Загрузка документа…
КР Президентинин 2020-жылдын 4-февралындагы ПЖ № 19 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ 2006-жылдын 20-январы ПЖ № 24 Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилигис чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу максатында токтом кылам: 1. 2006-жылы Кыргыз Республикасында балдардын абалын жакшыртуу боюнча кечиктирилгис чаралардын тиркелген планы (мындан ары - План) бекитилсин. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Планды аткарууну камсыз кылсын; - жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча Планды аткаруунун жүрүшүн карап чыксын; - Жашы жете электердин иштери боюнча комиссиянын жана Кыргыз Республикасында Балдардын эмгегинин маселелери боюнча координациялыккењештин иши жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жыйналышында уксун; - Планды турмушка ашыруунун жүрүшүн жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырсын. 3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Аялдардын,үйбүлөнүн маселелери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кењештин катчылыгы планды турмушка ашырууга эларалык институттарды, республиканын коомдук уюмдарын жана жарандарын жигердүү тартсын. 4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына жүктөлсүн. 5. Бул Жарлык жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев