Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 02-марты № 4-9
Шаңкол, Арбын, Куу-майдан жана Чегеден айылдарындагы жаңы отурукташкан көчөлөрдүн аттарын бекитип берүү тууралуу
Кенеш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктерди башкаруу боюнча адиси Маткеримов Базарбайдын Шаңкол, Арбын, Куу-майдан жана Чегеден айылдарындагы жаңы отурукташкан көчөлөрдүн аттарын бекитип берүү тууралуу берген сунушун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 3-бөлүмүнүн 18-беренесинин 6-пунктуна жана 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 5-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаңкол, Арбын, Куу-майдан жана Чегеден айылдарындагы жаңы отурукташкан көчөлөрдүн аттары бекитилип берилсин. (тизме тиркелет).
2.Ар бир көчөнүн аттарын жазып илүү жана үйлөргө катар санын коюуу жагы көчө комитеттерине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |
| 2017-жылдын 02-мартындагы кезектеги төртүнчү сессиясынын № 4-9 -токтомуна тиркеме. |
№ | Көчөлөрдүн аталыштары | Жайгашкан айылдары |
1 | Байкул-бий | Куу-майдан |
2 | Жапсар | Куу-майдан |
3 | Жапсар чолок көчөсү-1 | Куу-майдан |
4 | Жапсар чолок көчөсү-2 | Куу-майдан |
5 | Жапсар чолок көчөсү-3 | Куу-майдан |
6 | Эки-тал | Куу-майдан |
7 | Нооруз | Куу-майдан |
8 | Жолдошали-ата | Куу-майдан |
9 | Назарали-ата | Арбын |
10 | Бөрүкан-төрө | Арбын |
11 | Кудайкулов Рахман | Арбын |
12 | Камбар-ата | Арбын |
13 | Кадыров Гайып | Арбын |
14 | Үчүнчү сарай | Арбын |
15 | Жаңы-Чек | Арбын |
16 | Сартова Саламат | Арбын |
17 | Арбын айылы | Арбын |
18 | Каримов Зиябидин | Шаңкол |
19 | Бирдик | Шаңкол |
20 | Бирдик | Шаңкол |
21 | Биримдик | Шаңкол |
22 | Жаңы-Арык | Шаңкол |
23 | Бек-Кара | Шаңкол |
24 | Сарава-Байыш | Шаңкол |
25 | Гүл | Шаңкол |
26 | Кызгалдак | Шаңкол |
27 | Ыйман | Шаңкол |
28 | Боркошов Кубанычбек | Шаңкол |
29 | Келечек | Шаңкол |
30 | Тойбек-ажы | Шаңкол |
31 | Ынтымак | Шаңкол |
32 | Закир -ата | Чегеден |
Жооптуу катчы | Шадыбекова А.П. |