Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

                   КР Президентинин

      2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ № 58 Жарлыгына ылайык

                     КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2005-жылдын 29-декабры ПЖ № 655

 

             КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

              Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо

                     кызматынын маселелери жөнүндө

 

                 (Кыргыз Республикасынын Президентинин

            2007-жылдын 27-августундагы ПЖ № 385 Жарлыгынын,

   2008-жылдын 19-июнундагы ПЖ № 223, 2009-жылдын 14-декабрындагы № 573

Жарлыгынын редакцияларына ылайык)

 

     Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо  кызматынын  торолушун

жана иштешин натыйжалуу камсыз кылуу максатында токтом кылам:

     1. Кыргыз Республикасынын  Финансылык  чалгындоо  кызматы  жөнүндө

тиркелген Жобо бекитилсин.

     2. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо кызматы Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин алдында иштей тургандыгы белгиленсин.

     3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрында-

гы N 352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган киреше-

лерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу  орган  жөнүндө"

Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

     2-пункттун экинчи абзацындагы  "Кыргыз  Республикасынын  Өкмөтүнүн

түзүмүнө кирбеген," деген сөздөр алып салынсын.

     4.КР Президентинин 2009-жылдын 14-декабрындагы ПЖ № 573 Жарлыгына

 ылайык күчүн жоготту)

     5.(Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 27-августун-

дагы ПЖ № 385 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

     6. Кыргыз  Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Президен-

тинин Иш башкармасынын катышуусу менен бир айлык мөөнөттө  Кыргыз  Рес-

публикасынын Финансылык чалгындоо кызматынын торолушун жана иштешип на-

тыйжалуу тамсыз кылууга багытталган бардык уюштуруу жана финансылык ма-

селелерди чечсин.

     7. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Рес-

публикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.

     8. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

     Кыргыз Республикасынын Президенти               К.Бакиев