Редакцияот 14.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

Ысык-Ата айылдык Кеңешинин  27-чакырылган кезексиз XXIII (жыйырма үчүнчү) сессиясы

 

2019-жылдын  14-майы  № 133/XXIII-27

 

Ысык-Ата айыл аймагынын  Горная-Серафимовка айылында жайгашкан Ш. Джумагулов кѳчѳсүнүн ген.планын бекитүү жөнүндө

 

Ысык-Ата айыл аймагынын Горная-Серафимовка айылынын №615,№616 контурда  жайгашкан жалпы аянты 4,6га болгон, Ш. Джумагулов кѳчѳсүнүн   ген.планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап,талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы “калктуу конуштардын аймагын кенейтүү үчүн жер берүү жѳнүндѳгү” № 612 токтомунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Горная-Серафимовка айылынын № 615, № 616 контурда  жайгашкан жалпы аянты 4,6га болгон Ш. Джумагулов кѳчѳсүнүн  ген.планы бекитилсин.          

2.  Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.

3.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

    Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

Төрага

Т. Чолпонбаев