Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 16-январындагы ПЖ № 10
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3- ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу
"Мамлекеттик кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына
ылайык, кесипкөй мамлекеттик кызматтын жолун жолдоочулугун, туруктуулугун жана көзкарандысыздыгын камсыз кылуу, мамлекеттик кызматты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттик органдардын мамлекеттик кызматчыларынын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы № 462 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын түзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын негизинде токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376 "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекцнясынан тышкары Кыргыз Республикасынын бардык министрликтеринде, мамлекеттик комитеттеринде жана администрациялык ведомстволорунда статс-катчынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат орду түзүлсүн.";
- аталган Жарлыктын "статс-катчынын кызмат орундары түзүлө турган мамлекеттик органдардын Тизмеси" деген тиркемеси күчүн жоготту деп табылсын;
- 2-пункт күчүн жоготту деп табылсын;
- 4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттиги:
- конкурстук жол-жоболордун толук ачыктыгын камсыз кылуу менен мамлекеттик органдын статс-катчысынын бош кызмат ордуна конкурстук тандап алууну уюштурсун;
- статс-катчынын кызмат ордуна дайындалган адамдарды мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдын, мамлекеттик кызматчынын этикасы, эмгек мыйзамдары, адам ресурстарын башкаруу, финансылык менеджмент, азыркы кездеги маалыматтык технологияны колдонуу жана башка маселелер боюнча окутууну жүргүзсүн;
- мамлекеттик органдын статс-катчыларынын кызматтык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык натыйжалуу аткарышына мониторингди камсыз кылсын.";
- 5-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин жана администрациялык ведомстволорунун тузүмүн жана штаттык санын, ошондой эле алар жөнүндө жоболорду иштеп чыгууда жана бекитүүдө мамлекетгик органдын статс-катчылары, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана алардын орунбасарлары аткара турган функцияларды кайра бөлүштүрүүнү камсыз кылсын;".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-февралындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005- жылдын 12-июлундагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" Жарлыгынын 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30- сентябрындагы № 418 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 24-октябрындагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы "Мамлекеттик органдын статс-катчысынын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Жарлыгына толуктоолорду киргизүү тууралу" Жарлыгы.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Админнстрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти К.Бакиев