Загрузка документа…
ЫСЫК-АТА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 29-январы № 113/ XXI–27
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2018-жылдык бюджетинин аткарылышы жана Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн бюджетин жана штаттык бирдиктерин бекитүү жана 2020-2021-жылдардын бюджетинин божомол долбоорун бекитүү жөнүндө
Кезектеги меселе боюнча айылдык Кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын башчысы Тойкеев М. билдирет:
2018-жылдын бюджеттик эсеп счетунан калган калдык 1475,8 сомду түздү, атайын эсеп счетунан калган калдык 41,6 миң сом 1С программасын киргизүүгө каралсын. Айыл өкмөтүнүн 2019-жылга түзүлгөн бюджеттин проектиси бардык кирешеси 8334,9 миң сом, анын ичинде бюджеттик эсеп кирешеси 5505,5 м.с. түздү, атайын эсеп кирешеси 80,0 миң сом, тегиздөөчү грант 2829,4 миң сомду түзөт.
Айыл өкмөтүнүн аппараты | 3969,5 |
Коомдук тартип | 41,8 |
Жайыт комитети | 50 |
ТЖКЧ (ЖКХ) | 1675,9 |
Маданият | 836,2 |
Китепкана | 361,6 |
Клуб | 474,6 |
Социалдык коргоо | 100 |
Билим берүү | 1581,5 |
Анын ичинен: |
|
Тегиздөөчү грант | 2829,4 |
Өздүк киреше | 5505,5 |
Атайын эсеп боюнча | 80,0 |
Баардыгы | 8334,9 |
Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн калкынын саны 5683 адамды түзөт, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.08.2011ж.№ 451 токтомунун негизинде 2019 жылдын бюджетинин долбоорун карап талкуулап чыгып, Ысык-Ата айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн 2019-жылга бардык бөлүмдөрү боюнча түзүлгөн бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү 8334,9 миң сом, чыгаша бөлүгү 8334,9миң сомго бекитилсин.
2. 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы 8334,9 миң сомго бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 08.07.2013-ж. № 403 “Айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү жөнүндөгү” токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн аппараты: Башкы адис-3 (үч), айыл башчы 6(алты), жетектөөчү адис- 2 (эки), адис-2 бирдиктери бекитилсин.
4. Маданият тармагындагы китепканалар, клубдар жана тейлөө тармагынын 2019-жылга бардык бөлүмдөрү боюнча штаттык бирдиктери бекитилсин.
5. Социалдык тармакта иштеген кенже техникалык тейлөөчү жумушчулардын кызмат орундарынын айлык акыларынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-августундагы № 489 токтомунун негизинде ЖКХ бөлүмүнүн штаты бекитилсин:
- кассир 1 бирдик
- сантехник адиси 1 бирдик
- электрик адиси 1 бирдик
- Аксакалдар сотунун төрагасына 1 бирдик
- жууп тазалоочу (уборщица) 1 бирдик
- шыпырып тазалоочу(дворник) 1 бирдик
- Архивист 1 бирдик
6. 2018-жылдан калган бюджеттик эсеп боюнча калдык 1475,8мин сом төмөнкүлөргө жумшалсын:
• 10,0 (он миң) сом айыл өкмөтүнүн кассасынын калдыгы болуп эсептелсин.
• 50,0 (элүү миң) сом акча каражаты Үч-Эмчек айылынын Жакишев атындагы орто мектебине кошумча көмүр сатып алууга жумшалсын.
• 70,0 (жетимиш миң) сом акча каражаты аппарат кызматкерлерине компьютер сатып алууга каралсын.
• 311,5 (үч жүз он бир миң беш жүз)сом акча каражаты ОсОО “ДОС-ИМУРАТ-КУРУЛУШ”компаниясына 20.12.2018ж түзүлгөн келишимдин негизинде 70% акча каражатын төлөп берүүгө каралсын
• 96,0(токсон алты мин)сом акча каражаты ОсОО “НУР-СТРОЙ-ГРУПП” компаниясына 01.08.2018ж түзүлгөн келишимдин негизинде 30% акча каражатын төлөп берүүгө каралсын
• 15,0 (он беш миң)сом акча каражаты Тогуз-Булак айылында жайгашкан айыл өкмөтүнүн таразасы боюнча иш сотто болгондуктан, адвокат жалдоого жумшалсын
• 352,0 (үч жуз элүү эки миң) сом акча каражаты Алмалуу айылынын мектебинин ашканасын оңдоого жумшалсын.
• 182,8 (жүз сексен эки миң сегиз жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине бир айлык өлчөмдөгү премия берүүгө каралсын
• 31,6 (отуз бир миң алты жүз) сом акча каражаты Социалдык фондко төлөөгө каралсын
• 356,9 (үч жүз элүү алты миң тогуз жүз) сом акча каражаты электрэнергияга төлөөгө каралсын
9. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу агентигинин 15.01.2009-ж.04-24/4-1 буйругунун негизинде Ысык-Ата айылдык Кеңешинин төрагасынын бир жолку төлөмү 8,5 м.с. бекитилсин.
10. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга 8334,9 миң сом, 2020-жылга 8581,7 миң сом 2021 жылга 9046,1 миң.сом божомол планын (прогноз) бекитүүгө макулдук берилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
2019-жылга түзүлгөн сметалары жана штаттык бирдиктердин тизмелери тиркелет.
Төрага | Т. Чолпонбаев |