Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 30-мартындагы № 184
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-июну № 369
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомунун редакциясына ылайык)
Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөө системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-апрелиндеги № 170 "Калкты социалдык коргоо системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын эмгегине акы төлөөнүн шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- бүткүл тексти боюнча "үй-интернаттардын", "үй-интернаттарынын" деген сөздөр тиешелүү түрдө "социалдык стационардык мекемелердин" жана "социалдык стационардык мекемелеринин" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
- жогоруда аталган токтомдун 3-7-тиркемелеринде:
аталыштарында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөдөгү "үй-интернаттар" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдө "социалдык стационардык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
"1-тиркеме
Улгайган жарандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемелердин, балдардын, чоң кишилердин психоневрологиялык социалдык стационардык мекемелеринин, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн үй-бүлө тибиндеги балдар үйлөрүнүн, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык кызмат көрсөтүүчү борборлорунун кызматкерлеринин БАЗАЛЫК МАЯНАЛАРЫ
№ | Кызмат орундарынын аталыштары | Базалык маяналар (сом) | |||
Тейленүүчүлөрдүн саны | |||||
50 адамга чейин | 50дөн 100 адамга чейин | 100дөн 200 адамга чейин | 200 адамдан ашык | ||
1 | Жетекчилер (директор) | 7950 | 8400 | 8850 | 9450 |
2 | Директордун орун басары | 6000 | 6450 | 6900 | 7500 |
3 | Башкы бухгалтер | 6000 | 6450 | 6900 | 7500 |
3.1 | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялоо борборлорунун, оор турмуштук кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жана балдарга социалдык жардам берүү борборлорунун бөлүмчөсүнүн башчысы | 8250 | 8250 | 8250 | 8250 |
3.2 | Юрист | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
3.3 | Социалдык иш боюнча адис | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
4 | Врачтык персонал | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
4.1 | Педагогикалык персонал | 7500 | 7500 | 7500 | 7500 |
5 | Орто медициналык персонал | 6450 | 6450 | 6450 | 6450 |
6 | Башка персонал(*) (администрациялык-башкаруучу) | 5100 | 5550 | 6000 | 6450 |
Эскертүү:
Квалификациялык категория үчүн үстөк акы төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
- жогорку квалификациялык категория - 50 пайыз:
- I квалификациялык категория - 30 пайыз;
- II квалификациялык категория - 10 пайыз;
(*) Башка персоналга төмөнкүлөр кирет: бухгалтер, чарба башчысы, кампа башчысы, китепканачы, эмгек боюнча инструктор, кадрлар бөлүмүнүн улук инструктору.
2-тиркеме
"1-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген техникалык тейлөөчү персоналдын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3-тиркеме
"2-тиркеме
Социалдык чөйрөдө иштеген кенже тейлөөчү персоналдын КЫЗМАТТЫК МАЯНАЛАРЫ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-июлундагы № 480 токтомуна ылайык күчүн жоготту)