү укугуна ээ жана зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн
3.1. Айылдык кеңештин айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашырын добушу менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
3. 2. Айылдык кеңештин төрагалыгына кеңештин депутаттары тарабынан, ошондой эле өзүн-өзү көрсөтүүтартибинде жүргүзүлөт
Жалпы депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланды деп эсептелинет.
3. 3. Айылдык кеңештин төрагалыгына катталган талапкершайлоонун аягына чейин катышат. Кошумча талапкер катталбайт.
3. 4. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талартагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин же жергиликтүү кеңештин фракциясынын демилгеси боюнча өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда жергиликтүү кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасы ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
3. 5. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
3. 6. Айылдык кеңештин төрагасы:
айылдык кеңештин сессиясын чакырат;
сессияларга төрагалык кылат;
айылдык кеңештин чечимдерине кол коет
айылды к кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат;
айылдык кеңештин төрагасы квартал сайын депутаттарга кабыл алынган токтомдор боюнча отчет берип турат
3. 7. Айылдык кеңештин төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
4-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
4. 1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди, кеңештин төрагасы тарабынан сунушталат жана ачык добуш берүү жолу менен депутаттардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер шайланат.
4. 2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат, ал жокто же ал милдетин аткара албаган учурда төраганын ордун алмаштырат.
4. 3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
4. 4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук негизде жүргүзөт
5-глава. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы
5. 1. Айылдык кеңештин жооптуу катчысынын функцияларын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
5. 2. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы;
- айылдык кеңштин сессиясынын протоколун жүргүзөт;
- келип түшкөн документтерди эсепке алууну уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары менен уюштуруу иштерин жүргүзөт;
- депутаттарга айылдык кеңештин сессиясын өткөрүү жөнүндө билдирет жана катышуусун эсепке алат;
- сессиянын токтомдорун жол жоболоштурат жана аларды айылдык кеңештин депутаттарына жөнөтүүнү уюштурат;
- айылдык кеңештин сессияларынын токтом долбоорлорун даярдоо боюнча ишти жетектейт.
- айылдык кеңештин сессиясына чакырууну сессия болгондон үч күн мурун айылдык кеңештин депутаттарына таратууну уюштурат
6-глава. Айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6. 1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айылдык кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын аа кароо жана даярдоо, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жана ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдардын аларды аткаруусун контролдоо үчүн түзүлөт. Айылдык кеңеш ошондой эле убактылуу комиссияларды да түзөт.
6.2. Комиссиялардын тизмесин, сандык курамын жана шайлоо тартибин айылдык кеңеш аныктайт. Айылдык кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүндө, зарыл учурларда жаны туруктуу коммиссияларды түзүү, мурун түзүлгөндөрдү башкаруу жана кайра түзүү, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугуна ээ.
6.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары компетенциясына кирген маселелер боюнча тийиштүү чечим кабыл алат.
7.1. Айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук укуктук түрү сессия бөлүп саналат. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгили айылдык кеңештин регламенти менен аныкталат. Айылдык кеңештин сессиялары кварталда бир жолудан кем эмес жана шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талаптары боюнча ачык өткөрүлөт.
7.2. Айылдык кеңештин сессиясынын отуруму депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбүрөөгү катышса, ал укуктуу болот. Айылдык кеңеш айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көбүрөөк добушу менен чечим кабыл алат, эгер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка каралбаса.
7.3. Жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясы айылдык кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумадан кеч эмес мурунку чакырылыштагы айылдык кеңештин депутаттарынын жашы боюнча эң улуусу ачат.
7.4. Айылдык кеңештин биринчи сесиясынын күн тартибине айылдык кеңештин төрагасын жана орун басарын шайлоо, айылдык кеңешти уюштуруунун дагы башка эң маанилүү маселелери киргизилет
7.5. Эгер каралуучу маселе мыйзам чыгарууга ылайык мамлекеттик сырга таандык болгон учурда, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
7.6. Айылдык кеңеш ар бир сессияда күн тартибин жана иш тартибин кабыл алат. Кандайдыр бир себептерден улам бул сессияда каралбай калган маселелер айылдык кеңештин кийинки сессиясында каралышы мүмкүн.
