КР Президентинин
2012-жылдын 25-январындагы ПЖ № 16 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 19-январы ПЖ № 19 Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш Улуттук агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз РеспубликасынынМыйзамына, "Электр жана почта байланышы жөнүндө", "Маалыматташтыруужөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана байланыш, маа-лыматтык ресурстар жана технологиялар чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруусистемасын андан ары өркүндөтүү, натыйжалуу мамлекеттик жөнгө салуунукамсыз кылуу максатында токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жа-на байланыш Улуттук агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Улут-тук байланыш агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуумаалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигитүзүлсүн. 2. Төмөнкүлөр жүктөлсүн: - Кыргыз Республикасынын Улуттук байланыш агенттигине байланыштармагында мамлекеттик жөнгө салуу функциялары; - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттигине мамлекеттик маалыматтык ре-сурстарды түзүү жана камсыз кылуу, мамлекеттик маанидеги персонификаци-ялык, идентификациялык жана башка документтерди даярдоо жана берүү,Кыргыз Республикасынын персонификациялык документтеринин Мамлекеттикреестрин түзүү жана тейлөө боюнча негизги функциялар. 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгиленген тартипте: - эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Улуттук байланышагенттигинин жобосун, башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынынтүзүмүн жана штаттык санын иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин; - эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маа-лыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агеттигинин жобосун,башкаруу схемасын, анын борбордук аппаратынын түзүмүн жана штаттык са-нын иштеп чыксын жана бекитсин: - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кызмат иштери боюнча агентти-ги менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматорундарынын Реестрине жана жогоруда аталган органдардын кызматчыларынынэмгек акы шарттарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунушту киргизсин. - үч айлык мөөнөттө ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу, финансы-лык жана башка маселелерди чечсин; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ушул Жарлыктан келип чыкканөзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды киргизсин; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 15-октябрында-гы № 462 Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынынтүзүмүн өркүндөтүү жөнүндө" Жарлыгынын 4 пунктунун "а" пунктчасынатөмөнкү мазмундагы он экинчи абзац кошулсун. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу маалыматтык ресурстаржана технологиялар мамлекеттик агенттиги. 5. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясына жүктөлсүн. 6. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев