Сравнение редакций…
КР Президентинин
2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2005-жылдын 29-декабры ПЖ № 655
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо
кызматынын маселелери жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин
2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын,
2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223, 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573
Жарлыгынын редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын торолушун
жана иштешин натыйжалуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы жөнүндө
тиркелген Жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин алдында иштей тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрында-
гы N 352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган киреше-
лерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө"
Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун экинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
түзүмүнө кирбеген," деген сөздөр алып салынсын.
4.КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына
ылайык күчүн жоготту)
5.(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августун-
дагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-
тинин Иш башкармасынын катышуусу менен бир айлык мөөнөттө Кыргыз Рес-
публикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын торолушун жана иштешип на-
тыйжалуу тамсыз кылууга багытталган бардык уюштуруу жана финансылык ма-
селелерди чечсин.
7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-
публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев