Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 5-декабрындагы № 354 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Иш башкармасы жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 306 Жарлыгынын
2005-жылдын 2-сентябрындагы ПЖ № 343 Жарлыгынын,
2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
II. Иш башкарманын негизги милдеттери жана функциялары
III. Иш башкарманын ыйгарым укуктары
IV. Мүлк жана каражаттар
V. Иш башкармага жетекчилик кылуу
VI. Өзгөртүп түзүү жана жоюу
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы (мындан ары - Иш башкарма) Кыргыз Республикасынын Президентине түздөнтүз баш ийген жана отчет берүүчү мамлекеттик орган болуп саналат, белгиленген тартипте тиешелүү бюджеттен финансылануучу Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын ишин финансылык, материалдык-техникалык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан камсыз кылат. Иш башкарманын оперативдүү башкаруусуна берилген мамлекеттик администрациялык имараттарды пайдаланууну жүзөгө ашырат, өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин өндүрүштүк чарбалык жана финансылык ишин координациялайт, ошондой эле өзүнүн карамагында болгон маалымат ресурстары менен системаларын түзүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
2. Иш башкарма өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Иш башкарма юридикалык жак болуп саналат, өзалдынча балансы, банктарда жана башка кредиттик мекемелерде эсеби (анын ичинде эсептешүү жана валюталык) жана өзүнө бекитилген мүлкү болот. Иш башкарманын өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрү болот.
4. Иш башкарманын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентин жана анын үйбүлөсүн Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык бул максаттарга бөлүнгөн ассигнованиелердин көлөмүндө материалдык-техникалык, финансылык, социалдык-турмуш-тиричилик жана медициналык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин жана вице-премьер-министрлеринин ишин материалдык-техникалык жана финансылык жактан камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын кызматкерлерин социалдык турмуш-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүн социалдык-тиричилик жана медициналык жактан тейлөө;
- тейленүүчү мамлекеттик органдар ойдогудай иштеши үчүн кызматтык жайларда жана администрациялык имараттарда ойдогудай шарттарды түзүү жана аларды белгиленген лимиттин чектеринде автотранспорт менен камсыз кылуу;
- Иш башкарманын карамагында болгон Мамлекеттик компьютердик тармакты жана башка мамлекеттик маалымат ресурстары менен системаларын программалык камсыз кылууну координациялоо жана методикалык жетекчилик кылуу, техникалык жана технологиялык тейлөө, иштеп чыгуу;
- маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жагынан экспертизаларды жана консультацияларды жүргүзүү, мамлекеттик башкаруу органдары үчүн сунуштарды иштеп чыгуу;
- мамлекеттик мүлктүн (анын ичинде администрациялык имараттардын жана жайлардын) эсебин жүргүзүү жана аны мамлекеттик башкаруу органдары сарамжалдуу пайдаланышына контролдук кылуу;
- өзүнө караштуу дарылоо мекемелерин, санаторийлерди, эс алуу үйлөрүн, пансионаттарды, мектепке чейинки балдар мекемелерин натыйжалуу пайдаланууну уюштуруу, аларда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Премьер-министринин Аппаратынын, Иш башкармасынын жана башка мамлекеттик органдарынын ушул жобонун 1-пунктунда саналган кызматкерлеринин денсоолукту чыңдоосунун жана эс алуусун камсыз кылуучу шарттарды түзүү;
- өндүрүштүк имараттарды, турак үйлөрдү жана социалдык турмуш-тиричилик багыттагы объекттерди куруу, ошондой эле өзүнө караштуу ишканаларда зарыл продукцияны өндүрүүнү уюштуруу;
- өзүнө караштуу ишканаларда жана мекемелерде келишимдик-укуктук ишти уюштуруу жана контролдоо;
- Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана кабыл алуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу;
- Иш башкарманын жана ага караштуу ишканалар менен мекемелердин өндүрүштүк-пайдалануу иши үчүн материалдарды, жабдууну берүү боюнча келишимдик жана контрактык ишти тариздөө жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жүргүзүүчү кеңешмелерди, конференцияларды, визиттерди жана башка атайын иш-чараларды финансылоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жана тейлөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин буйругу боюнча расмий иш-чараларды жана четмамлекеттердин делегацияларын тейлөөнү уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик протоколун финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу жана тейлөө;
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар боюнча кеңештин учурдагы ишин камсыз кылуу;
- мамлекеттик бийлик органдарынын ишинин милдеттерин чечүү үчүн тармактык мамлекеттик инфраструктуранын (электрондук өкмөт) технологияларын иштеп чыгуу, өздөштүрүү жана коштоо.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
5. Иш башкарма төмөнкүдөй функцияларды жүзөгө ашырат:
- тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын иши үчүн ойдогудай шарттарды түзүү максатында өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин камсыз кылат;
- экономикалык иштен акча каражаттары толук жана өз учурунда келип түшүшүнө, финансылык ресурстар максаттуу, сарамжалдуу жана укукка ылайык пайдаланылышына ойдогудай контролдукту камсыз кылат;
- өзүнө караштуу ишканаларда, уюмдарда жана мекемелерде эмгекти коргоонун жана коопсуздук техникасынын абалына контролдук кылат;
- тейленүүчү мамлекеттик бийлик органдарынын жана өзүнө караштуу мекемелердин чыгымдарынын сметасын болжолдоону, түзүүнү жана аткарууну, Иш башкармага караштуу мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын финансы-чарбалык ишин талдоону жүзөгө ашырат;
- өзүнө караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге бекитилген мүлктүн, ошондой эле белгиленген тартипте юридикалык же жеке жактарга берилген мүлктүн сакталышына жана ал багыты боюнча пайдаланылышына контролдук кылат;
- мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилерин, аппараттын кызматкерлерин автотранспорт менен камсыз кылууну белгиленген тартипте жүзөгө ашырат, тейленүүчү органдардын автотранспортун сатып алууну жана оңдоону уюштурат;
- Өкмөт Үйүнүн имаратын жана башка администрациялык имараттарды жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жайларын күтүүнү жана тейлөөнү камсыз кылат. Иш башкарманын балансында турган администрациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу жана күтүү боюнча чарбалык-техникалык кызматтарды уюштурат жана түзөт;
- администрациялык имараттарды жана жайларды арендалоодон алынган, Иш башкарманын балансында турган администрациялык имараттарды жана жайларды оңдоо-кайрадан калыбына келтирүү иштерине жумшалуучу каражаттардын пайдаланылышына контролдук кылат;
- тейленүүчү мамлекеттик органдардын жана өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин курамына кирген кызматкерлерди медициналык жана социалдык-турмуш-тиричилик жактан тейлөө жана камсыз кылуу маселелерин белгиленген тартипте чечет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын фонду жөнүндө Жобонун чегинде Иш башкармасынын социалдык-өндүрүштүк ишинен жана башка жактан түшкөн каражаттардан фондду түзөт жана жетекчилик кылат. Фонддун каражаттарын белгиленген максаттарда пайдаланат;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин, орунбасарларын жана башкы бухгалтерлерин дайындоо жана ээлеген кызматынан бошотуу маселелерин чечет;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын жана бшка мамлекеттик органдарынын компьютердик системаларынын, телекоммуникациялык жана аудио-видео жабдууларынын программалык-техникалык комплексинин иштешин камсыз кылат;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин финансылык абалын контролдойт, ишин тематикалык текшерүүнү жана документалдык текшерүүнү, ошондой эле республиканын тейленүүчү мамлекеттик органдарынын чыгымдарын аткаруу сметасын текшерүүнү жүзөгө ашырат;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын фонду жөнүндө Жобонун чектеринде Иш башкарманын социалдык-өндүрүштүк ишинен келип түшкөн каражаттардан жана башка каражаттардан фондду түзөт жана ага жетекчилик кылат, фонддун каражаттарынын белгиленген максаттарда пайдаланат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөт, зарылчылык болгон учурда чет өлкөлүк банктарда эсептерди ачат;
- Иш башкарманын натыйжалуу ишин камсыз кылуу маселелери боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна коет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 21-сентябрындагы ПЖ № 306 Жарлыгынын
редакцияларына ылайык)
6. Өз функцияларын жүзөгө ашырууда Иш башкарма төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүндө болгон каражаттарды өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы капиталдык салымдарды финансылоого, ошондой эле белгиленген тартипте чарбалык ишти жүргүзүүгө пайдаланууга;
- Иш башкармага караштуу болгон ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин аларга бекитилген объекттерди пайдалануу учурунда коммерциялык иштен алынган кирешелерин Иш башкарма жүзөгө ашыруучу өндүрүштүк жана өндүрүштүк эмес багыттагы чыгымдарды түздөн-түз финансылоого жумшоого;
- өзүнүн карамагында болгон мүлктүн эсебинен же өзүнө бөлүнгөн каражаттардын (анын ичинде коммерциялык мүнөздөгү) чектеринде өзүнө караштуу мамлекеттик мекемелерди, ишканаларды түзүүгө, өзүнө караштуу түзүлгөн же өзгөртүп түзүлгөн ишканалардын, мекемелердин жоболорун, уставдарын бекитүүгө;
- өзүнө караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин ишин уюштурууну өркүндөтүү максатында ага бекитилген мүлктү алып коюу же кайра бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- өзүнө бекитилген мүлктү белгиленген тартипте арендага тапшырууга, өзүнө караштуу уюмдарга жана мекемелерге бекитилген мүлктү пайдалануу тартибин жана шарттарын аныктоого жана аларга чарбалык коомдорго жана шериктештиктерге, үлүштүк курулушка катышууга, аларга бекитилген мүлктү арендага тапшырууга укук берүүгө;
- мамлекеттик башкаруу органдарын жайгаштыруу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарын жана жайларын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилген администрациялык имараттарды жана жайларды сарамжалдуу пайдалануу боюнча сунуштарды белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна коюуга;
- Иш башкарманын карамагында турган администрациялык имараттарга мамлекеттик башкаруу органдарын белгиленген тартипте жайгаштырууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык бош орундарды ээлөөгө конкурс өткөрүүгө, Иш башкарманын маамлекеттик кызматчыларын жана өзүнө караштуу ишканалардагы, уюмдардагы жана мекемелердеги жетекчи кадрларды аттестациялоого;
- бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен контракттык негизде адистерди ишке тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ишканалардын жана мекемелердин акцияларынын мамлекеттик пакетине (үлүшүнө) ээ болууга, аны пайдаланууга жана башкарууга;
- өзүнө караштуу ишканалар жана мекемелер менен оперативдүү башкаруу жана чарба жүргүзүү укугунда Иш башкармага берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануу шарттары жөнүндө келишим түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына жүктөлгөн милдеттерди жана фукнцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматты белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан суратууга жана алууга;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын аткаруу үчүн атайын комиссияларды, кеңештерди жана жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдерин жана тапшырмаларын Иш башкарманын карамагына кирген бардык мамлекеттик органдар жана кызмат адамдары аткарышын контролдоого;
- Кыргыз Республикасынын Президенти Иш башкармага жүктөгөн башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
7. Иш башкарманын мүлкү жана каражаттары анын балансында чагылдырылат жана ага бекитилген негизги фонддордон жана жүгүртүү каражаттарынан, ошондой эле анын ишинин натыйжасында түзүлүүчү фонддордон турат.
Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелерге бекитилген, Иш башкарманын балансында турган мүлк (имараттар, курулуштар, кыймылсыз мүлк) мамлекеттик менчик болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Президентинин тиешелүү чечими болмоюнча мамлекеттен ажыратылбайт жана менчиктештирилбейт, ошондой эле сатып алуу укугу менен арендага тапшырылбайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын администрациялык имараттарын пайдалануу боюнча жыйынды реестрге киргизилген мамлекеттик администрациялык имараттарды (жайларды) мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн чечими менен жүргүзүлөт.
Ведомствого караштуу ишканаларга, уюмдарга жана мекемелерге бекитилген негизги фонддорду жана жүгүртүү каражаттарын чарбалык коомдордун жана шериктештиктердин уставдык капиталына взнос катары пайдаланууга, ошондой эле ага караштуу ишканалар башка жактар менен үлүштүк курулушка катышуусуна Иш башкарма менен макулдашуу боюнча гана жол берилет.
8. Иш башкарманын финансылык каражаттарынын негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын жана Иш башкарманын жана ага караштуу уюмдардын ишин камсыз кылууга республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттар;
- ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин кирешелеринен белгиленген нормативге ылайык чегерүүлөр:
- бюджеттен тышкаркы, демөөрчүлүк, өкүлчүлүктүү жана карыз каражаттар, гранттар, инвестициялар, коммерциялык банктардын жана башка кредиттик уюмдардын кредиттери;
- чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана чет өлкөлүк юридикалык жана жеке жактарга көрсөтүлүүчү кызматтар үчүн улуттук жана чет өлкөлүк валюта түрүндөгү каражаттар;
- чет өлкөлүк делегацияларды тейлөө жана ведомствого караштуу ишканалар жана мекемелер көрсөтүүчү кызматтар үчүн сом жана валюта түрүндөгү каражаттар;
- атайын каражаттар;
- Иш башкарманын балансында болгон мамлекеттик жана башка мүлктү арендага тапшыруудан алынган арендалык төлөмдөр жана мамлекеттик администрациялык имараттарды жана жайларды пайдалануу үчүн аренда акысынан алынган, аларды оңдоого жана күтүүгө жумшалуучу каражаттар;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка каражаттар.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрындагы ПЖ № 464 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
9. Иш башкармага иш башкаруучу жетекчилик кылат, ал Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10. Иш башкаруучунун орунбасарлары, анын ичинде бир биринчи орунбасары болот, алар иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Иш башкарманын ишин жеке башчылык кылуу негизинде иш башкаруучу уюштурат, ал Иш башкармага жүктөгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Өзүнүн орунбасарларынын ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт жана аларга өз ыйгарым укуктарынын бир бөлүгүн аткарууну тапшырат, Иш башкарманын башка кызматкерлери Иш башкарманын компетенциясына кирген оперативдүү-финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечиши боюнча алардын ыйгарым укуктарын белгилейт.
12. Иш башкаруучу:
- Иш башкарманын структурасын жана штаттык санын Кыргыз Республикасынын Президентинин бекитүүсүнө сунуш кылат;
- Иш башкарманын бөлүмдөрүнүн, структуралык бөлүмдөрүнүн жана ага караштуу мекемелер менен ишканалардын милдеттерин аныктайт;
- Иш башкарманын бардык бөлүмдөрүнүн өзара аракеттенүүсүн координациялайт;
- Иш башкарманын коллегиясынын жыйналыштарына төрагалык кылат жана анын чечимдерине кол коет;
- Иш башкарманын кызматкерлеринин, ага караштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана чарбалардын жетекчилерин, алардын орунбасарларын жана башкы бухгалтерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- Иш башкарманын компетенциясына кирген маселелер боюнча милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон приказдарды жана буйруктарды чыгарат;
- Иш башкарманын кызматкерлерине мамлекеттик кызматтын класстык чендерин белгиленген тартипте берет;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналыштарына Иш башкарманын карамагына кирген маселелерди чечүүдө катышат;
- ведомствого караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жоболорун (уставдарын) бекитет;
- белгиленген тартипте бекитилген чыгымдардын сметасынын чектеринде мүлктү жана акча каражаттарын башкарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык колдо болгон фонддорду пайдалануу маселесин чечет;
- белгиленген тартипте чыгымдардын сметасын, финансылык пландарды, объекттерди капиталдык курууга, реконструкциялоого жана капиталдык оңдоого долбоорлорду бекитет;
- келишимдерди (контракттарды) түзөт, чарбалык операцияларды жүргүзөт, белгиленген тартипте негизги каражаттарды Иш башкарманын жана ага караштуу ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жана чарбалардын балансынан жокко чыгарат;
- белгиленген тартипте ведомствого караштуу ишканаларды, мекемелерди жана чарбаларды түзүү, өзгөртүп түзүү же жоюу, Иш башкарманын курамына башка ишканаларды, уюмдарды, мекемелерди жана чарбаларды киргизүү, бирикмелерди, филиалдарды, чет өлкөлүк юридикалык жактардын катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзүү маселелерин чечет;
- ведомствого караштуу ишканалардын жана мекемелердин структурасын жана штаттык санын бекитет;
- белгиленген тартипте Иш башкарманын кызматкерлери, ага караштуу ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилери, алардын орунбасарлары жана башкы бухгалтерлери менен эмгек келишимдерин түзөт;
- ведомствого караштуу ишканалар менен мекемелердин ишинин тартибин аныктайт;
- ведомствого караштуу мекемелердин жана ишканалардын экономикалык ишинен чегерүүлөрдүн нормативдерин бекитет;
- Иш башкарма жана ага караштуу ишканалар менен мекемелер аткаруучу иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин жана тизмесин белгилейт.
13. Иш башкармада коллегия түзүлөт, анын курамына иш башкаруучу (коллегиянын төрагасы), анын орунбасарлары жана Иш башкарманын башка кызматкерлери кирет. Коллегиянын курамына, ошондой эле Иш башкармага караштуу мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери кириши мүмкүн.
Коллегиянын курамын иш башкаруучунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти бекитет. Коллегияны Иш башкарманын ишинин алда канча маанилүү маселелерин карап чыгуу үчүн иш башкаруучу чакырат.
Коллегиянын чечими иш башкаруучу тарабынан тиешелүү приказдарды жана буйруктарды чыгаруу жолу менен турмушка ашырылат, аларды өздөрүнө карата кабыл алынган бардык ишканалар менен мекемелер жана кызмат адамдары аткарууга милдеттүү.
14. Иш башкарма Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен өзгөртүп түзүлөт жана жоюлат.