Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 14-майы № 134/XXIII-27
Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 342-9га жер тилкелеринин ген.планын бекитүү жөнүндө
Ысык-Ата айыл аймагынын Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 342-9га жер тилкелеринин ген.планын бекитүү жөнүндөгү маселени карап,талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн 2007-жылдын 21-декабрындагы “калктуу конуштардын аймагын кеӊейтүү үчүн жер берүү жѳнүндѳгү” № 612 токтомунун негизинде, Ысык-Ата айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ичке-Суу айылында жайгашкан контур № 342-9га жер тилкелеринин ген.планы бекитилсин.
2. Ысык-Ата райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан ген.планды макулдашуу жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ысык-Ата айылдык Кеӊешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Төрага | Т. Чолпонбаев |