Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 29-декабры, ПЖ №661
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасында 2009-жылы эл жана
туракжай фондун каттоону өткөрүү жөнүндө
"Эл каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу
иретинде жана эл каттоонун кезектеген раундун өткөрүү маселеси боюнча
Бириккен Улуттар Уюмунун сунуштарын эске алуу менен токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасында кезектеги эл жана туракжай фондун каттоо
2009-жылы өткөрүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Реснубликасынын Улуттук
статистикалык комитети менен бирдикте зл жана туракжай фондун каттоону
толук жана өз убагында жүргүзүү боюнча зарыл ишти республикалык
бюджеттен жана донор-өлкөлөрдүн гранттык каражаттарынан финансылык
жактан камсыз кылууну эске алуу менен жүрүзсүн.
3. Эл жана туракжай фондун качтоону даярдоо, өткөрүү, анын
натыйжаларын иштетүү, талдап жалпылоо жана жарыялоо мезгилинде Кыргыз
Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин борбордук
аппаратынын штаттык санынын тизмесиие 2006-жылдын 1-январынан баштап
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын
эл жана туракжай фондун каттоо маселеси боюнча орунбасарынын кошумча
кызмат орду киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы
№607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн
оптималдаштыруу жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген "Мамлекеттик
органдардын, Кыргыз Республикасыныи жергиликтүү мамлекеттик
администрацияларынын жетекчилеринин орунбасарларынын санын (статс-
катчыларды кошпогондо)" деген №6 тиркемесине төмөнкүдөй толуктоо
киргизилсин:
- эскертүү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине эл жана
туракжай фондун каттоону даярдоо, өткөрүү, анын натыйжаларын иштетүү,
талдап жалпылоо жана жарыялоо мезгилинде Кыргыз Республикасынын
Улуттук статистикалык комитетинин төрагасынын эл жана туракжай фондун
каттоо маселеси боюнча орунбасарынын кошумча кызмат ордун киргизүүгө
жол берилсин.".
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев