Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 19-декабрындагы ПЖ № 635 Жарлыгына ылайык күчүн жоготкон Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 2-сентябры ПЖ № 343 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасын кайра уюштуруужана ишин андан ары ылайыкташтыруу максатында токтом кылам: 1. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354
Указы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкар-масы жөнүндө
жобо № 1 тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын. 2. "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын структу-расы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Прези-дентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 89 Указы менен бекитилген КыргызРеспубликасынын Президентинин Иш башкармасынын структурасы жана кызмат-керлеринин саны № 2 тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентинин төмөнкүдөй жарлыктарыкүчүн жоготту деп табылсын: - "Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 5-мартындагы № 89 Ука-зына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралу" 2003-жылдын7-февралындагы № 49; - "Кыргыз Рсспубликасынын Президентинин Иш башкармасынын структу-расы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" 2003-жылдын 5-мартындагы Жар-лыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" 2003-жылдын 26-ноябрындагы №382; - "Кыргыз Республикасынын Президешинин Иш башкармасынын структура-сы жана кызматкерлеринин саны жөнүндө" 2003-жылдын 5-мартындагы Жарлы-гына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралу" 2004-жылдын 20-сентябрындагы №303: - "Кыргыз Реснубликасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө"2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү туу-ралу" 2004-жылдын 21-сснтябрындагы № 306. 4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 2-сентябрындагы № 343 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жөнүндө ЖОБО I. Жалпы жоболор 1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары- Иш башкарма) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөнтүз баш ийгенжана отчет берүүчү мамлекеттик орган болуп саналат, белгиленген тартип-те тиешелүү бюджеттен финансылануучу Кыргыз Республикасынын Президенти-нин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-ми-нистрлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын,Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Респуб-ликасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынынишин финансылык, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш-тиричиликжактан камсыз кылат. Иш башкарманын оперативдүү башкаруусуна берилгенмамлекеттик администрациялык имараттарды пайдаланууну жүзөгө ашырат,өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өндүрүштүкчарбалык жана финансылык ишин координациялайт, ошондой эле өзүнүн кара-магында болгон маалымат ресурстары менен системаларын түзүүнү жанатейлөөнү камсыз кылат. 2. Иш башкарма өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жа-на мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жанабуйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана ушул Жо-бону жетекчиликке алат. 3. Иш башкарма юридикалык жак болуп саналат, өзалдынча балансы,банктарда жана башка кредиттик мекемелерде эсеби (анын ичинде эсептешүүжана валюталык) жана өзүнө бекитилген мүлкү болот. Иш башкарманынөзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүбар мөөрү болот. II. Иш башкарманын негизги милдеттери жана функциялары 4. Иш башкарманын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлөсүн КыргызРеспубликасынын
Конституциясына ылайык бул максаттарга бөлүнгөн ассиг-нованиелердин көлөмүндө материалдык-техникалык, финансылык, социал-дык-турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордуккомиссиясынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсызкылуу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, КыргызРеспубликасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана ре-ферендум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кызматкерлерин социал-дык турмуш-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө; - Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрүн, Кыргыз РеспубликасынынШайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынжана мүчөлөрүн социалдык турмуш-тиричилик жана медициналык жактантейлөө; - тейленүүчү мамлекеттик органдар ойдогудай иштеши үчүн кызматтыкжайларда жана администрациялык имараттарда ойдогудай шарттарды түзүүжана аларды белгиленген лимиттин чектеринде автотранспорт менен камсызкылуу; - Иш башкарманын карамагында болгон Мамлекеттик компьютердик тар-макты жана башка мамлекеттик маалымат ресурстары менен системаларынпрограммалык камсыз кылууну координациялоо жана методикалык жетекчиликкылуу, техникалык жана технологиялык тейлөө, иштеп чыгуу; - маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жагынан экс-пертизаларды жана консультацияларды жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу ор-гандары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу; - мамлекеттик мүлктүн (анын ичинде администрациялык имараттардынжана жайлардын) эсебин жүргүзүү жана аны мамлекеттик башкаруу органдарысарамжалдуу пайдаланышына контролдук кылуу; - өзүнө караштуу дарылоо мекемелерин, санаторийлерди, эс алууүйлөрүн, пансионаттарды, мектепке чейинки балдар мекемелерин натыйжалуупайдаланууну уюштуруу, аларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Ад-министрациясынын, Премьер-министринин Аппаратынын, Иш башкармасынын жа-на башка мамлекеттик органдарынын ушул жобонун 1-пунктунда саналганкызматкерлеринин денсоолукту чыњдоосунун жана эс алуусун камсыз кылуучушарттарды түзүү; - өндүрүштүк имараттарды, турак үйлөрдү жана социалдык турмуш-ти-ричилик багыттагы объекттерди куруу, ошондой эле өзүнө караштуу ишкана-ларда зарыл продукцияны өндүрүүнү уюштуруу; - өзүнө караштуу ишканаларда жана мекемелерде келишимдик-укуктукишти уюштуруу жана контролдоо; - Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдикукуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалыкишти жүзөгө ашыруу; - Иш башкарманын жана ага караштуу ишканалар менен мекемелердинөндүрүштүк-пайдалануу иши үчүн материалдарды, жабдууну берүү боюнча ке-лишимдик жана контрактык ишти тариздөө жана жүргүзүү; - Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премь-ер-министри жүргүзүүчү кењешмелерди, конференцияларды, визиттерди жанабашка атайын иш-чараларды финансылоо, материалдык-техникалык жактанкамсыз кылууну жана тейлөөнү уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчи-синин буйругу боюнча расмий иш-чараларды жана четмамлекеттердин делега-цияларын тейлөөнү уюштуруу; - Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик протоколун фи-нансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана тейлөө; - Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-комму-никациялык технологиялар боюнча кењештин учурдагы ишин камсыз кылуу; - мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин милдеттерин чечүү үчүнтармактык мамлекеттик инфраструктуранын (электрондук өкмөт) технология-ларын иштеп чыгуу, өздөштүрүү жана коштоо. 5. Иш башкарма төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат: - тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын иши үчүн ойдогудайшарттарды түзүү максатында өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жанамекемелердин ишин камсыз кылат; - экономикалык иштен акча каражаттары толук жана өз учурунда келиптүшүшүнө, финансылык ресурстар максаттуу, сарамжалдуу жана укукка ыла-йык пайдаланылышына ойдогудай контролдукту камсыз кылат; - өзүнө караштуу ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде эмгектикоргоонун жана коопсуздук техникасынын абалына контролдук кылат; - тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын жана өзүнө караштуумекемелердин чыгымдарынын сметасын болжолдоону, түзүүнү жана аткарууну,Иш башкармага караштуу мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын финан-сы-чарбалык ишин талдоону жүзөгө ашырат; - өзүнө караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге бекитилгенмүлктүн, ошондой эле белгиленген тартипте юридикалык же жеке жактаргаберилген мүлктүн сакталышына жана ал багыты боюнча пайдаланылышынаконтролдук кылат; - мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин, аппараттын кызмат-керлерин автотранспорт менен камсыз кылууну белгиленген тартипте жүзөгөашырат, тейленүүчү органдардын автотранспортун сатып алууну жана оњдоо-ну уюштурат; - Өкмөт Үйүнүн имаратын жана башка администрациялык имараттардыжана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жайларын күтүүнүжана тейлөөнү камсыз кылат. Иш башкарманын балансында турган админист-рациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу жана күтүү боюнча чарба-лык-техникалык кызматтарды уюштурат жана түзөт; - администрациялык имараттарды жана жайларды арендалоодон алынган,Иш башкарманын балансында турган администрациялык имараттарды жана жай-ларды оњдоо-кайрадан калыбына келтирүү иштерине жумшалуучу каражаттар-дын пайдаланылышына контролдук кылат; - тейленүүчү мамлекеттик органдардын жана өзүнө караштуу ишкана-лардын, уюмдардын жана мекемелердин курамына кирген кызматкерлерди ме-дициналык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана камсыз кы-луу маселелерин белгиленген тартипте чечет; - өзүнө караштуу ишканалар жана мекемелер көрсөтүүчү кызматтардынтүрлөрүнүн тизмесин аныктоо боюнча, ошондой эле өзүнө караштуу ишкана-лар менен мекемелер көрсөтүүчү кызматтарга (иштерге) баалардын (тариф-тердин) негизделген прейскуранттарын белгилөө боюнча ишти координация-лайт; - өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетек-чилерин, орунбасарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлегенкызматынан бошотуу маселелерин чечет; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, КыргызРеспубликасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Иш башкармасынын жана бшка мамлекеттик органдарынынкомпьютердик системаларынын, телекоммуникациялык жана аудио-видео жаб-дууларынын программалык-техникалык комплексинин иштешин камсыз кылат; - өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин финан-сылык абалын контролдойт, ишин тематикалык текшерүүнү жана документал-дык текшерүүнү, ошондой эле республиканын тейленүүчү мамлекеттик орган-дарынын чыгымдарын аткаруу сметасын текшерүүнү жүзөгө ашырат; - Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилгенКыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын фонду жөнүндө Жо-бонун чектеринде Иш башкарманын социалдык-өндүрүштүк ишинен келиптүшкөн каражаттардан жана башка каражаттардан фондду түзөт жана ага же-текчилик кылат, фонддун каражаттарынын белгиленген максаттарда пайдала-нат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридика-лык жактардын катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөт, зарылчылыкболгон учурда чет өлкөлүк банктарда эсептерди ачат; - Иш башкарманын натыйжалуу ишин камсыз кылуу маселелери боюнчасунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна коет. III. Иш башкарманын ыйгарым укуюары 6. Өз функцияларын жүзөгө ашырууда Иш башкарма төмөнкүлөргө укук-туу: - өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес ба-гыттагы капиталдык салымдарды финансылоого, ошондой эле белгиленгентартипте чарбалык ишти жүргүзүүгө пайдаланууга; - Иш башкармага караштуу болгон ишканалардын, уюмдардын жана меке-мелердин аларга бекитилген объекттерди пайдалануу учурунда коммерциялыкиштен алынган кирешелерин Иш башкарма жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк жанаөндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарды түздөн-түз финансылоого жумшоого; - өзүнүн карамагында болгон мүлктүн эсебинен же өзүнө бөлүнгөн ка-ражаттардын (анын ичинде коммерциялык мүнөздөгү) чектеринде өзүнө ка-раштуу мамлекеттик мекемелерди, ишканаларды түзүүгө, өзүнө караштуутүзүлгөн же өзгөртүп түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жоболорун, ус-тавдарын бекитүүгө; - өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишинуюштурууну өркүндөтүү максатында ага бекитилген мүлктү алып коюу жекайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга; - өзүнө бекитилген мүлктү белгиленген тартипте арендага тапшыруу-га, өзүнө караштуу уюмдарга жана мекемелерге бекитилген мүлктү пайдала-нуу тартибин жана шарттарын аныктоого жана аларга чарбалык коомдоргожана шериктештиктерге, үлүштүк курулушка катышууга, аларга бекитилгенмүлктү арендага тапшырууга укук берүүгө; - мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана Кыргыз Респуб-ликасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имаратта-рын жана жайларын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилген адми-нистрациялык имараттарды жана жайларды сарамжалдуу пайдалануу боюнчасунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин,Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коюуга; - Иш башкарманын карамагында турган администрациялык имараттаргамамлекеттик башкаруу органдарын белгиленген тартипте жайгаштырууга; - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бошорундарды ээлөөгө конкурс өткөрүүгө, Иш башкарманын маамлекеттик кыз-матчыларын жана өзүнө караштуу ишканалардагы, уюмдардагы жана мекеме-лердеги жетекчи кадрларды аттестациялоого; - бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен контракттык негиздеадистерди ишке тартууга; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишка-налардын жана мекемелердин акцияларынын мамлекеттик пакетине (үлүшүнө)ээ болууга, аны пайдаланууга жана башкарууга; - өзүнө караштуу ишканалар жана мекемелер менен оперативдүү башка-руу жана чарба жүргүзүү укугунда Иш башкармага берилген мамлекеттикмүлктү пайдалануу шарттары жөнүндө келишим түзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлгөнмилдеттерди жана фукнцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат-ты белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан суратууга жана алууга; - Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйрукта-рын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кењештерди жана жумушчу топтордутүзүүгө; - Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмала-рын Иш башкарманын карамагына кирген бардык мамлекеттик органдар жанакызмат адамдары аткарышын контролдоого; - Кыргыз Республикасынын Президенти Иш башкармага жүктөгөн башкаыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга. IV. Мүлк жана каражаттар 7. Иш башкарманын мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылды-рылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттары-нан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат. Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелерге бекитил-ген, Иш башкарманын балансында турган мүлк (имараттар, курулуштар, кый-мылсыз мүлк) мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин тиешелүү чечими болмоюнча мамлекеттен ажыратылбайт жанаменчиктештирилбейт, ошондой эле сатып алуу укугу менен арендага тапшы-рылбайт. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын админист-рациялык имараттарын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилгенмамлекеттик администрациялык имараттарды (жайларды) мамлекеттен ажыра-туу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыр-гыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечими мененжүргүзүлөт. Ведомствого караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге беки-тилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарын чарбалык коомдордунжана шериктештиктердин уставдык капиталына взнос катары пайдаланууга,ошондой эле ага караштуу ишканалар башка жактар менен үлүштүк курулушкакатышуусуна Иш башкарма менен макулдашуу боюнча гана жол берилет. 8. Иш башкарманын финансылык каражаттарынын негизги булактары бо-луп төмөнкүлөр саналат: - Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-ми-нистринин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыр-гыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук ко-миссиясынын жана Иш башкарманын жана ага караштуу уюмдардын ишин камсызкылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар; - ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердинкирешелеринен белгиленген нормативге ылайык чегерүүлөр: - бюджеттен тышкаркы, демөөрчүлүк, өкүлчүлүктүү жана карыз кара-жаттар, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башкакредиттик уюмдардын кредиттери; - чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана чет өлкөлүк юридикалыкжана жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн улуттук жана чет өлкөлүквалюта түрүндөгү каражаттар; - чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана ведомствого караштуу иш-каналар жана мекемелер көрсөтүүчү кызматтар үчүн сом жана валютатүрүндөгү каражаттар; - атайын каражаттар; - Иш башкарманын балансында болгон мамлекеттик жана башка мүлктүарендага тапшыруудан алынган арендалык төлөмдөр жана мамлекеттик адми-нистрациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу үчүн аренда акысынаналынган, аларды оњдоого жана күтүүгө жумшалуучу каражаттар; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башкакаражаттар. V. Иш башкармага жетекчилик кылуу 9. Иш башкармага иш башкаруучу жетекчилик кылат, ал Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошо-тулат. 10. Иш башкаруучунун орунбасарлары, анын ичинде бир биринчи орун-басары болот, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасы-нын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 11. Иш башкарманын ишин жеке башчылык кылуу негизинде иш башкаруу-чу уюштурат, ал Иш башкармага жүктөгөн милдеттердин аткарылышы үчүн же-ке жоопкерчилик тартат. Өзүнүн орунбасарларынын ортосунда милдеттердибөлүштүрөт жана аларга өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткаруунутапшырат, Иш башкарманын башка кызматкерлери Иш башкарманын компетенци-ясына кирген оперативдүү-финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка ма-селелерди чечиши боюнча алардын ыйгарым укуктарын белгилейт. 12. Иш башкаруучу: - Иш башкарманын структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республи-касынын Президентинин бекитүүсүнө сунуш кылат; - Иш башкарманын бөлүмдөрүнүн, структуралык бөлүмдөрүнүн жана агакараштуу мекемелер менен ишканалардын милдеттерин аныктайт; - Иш башкарманын бардык бөлүмдөрүнүн өзара аракеттенүүсүн коорди-нациялайт; - Иш башкарманын коллегиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат жанаанын чечимдерине кол коет; - Иш башкарманын кызматкерлеринин, ага караштуу ишканалардын, уюм-дардын, мекемелердин жана чарбалардын жетекчилерин, алардын орунбасар-ларын жана башкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошо-тот; - Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча милдеттүүтүрдө аткарылууга тийиш болгон приказдарды жана буйруктарды чыгарат; - Иш башкарманын кызматкерлерине мамлекеттик кызматтын класстыкчендерин белгиленген тартипте берет; - белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Адми-нистрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына Иш баш-карманын карамагына кирген маселелерди чечүүдө катышат; - ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердинжоболорун (уставдарын) бекитет; - белгиленген тартипте бекитилген чыгымдардын сметасынын чектерин-де мүлктү жана акча каражаттарын башкарат; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык кол-до болгон фонддорду пайдалануу маселесин чечет; - белгиленген тартипте чыгымдардын сметасын, финансылык пландарды,объекттерди капиталдык курууга, реконструкциялоого жана капиталдыкоњдоого долбоорлорду бекитет; - келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык операциялардыжүргүзөт, белгиленген тартипте негизги каражаттарды Иш башкарманын жанаага караштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана чарбалардын ба-лансынан жокко чыгарат; - белгиленген тартипте ведомствого караштуу ишканаларды, мекеме-лерди жана чарбаларды түзүү, өзгөртүп түзүү же жоюу, Иш башкарманын ку-рамына башка ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана чарбаларды кир-гизүү, бирикмелерди, филиалдарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын ка-тышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин чечет; - ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин структурасынжана штаттык санын бекитет; - белгиленген тартипте Иш башкарманын кызматкерлери, ага караштууишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, алардын орунба-сарлары жана башкы бухгалтерлери менен эмгек келишимдерин түзөт; - ведомствого караштуу ишканалар менен мекемелердин ишинин тарти-бин аныктайт; - ведомствого караштуу мекемелердин жана ишканалардын экономикалыкишинен чегерүүлөрдүн нормативдерин бекитет; - Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелер аткаруу-чу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана тизмесин белги-лейт. 13. Иш башкармада коллегия түзүлөт, анын курамына иш башкаруучу(коллегиянын төрагасы), анын орунбасарлары жана Иш башкарманын башкакызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына, ошондой эле Иш башкармагакараштуу мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери кириши мүмкүн. Коллегиянын курамын иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Президенти бекитет. Коллегияны Иш башкарманын ишинин алдаканча маанилүү маселелерин карап чыгуу үчүн иш башкаруучу чакырат. Коллегиянын чечими иш башкаруучу тарабынан тиешелүү приказдардыжана буйруктарды чыгаруу жолу менен турмушка ашырылат, аларды өздөрүнөкарата кабыл алынган бардык ишканалар менен мекемелер жана кызмат адам-дары аткарууга милдеттүү. VI. Өзгөртүп түзүү жана жоюу 14. Иш башкарма Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы мененөзгөртүп түзүлөт жана жоюлат.