Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 4-ноябры ПЖ № 513 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү жөнүндө Маданият жана илим ишмерлеринин кайрылууларын жана сунуштарын эскеалып, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана мамлекеттик тилди андан арыөнүктүрүүгө багытталган мыйзам алдындагы актыларды жүзөгө ашырууну жак-шыртуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-гы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынынтүзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 3-пунктунун "а" пунктчасындагы "Кыргыз Республикасынын Президенти-не караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын," деген сөздөралып салынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ыла-йык келтирсин. 3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн. 4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев