КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУБишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 10-октябры ПЖ № 446 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат ордун жоюу жөнүндө
Баткен, Жалалабат, Ош областтарында жана Ош шаарында коомдук-сая-сий жана социалдык-экономикалык абалдын турукташкандыгына, кадрдык по-тенциалдын чындалышына, ошондой эле түштүк регионунун борбордук жанажергиликтүү башкаруу органдары менен жергиликтүү өзалдынча башкаруу ор-гандарынын өзара аракети жакшыргандыгына байланыштуу. Кыргыз Республи-касынын
Конституциясынын 42- жана 46-статьяларын жетекчиликке алуу ме-нен токтом кылам: 1. Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча Кыргыз Республика-сынын Президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызмат орду жоюлсун.
2. (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августундагы ПЖ N 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын: - Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 21-апрелиндеги № 133 "Кыргыз Республикасынын ПрезидентининКыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүжөнүндө" Жарлыгы; - Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучунун
2005-жылдын 24-майындагы № 189 "Кыргыз Республикасынын Президентининкээ бир чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө"Жарлыгындагы: 1-пункттун үчүнчү абзацы; 1-пункттун төртүнчү абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Президен-тинин түштүк региону боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы" дегенсөздөр; 1-пункттун алтынчы-тогузунчу, он биринчи абзацтары; 1-пункттун онунчу абзацынын экинчи-алтынчы саптары; 2-пункттун үчүнчү абзацы; 2-пункттун бешинчи-он бешинчи абзацтары; 3-пункт. 4. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы ушул Жар-лыктан келип чыккан маселелерди, анын ичинде Кыргыз РеспубликасынынПрезидентинин Кыргыз Республикасынын түштүк региону боюнча ыйгарымукуктуу өкүлүнүн кызмат ордунун жоюлгандыгына байланыштуу бошогон кыз-маткерлерди ишке орноштуруу боюнча маселени белгиленген тартипте чеч-син. 5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана башка маселелерди чеч-син; - өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин. 6. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн. 7. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев