Загрузка документа…
КР Президентинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги ПЖ № 95 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2010-жылдын 19-февралы ПЖ №58
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 42- жана 46-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобо;
- Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу схемасы.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы:
- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин;
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 8-сентябрындагы №352 "Терроризмди финансылоого, кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди "адалдоого" каршы күрөшүү боюнча ыйгарым укуктуу орган жөнүндө" Жарлыгынын 2-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 29-декабрындагы №655 "Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндөгү" Жарлыгы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 26-июнундагы №245 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-сентябрындагы №178 буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 4-июлундагы №152 буйругу.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
К. Бакиев |
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 19-февралындагы ПЖ №58 жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
┌───────────────────────────────────────┐
│ Кыргыз Республикасынын Финансылык │
│ чалгындоо мамлекеттик кызматы │
└───────────────────┬───────────────────┘
│
┌─────────────────┐ ┌──────────┴──────────┐ ┌────────────────┐
│ Коллегия │ │ Жетекчилик │ │Эксперттик кеңеш│
│ ├─────┤(төрага, статс-катчы,├────┤ │
└─────────────────┘ │ орун басар) │ └────────────────┘
└──────────┬──────────┘
│
┌──────────┴──────────┐
│ Борбордук аппарат │
└─────────────────────┘