7. 7. Айылдык кеңештин сессиясында жооптуу катчы протокол жүргүзөт. Сессиянын отурумунун протоколунда себептерин кошо көрсөтүү менен сессияда катышкан жана катышпаган айылдык кеңештин депутаттарынын, сессияга чакырылгандардын аты жөнү, угуулар жана алар боюнча кабыл алынган чечимдер камтылышы керек. Протокол сессияда төрагалык кылган жак менен кол коюлат.
7. 8. Айылдык кеңештин сессиясында каралган маселелер жана кабыл алынган чечимдер зарыл учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат.
8.1. Сессияда каралган маселелер боюнча айылдык кеңеш токтом кабыл алат. Айылдык кеңештин токтому сессияда ачык же жашыруун добуш берүү менен кабыл алынат.
8.2. Айылдык кеңешке кароого берилген токтом долбоорлорунда:
-аткаруучулар, аткаруу мөөнөттөрү, финансылоо булактары, ошондой эле токтомдун күчүнө кирген убактысы көрсөтүлүшү керек.
- кызыкдар уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдарынын тийиштүү бөлүктөрү, ошондой эле зарыл учурда, мамлекеттик бийликтин тийиштүү органдары менен макулдашылган болушу керек.
- бул маселе боюнча мурунку токтом эске алынышы керек жана мурун кабыл аланган токтомду жокко чыгаруу же өзгөртүү боюнча сунуштар камтылышы керек.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүсү жөнүндө юридикалык негизге ээ болушу керек.
8.3. Айылдык кеңештин токтому сессияда кароодон кийин айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Чечимге кошулбаган айылдык кеңештин депутаты жазуу же оөзеки түрдө өзүнүн өзгөчө оюн берүүгө укуктуу, ал айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна киргизилет.
8.5. Сунушталган токтом долбооруна сессияда катышкан депутаттардын жарымынан көбү добуш берсе, негиз катары кабыл алынат. Эгер сунушталган токтом долбоору негиз катары кабыл алынбаса, пункт боюнча каралышы мүмкүн.
8.6. Бардык оңдоолор каралгандан кийин токтом долбоору толук кабыл алынат.
8.7. Айылдык кеңештин чечимдерин жөнөтүү, кол коюлгандан кийин эки жумалык мөөнөттө айыл өкмөтүнүн аппараты тарабынан жүргүзүлөт.
8.8. Айылдык кеңештин чечимдери анын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынат, тийиштүү аймата жайгашкан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана кызматтык жактар аны сөзсүз аткарууга тийиш.
9.1. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары жергиликтүү кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркалышына байланыштуу токтотулат.
9.2. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндөгүдөй учурларда таркалышы мүмкүн:
1) айылыдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган негизде Президент тарабынан:
3) администрациялык-аймактык бирдиктин чек араларынын өзгөрүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында. 9. 3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айылдык кеңештин чечими айылдык кеңештин төрагасы тарабынан тийиштүү жогорку инстанцияларга жиберилет.
9. 4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу бөлүп саналбайт жана айылдык кеңешти таратууга алып келбейт.
9. 5. Президенттин мөөнөтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылды деп эсептелет.
9. 6. Айылдык кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын тиешелүү башчыларына тартышат.
10.1. Айылдык кеңештин Регламенти маселелери боюнча жумушчу топтун типтуу регламнттин негизинде иштелип чыгат жана айылдык кеңештин сесиясына бекитүүгө берилет.
10.2. Регламент маселелери боюнча жумушчу топтун курамы айылдык кенеш шайлоочу беш депутаттан кем болбошу керек. Аны айылдык кеңештин төрагасынын орун басары жетектейт.
10.3. Ар бир депутат регламентке өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуш киргизе алат. Сунуштар Регламент маселелери боюнча жумушчу топко кароого берилет.
10.4. Айылдык кеңештин Регламенти жана анан ондоолорук айылдык кеңештин пайдаланган депутаттарынын жалпы санынын копчулук добушу менен кабыл алынат.
Бул регламент Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө»
Мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын айылдык кеңештин иш тартибин аныктайт.