Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-марты № 166 токтомуна ылайык күчүн жоготту Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 14-июну, №229 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 103 «Кыргыз Республикасынын финансылыксистемасынын башкаруу органдарын кайра уюштуруу жөнүндө»
Жарлыгынаылайык жана Кыргыз Республикасынын бажы системасын модернизациялоожана инфраструктурасын өркүндөтүү максатында Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтү токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 8-февралындагы № 58«Кыргыз Республикасынын төлөм балансынын статистикасын жакшыртуубоюнча иш-чаралардын планы жөнүндө»
токтомуна төмөнкүдөй толуктоолоржана өзгөртүүлөр киргизилсин: - токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: «3.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясыотчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 10-күнүнөн кечиктирбестенКыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз РеспубликасынынЭкономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соода министрлигине Иш-чараларпланын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турсун.»; - 3-пункт 4-пункт деп эсептелсин жана төмөнкүдөй редакциядабаяндалсын: «4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынПремьер-министринин Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.»; жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынынтөлөм балансынын статистикасын жакшыртуу боюнча иш-чаралардынпланында: 1-9 жана 15-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин; 10-14-пункттарда «аткаруу мөөнөтү» деген графасындагы «2002» жана2002-2003» деген сандар «2005-2010» деген сандарга алмаштырылсын; - жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм балансы боюнчареспубликалык ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы ушул токтомдунтиркемесине ылайык редакцияда баяндапсын. Премьер-министр К.Бакиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын « 14 » июнундагы №229 токтомуна тиркеме Төлөм балансы боюнча республикалык ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистринин биринчи орун басары, топтун жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын башкармасынын мүчөсү,топтун жетекчисинин орун басары (макулдашуу боюнча), топтун мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын экономика,өнөр жай жана соода башкармалыгынын өнөр жай, соода жана ишкердикбөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын финансыбөлүмүнүн референти, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин структуралыкреформалардын мониторинги жана макроэкономикалык талдообашкармалыгынын начальниги, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төлөм балансы бөлүмүнүнначальниги (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик карыздынжана активдердин статистикасы бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз Республикасынын Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистрлигинин соодалык балансты талдоо жана болжолдоо бөлүмүнүнбашчысы, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин тышкыэкономикалык иштин статистикасы бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин улуттукэсептер системасы башкармалыгынын начальнигинин орун басары -ишканалардын жана финансылардын статистикасы бөлүмүнүн башчысы(макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Миграциялыккызмат департаментинин тышкы эмгектик миграция бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз РеспубликасынЫн Экономикалык өнүктүрүү, өнөр жай жана соодаминистрлигине караштуу Тике инвестицияларды тартуу борборунундиректорунун орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын Бажылык төлөмдөр башкармалыгынын начальнигинин орунбасары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын статистика бөлүмүнүн начальниги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын бажылык контролду уюштуруу башкармалыгынынначальнигинин орун басары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажыинспекциясынын башкармалыгынын автоматташтыруу жана башкаруунунавтоматташтырылган системасын киргизүү бөлүмүнүн программалыккамсыздоону киргизүү жана коштоо секторунун башчысы.Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин АппаратЖетекчиси - министрдинмилдетин аткаруучу А.Исабеков