Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 132/XXIII-27
Ысык-Ата айыл аймагынын Жогорку Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 308-7,7га, № 391-1,4га, № 363-8,1га, № 361-2,3га, № 359-3га жер тилкелеринин ген.планын бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагынын Жогорку Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 308-7,7га,№ 391-1,4га,№ 363-8,1га,№ 361-2,3га,№ 359-3га жер тилкелеринин ген.планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап, талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы “калктуу конуштардын аймагын кенейтүү үчүн жер берүү жѳнүндѳгү” № 612 токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорку Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 308-7,7га,№ 391-1,4га, № 363-8,1га, № 361-2,3га, № 359-3га жер тилкелеринин ген.планы бекитилсин.
2. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |