Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыш кезектеги ХIX сессия
2019-жылдын 26-декабры № 1
Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттарды жактыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндөгү Жобону жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча нускаманы бекитүү тууралуу” № 230 токтомун негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 17.12.2019-ж. чыг.№ 04-01/3449 катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, комиссиянын корутундусун эске алуу менен депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын тизмеси № 1-тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылга карата республикалык бюджеттен каржылануучу үлүштүк (дем берүүчү) гранттын жергиликтүү бюджеттен 30% үлүшү 13 311 343,5 сом өлчөмүндө жактырылсын жана 2020-жылга түзүлгөн жергиликтүү бюджеттин долбооруна киргизүү жагы Жалал-Абад шаарынын аткаруу бийлигине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун 1-тиркемеси менен бекитилген долбоорлорду Жалал-Абад шаарынын Өнүгүү стратегиясына кошумча катары киргизүүгө макулдук берилсин, аткаруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялагандан тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары | М. Тургунбаев |
Жалал-Абад шаардык кеңешинин 2019-жылдын
26-декабрындагы XIX сессиясынын
1-токтомуна 1-тиркеме
Жалал-Абад шаары боюнча 2020-жылы республикалык бюджеттен үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоорлордун тизмеси
| Мекеме ишканалардын аталышы | Долбоорлордун аталышы | Каржылоонун көлөмү (сом) | ||
Республика лык бюджет | Жергиликтүү бюджет | Муктаждык | |||
1 | №7 "Малышка"ББ | МЧББУнун имаратынын чатырын жаңылоо | 805752 | 345322 | 1151074 |
2 | №11 "Байчечекей" ББ | Сырткы ички канализациясын оңдоо | 572826 | 245497 | 818323 |
3 | №36 "Ласточка" ББ | МЧББУнун имаратынын ички сырткы канализация түүктөрүн жаңылоо жана ички сырткы эшик терезелерди жаңылоо | 1866713 | 800020 | 2666733 |
4 | №4 "Алтын Балалык" ББ | МЧББУнун имаратына жылытуучу системаны орнотуу | 248186 | 106366 | 354552 |
5 | №15 "Рябинушка" ББ | МЧББУнун имаратынын чатырын жаңылоо жана эшик терезелерин алмаштыруу | 2097103 | 898759 | 2995862 |
6 | №19 "Конгуроочо" ББ | Короонун эскилиги жеткен темир зым тосмолорун жаңы тосмого алмаштыруу | 1315821,5 | 563923,5 | 1879745 |
7 | №5 "Чолпон" ББ | Ички сырткы капиталдык ремонт, эшик терезелерди металопластик терезелерине алмаштыруу | 2593031 | 1111299 | 3704330 |
8 | №10 "Барчын" ББ | Эскилиги жеткен тосмону жаны тосмого алмаштыруу, ваннаны капиталдык ремонт кылуу | 1403555 | 601523 | 2005078 |
9 | Репродуктивдик борбор | Эски төрөт үйүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү (фасад) | 2312298,1 | 990984,9 | 3303283 |
10 | "Жеңиш" эс алуу багы | Тосмолорун, отургучтарын, дарбазаларын жаңылоо жана коомдук ажааткана куруу | 2350469,1 | 1007343,9 | 3357813 |
11 | №9 Р.Санатбаев МГ | Терезелерди пластикке ал эми эшиктерин жыгач эшикке алмаштыруу | 1651680 | 707862 | 2359542 |
12 | №21 Ж.Болотов ОМ | Терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу | 2079149 | 891064 | 2970213 |
13 | №8 ОМ | Терезелерин пластик терезелерге алмаштыруу | 2091581 | 896391 | 2987972 |
14 | Т.Тайгараев АБ | Имараттын ичин оңдоп түзөө | 663673,5 | 284431,5 | 948105 |
15 | №5 ҮДБ | Имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү (фасад) | 1450429 | 621613 | 2072042 |
16 | Парк "Токтогул" | Паркты жакшыртуу, көрктөндүрүү | 444544 | 190519 | 635063 |
17 | №17 "Каакым" ББ | Капитальный ремонт беседки | 1688920,8 | 723823,2 | 2412744 |
18 | №4 МГ | Капитальный ремонт фасада | 2103007 | 901288 | 3004295 |
19 | ДОО №33 Бермет | Капитальный ремонт здании | 1943413,5 | 832891,5 | 2776305 |
20 | №10 Т.Кошматов МГ | Терезелерин пластик терезелерине алмаштыруу | 1377651 | 590422 | 1912613 |
| Баары:- | 31059803,5 | 13311343,5 | 44315687 | |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин
жооптуу катчысы Б. Беркбаева