Загрузка документа…
УЗУН-КЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-декабры № 68/XI-27
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетине өзгөртүү киргизүү
жөнүндө
Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Г.К.Жумаканованын “Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын башталышына бош калган акча каражаты жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 369чу 01.06.2015-жылдагы токтомунун негизинде “Социалдык тармакта иштеген кенже жана техникалык жактан тейлөөчү кызматкерлердин эмгек акысын жеткиликтүү денгээлге которуу чаралары” боюнча Узун-Кыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдын башталышына бош калган каражатынан жалпы суммасы – 13,2 миң сом өлчөмундөгү акча каражаты төмөнкү бөлүмгө жана статьяларга бөлуп берүү бекитилсин.
70823 болуму Клуб –статья 2111 – 10,2
статья 2121-3,0
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө – Узун-Кыр айылдык кеңешинин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ж.А. Малабаев |
|